Мухаммед Абдух


Соңку кылымда бир топ адамдын туура жолдон чыгуусуна себеп болгон, адашкан дин адамдарынын бири Мухаммед Абдух деген масон киши.

Мухаммед Абдух х.1265-жылы (м.1849) Мысырда туулуп, х.1323-жылы (м.1905) ошол жерде өлгөн. Ошол кезде Мысырда чыгып жаткан "Вакаи-ул-Мысрийа” гезитинде, "ал-Манар” журналында жана "ал-Ахрам” гезитинде жарыялаган макалалары анын ката пикирлерин көрсөтүп турат. Бир аз убакыт Бейрутта да бир топ иш-чараларды ишке ашырган. Ахли сүннөт аалымдары анын бузук ниетин түшүнүп калышкандан кийин абройу түшүп, Парижге кетип калат. Ошол жерде Исламга каршы масондук пландарын ишке ашырууга даярданып жаткан Жамалиддин Афганинин иштерине кошулган. Аны менен бирге "ал-Урвет-ул-вуска” журналын чыгарган. Кийин Бейрут жана Мысырга кайтып келип, Парижде кабылданган чечимдерди жүзөгө ашыруу максатында жаштарды өзүнө тарта баштаган. Хидив Тавфик паша өкмөтү анын сабактарынын жана жазууларынын зыяндуу экенин түшүнүп, аны сот кызматтарында колдонду. Бирок, ал жазган бардык эмгектеринде Исламды кулатууга, масондук пландарын ишке ашырууга аракет кылган. Масондордун көмөгү менен Кирде муфтий болгон. Ахли сүннөткө каршы баш көтөрө баштаган. Алгачкы жумушу катары Жамиул-азхар медресесинин окуу программасын бузууга, жаштарга баалуу маалыматтардын окутулуусуна тоскол болууга аракет кылган.  Медреселерден университ программалары алынып ташталган. Лицей жана орто мектептин китептери жогору класстарда окутулган. Масондор андан мурда Осмондуктарга да ушундай кылышкан эле. Масон Мустафа Рашид пашанын буйругу менен медреселерден жаратылыш таануу илимдери алынып ташталып, диний сабактар да жогорку даражадагы илимдерден куру калтырылган (ажыраган). (Шотландия жана Париж масондору Ислам дүйнөсүнүн бардык жерлеринде ошол ыкманы колдонуу аркылуу мусулмандардын артта калуусуна себеп болушкан). Анткени, Ислам дини илимге негизделет. Илим жок болсо, чыныгы аалымдар калбаса, Ислам бузулат. Булут жокто жамгыр күтүү мужиза суроо менен барабар. Аллаху тааланын аны берүүсү мүмкүн. Бирок, Аллахтын адаты андай эмес. Ислам аалымы жетилип чыгуусу үчүн Ислам илимдеринин бүт тарапка жайылган болуусу керек.

Бейруттагы масон ложасынын башчысы Ханна Аби Рашид х.1381-жылы (м.1961) жарыялаган "Даира-тул маариф-ул-масонийа” китебинин 197-бетинде: "Жамалиддин Афгани Мысырда масон ложасынын башчысы эле. Аалымдар менен мамлекеттик ишмерлерден турган үч жүзгө жакын мүчөсү бар эле. Андан кийин имам устат Мухаммед Абдух башчы болду. Абдух чоң масон эле. Анын масондук рухту араб элдерине жайгандыгын эч ким четке кагалбайт”, - делинген.

Мухаммед Абдухтун кылган реформаларын көрүп аны Ислам аалымы деп эсептегендер аз эмес. Ахли сүннөт аалымдары анын жазгандарына керектүү жоопторду жазышкан жана анын Исламды жамынган кара ниетин ашкерелешкен. Ката пикирлерин төмөндөгүдөй көрсөтүүгө болот:

Ал акыл менен динди бөлөк нерселер деп эсептеп: "Аларды алгачкы жолу бириктире турган мен болом”, - деп айткан.

Өзүнөн мурдагы Ислам аалымдарынын логика, математика, тарых, география илимдерин окубагандыгын айтып, табият таануу илимдерин окуунун күнөө деп эсептешкенин, аларды Исламга өзү киргизе тургандыгын билдирген. Ошол илимдердин кылымдардан бери бардык медреселерде окутулгандыгын, бул тармактарда миңдеген китеп жазылганын моюнга албайт. Ошентип, ахли сүннөт китептерин окутууну токтотуп, Ислам душмандарынын "философия” деген ат менен жазган динсиздикке багытталган үгүт-насияттарын Ислам мамлекеттерине жаюуга аракет кылган. Ошол душмандык үгүттөргө каршы болгон Жамиул-азхар профессорлоруна илимдин, табият таануу менен логиканын душманы, эскичил деп жалаа жапкан.

Өзүнөн мурда келген миңдеген Ислам аалымдарынын динге, Исламга катышы жок нерселерди киргизгендигин, аят менен хадистерди түшүнүүдө каталашкандыгын айтып, аларды түзөтүү менен алектенүүдө экенин билдирген.

"Исламият жана насраният” аттуу китебинде: "Бардык диндер бирдей. Сырткы көрүнүштөрү гана башка”, - деп, яхуди, христиан жана мусулмандардын бири-бирин колдоолорун каалайт. Лондондо бир попко жазган катында: "Ислам жана христиандык сыяктуу эки чоң диндин биригүүсүн күтөмүн. Ошол кезде Тоорат, Инжил жана Куран бири-бирин колдоочу китептер катары бардык жерде окулат. Бүт элдер тарабынан урмат сыйга ээ болот”, - дейт. Христиан динин хак (чыныгы) дин деп эсептеп, мусулмандардын Тоорат менен Инжилди (Библия) окуй турган заманды күтүүдө.

"Мусулмандар туура жолдон тайып, азыркы абалга түшкөн. Дин илим менен биригет. Ошол кезде Аллах нурун толуктаган болот”, - дейт. Анын пикири боюнча Аллаху таала нурун Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) заманында толуктап бүтүргөн эмес имиш. Ислам аалымдары да илимден узак калышкан имиш.

"Исламият жана насраният” китебинде: "Исламга эскичилдер "Бир адамдан жүз жактан капыр экендиги, бир жактан да ыймандуу экенин билдирген бир сөз чыкса, ал адам ыймандуу деп эсептелет” деген эреже киргизилиптир. Каалаган бир философтун, пикир адамынын жүз жактан капыр экенин көрсөткөн сөз айтып туруп, бир жактан ыйманын көрсөтө турган сөз айта албай тургандыгын ойлоо акмактык эмеспи. Ошондуктан, ар бир адамды ыймандуу деп эсептөө керек. Исламда "зындык” (динсиз) деген сөз жок. Бул сөз кийин Исламга киргизилген”, - деп жазат. "Куфуру ачыкча белгилүү болбогон бир мусулмандын сөзүндөгү бир ыйман аны капыр болуудан куткарат” деген эрежени жаңылыш түшүндүрүп, бүткүл капырларды, философторду ыймандуу деп айтат. Өзү дагы зындык болгондуктан бул сөздүн айтылуусун каалабай жатат. "Кунуз-уд-дакаик” китебинде жана Дайламиде жазылган: "Үммөтүмдүн арасынан зындыктар (өздөрүн мусулман деп таанытуучу динсиздер) көбөйөт” деген хадисин кабылдабайт.

"Зилзал” сүрөсүндөгү " Кыпындай гана болсо да  жакшы иш кылган адам анын кайтарымын, албетте, көрөт” деген аятка тафсир жазган кезде; "Мусулман болсун, капыр болсун, кайырдуу-салих иш кылган адамдардын баардыгы Бейишке кирет”, - дейт. Анын эң сабатсыз, эң жахил (сабатсыз) адамдар да күлө турган ушул акмак пикирин анын жолундагы маңкурттар да кабылдашпаган. Алардын ичинен абдухчу Сеййид Кутб "Ниса” сүрөсүнүн 124-аятына тафсир кылган кезде Абдухтун аяттарга кайчы көз карашта болгондугун айтууга аргасыз болгон. Ооба, Абдухка Парижде жуткузулган масондук апийиминин дозасынын көп болгону ушунчалык эле, акылы менен түшүнүгү аяттардын арасындагы байланыштарды көрө албай турган даражада башаламан эле.

"Аср” сүрөсүнүн тафсиринде: "Ыйман – акыл менен виждан (уят, ынсап) жете албай турган нерселерге таклид (айтылганды ээрчип) менен ишенүү эмес, ата-энеден бир нече сөздөрдү жаттап алып айтуу ыйман болбойт. Ислам таклидке, тууроочулукка каршы. Мурунтан бери келе жаткандар маанилүү болуп эсептелбейт, бардык нерсе акыл менен чечилет”, - деп айтат. "Таухид” рисаласында болсо: "Динде болгон нерсени акыл түшүнө албаса да, ага ишенүү керек”, - деп, өз сөзүнө каршы пикир айтууда.

Мысырда "Хилал” басмасынын ээси жана "Маданийати Исламия” тарыхынын автору Журжи Зейдан Абдух тууралуу: "Ал эски аалымдардын сөздөрүнө моюн сунбады, алар белгиленген эрежелерге маани бербеди”, - дейт.

"Фатиха” сүрөсүнүн тафсиринде: "Курани карим ошол кезде жашаган адамдарга карата сөз айткан. Бирок, алар артыкчылыктуу болгондуктары үчүн эмес, алар да адам болгондуктан айткан”, - деп, сахабалардын (радиаллаху анхум) ээ болгон артыкчылыктарын билдирген хадиси шарифтерди жокко чыгарууда.

"Күнөөкөрлөрдүн амал дептери сижжинде” деген аятты өзү тафсир кылууга аракет кылып: "Кээ бир адамдардын китебинен "Сенжум” сөзү Хабаш (эфиоп) тилинде "балчык” деген маанини билдире тургандыгын окудум. Бул сөз хабаштардан Йеменге келген болушу мүмкүн. Аяттын мааниси: "Күнөөкөрлөрдүн иштери балчык сыяктуу” дегенди билдирет”, - дейт. Расулуллахтын, сахабалардын тафсирлерин жактырбай, аяттарга өзүнчө туш келген жана оюна келген маанилерди берүүдө.

"Фил” сүрөсүнүн тафсиринде: "Абабил куштары чымын-чиркей болушу мүмкүн. Аскерлер чечек жана кызамыктан өлгөн болушу мүмкүн”, - дейт. Кызык, эгер жүз жылдан кийин келе турган болгондо бул аяттан эмне деп маани чыгармак? Бирок, булардын маанисин Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) ачык айкын түшүндүрүп берген. Тафсир аалымдары ошол маанилерди таап китептерине жазып калтырышкан.

"Ваннас” сүрөсүнүн тафсиринде: "Ар адамдын ичинде бир шайтан бар. Бирок, бул – адамдын ичинде жаман каалоолорду пайда кылуучу кубат дегенди билдирет. Жинге окшош таасир”, - деп жазат.

Ислам аалымдарынын китептеринен, илимдеринен кабарсыз болгон бул шордуу адам  "акылга, билимге, табият таануу илимдерине багынуу керек” деген идея менен чыгып, мазхаб имамдарына моюн сунууну кабылдабайт. Бардык дин илимдерин доорунун жаңыдан ачылган жаңылыктарына, философтордун ошол кездеги түшүнүктөрүнө ылайыкташтырууга аракет кылууда. Ислам аалымдарынын китептерин окууну каалабаганы, табият таануу илимдерин да окубагандыгы үчүн, кыска ой жүгүртүүсүнө жана уккандарына таянып дин китептерин жазган. Ошол жазгандарын дин илими деп жайган. Бул аракеттери калам, фикх жана тасаввуф илимдеринен кабарсыз экенин, мусулмандыктын даамын татпаганын көрсөтөт. Ислам аалымдарынын улуулугун аз болсо да билгенде, напсинин каалоолорунан кутулуп, материя менен рухтун акыйкатын түшүнгөн болгондо, мындай адашмак эмес.

Мухамммед Абдух яхудиликтен келген Али Муртазанын тууганы Радинин "Нахж-ул-балага” аттуу китебине шарх (түшүндүрмө) жазган. Мусулмандардын бөлүнүүсүнө себеп болгон бул китепке мурда Ибн Абил Хадид Абдулхамид Мадаини менен Мейсум Бахрани деген эки шиит түшүндүрмөлөрдү жазышкан эле. Абдухтун түшүндүрмөсү х.1301-жылы (м.1885) Бейрутта басылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш