Даразилер


Даразилер жаңылыштык менен "дурузи” деп аталууда. Мухаммед Амин ибн Абидин хазирети "Радд-ул-мухтар” китебинин үчүнчү томунда муртаддар тууралуу мындай дейт: "Даразилер мусулман ысымын алышты. Намаз окугандары да бар. Бирок, ыймандары жаңылыш. Танасухка (реанкарнация, рухтун адамдан адамга көчүп жүрүүсүнө) ишенишет. Арак жана зинакорлукту адал деп эсептешет. Теңирлик сыпаттар адамдан адамга өтөт деп айтышат. Өлгөндөн кийин тирилүүгө, намазга, орозого, ажылыкка ишенишпейт. "Алардын мааниси – дүйнөдөгү жашоону иреттөө”, - деп ишенишет. Пайгамбарыбызга жарашпай турган сөздөрдү айтышат. Шам муфтийи Абдуррахман "Имади фатавасында” аларды мулхиддер жана Исмаилиддер сыяктуу ишене тургандыктары тууралуу кабар берилген. Төрт мазхабдын аалымдары: "Алардан жизйа27 алып, Ислам мамлекеттеринде турууларына уруксат берүү адал болбойт. Алардан кыз алуу, сойгон жандууларынын этин жеген – жаиз эмес (болбойт)”, - дешет. "Фатаваи хайрийа” китебинде алар тууралуу кеңири маалымат берилген. Алар "зындык”, "мулхид”, "мунафык” деп аталат. Ишенимдери жаңылыш болгондуктан шахадат калимасын айтканы менен мусулман болушпайт. Ислам динине кайчы келген ишенимдеринен кайтмайынча мусулман болбойт. Алар китептүү жана китепсиз капырлардан да өткөн зыяндуу”.

Бул мулхиддер (динсиздер) "Аллах Алинин жана анын урпактарынын сүрөтүндө көрүндү”, - дешет. Он биринчи Имам Хасан бин Али-Аскаринин адамы деп эсептелген Ибни Нусайрдын ойлоп тапкан жаман сөздөрүнө ишенишет. Сириядагы даразилердин өздөрүн "алеви” деп эсептей тургандыгы "Мунжид” китебинде жазылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш