Таблиги жамаат


"Таблиг-и жамаат” деген ат менен Ислам мамлекеттерин кыдырып, мусулмандарга вааз-насыят айтып жургөн адамдар кездешип жатат. Алар Индиядан, Пакистандан үч-төрт адамдан турган топтор менен чыгышып, дүйнөнүн ар түпкүрүнө барышат. Исламды жаюуга аракет кылып жатышкандыгын айтышат. Өздөрүн сахабалардын жолундабыз деп таанытышат. Ханафи мазхабында экендиктерин, кээде Ибни Таймийаны жакшы көргөндүктөрүн айткандары да кездешет. Өтө пайдалуу жана туура сүйлөшкөнү менен, алардын Ислам аалымдарын жана алардын сөздөрүн ооздоруна албай жаткандыгы, ахли сүннөт маселелеринин бир бөлүгүн жашыруулары күмөн пайда кылып жаткандыктан, Индия менен Пакистандагы кээ бир аалымдар алардын туура жолдон тайгандыктары тууралуу жазышкан.

Алар өздөрүн "жамаат-ут-таблиг” деп аташат. Борбору Делиде, Пакистандын Карачи жана Лахор шаарларында да чоң бөлүмдөрү бар. Барган жерлеринде намаз окуу маселесине аябай көңүл бурушат. Пайдалуу, кажеттүү маалыматтарды айтышат. Алардын уюмун негиздеген – Мавлана Мухаммед Илияс деген Индиялык киши. Ал Рашид Ахмед Кенкухинин шакирти болгон. Анын жанында он жыл болгондугу тууралуу "Мавлана Илияс уранки дини дават” деген китебинин 43, 49-беттеринде жазылган. Бул китепти Мавлана Илиястын жакын шакирттеринин бири жазган. Рашид Ахмед х.1323-жылы (м.1905) кайтыш болгондон кийин Халил Ахмед Сахаранпуриден сабак алган. Халил Ахмед х.1346-жылы (м.1928) Мединада өлгөн. Урду тилинде жазган китебинде Иблистин (шайтандын) Расулуллахтан (саллаллаху алейхи васаллам) да илимдүү экендигин жазат. Ал эми, Рашид Ахмед болсо, "Барахин-и катиа” деген китебинин 51-бетинде Халил Ахмеддин бул китебин "ыйык китеп” деп атаган жана аны байти айни Ислам деген жерде сактаган. Рашид Ахмед Хажы Имдадуллах Меданинин халифасы эле. Хажы Имдадуллах х.1317-жылы (м.1899) Меккеде өлдү. Рашид Ахмед алгач Исмаил Дехлевиден сабак алган. Бул Исмаил ваххабиликтин куруучусу Мухаммед бин Абдулваххабдын "Китаб-ут-таухид” аттуу китебин урду тилине которуп, аны "Таквиат-ул-иман” деп атаган. Ушул китебинин 38-бетинде: "Расулуллах (алейхиссалам) өлдү, чирип топуракка айланды. Расулуллахтын кыяматта шапаат кыла тургандыгына ишенген адам капыр болот, мушрик болот”, - деп жазган. Мавлана Илиястын дагы бир устазы – Ашраф Али Таханави. Ал – Чаштийа тарикатынын өкүлү Хажы Имдадуллахтын халифасы болуп эсептелет. Урду тилинде жазган "Бехишти Зивар” деп аталган китебинде Расулуллахтын улуулугун жана анын пайгамбардыгын жаш бала, жинди жана айбан даражасына түшүрүп сыпаттаган жаман нерселерди жазган. Таблиги жамаатты курган Мавлана Илиястын аталган төрт устазы да өз китептериндеги ушул сыяктуу сөздөр менен мусулмандарды таң калтырган. Ал эми Мавлана Илияс болсо аларды мактап, ашыкча урмат көрсөткөн. Аларды "өз доорунун олуялары, кутубдары” деп айткан. "Малфузат-и хазрат-и Мавлана Илияс рахметуллахи алейх” деген китебинин 114-бети ушундай мактоолорго толгон. Устазы Рашид Ахмед тууралуу: "Эгер аны көрбөгөндө жүрөгүм ыйманга толмок эмес. Түнү ойгонуп кетсем анын бөлмөсүнө барып, анын жүзүн карап, кайра келип уктачу элем. Ага болгон сүйүүм тамырымдагы кан сыяктуу бүт дене-боюма тараган эле”, - дейт. Бул сөздөрү "Мавлана Илияс уранки” китебинин 44, 49-беттеринде жазылган. "Мужадала” сүрөсүнүн акыркы аятында: "Аллаху таалага жана кыямат күнүнө  ыйман келтиргендер Аллахка жана Расулуна моюн сунбагандарды (ыймансыздарды) сүйүшпөйт. Атасы, баласы, бир тууганы болсо да капырларды сүйбөгөндөрдүн жүрөгүн Аллаху таала ыйманга толтурат”, – деген. Таблиги жамаатчылардын бардыгы ушул уюмду курган Илияс менен анын устаздарын ашыкча макташып, улуу деп эсептешет. Аттарын айткан, уккан кезде "рахметуллахи алейх” деп айтышат. Жогоруда билдирилген китептерин бардык жерге таратышууда.

Ахли сүннөт аалымдары таблиги жамаатчылардын каталыктарына жооп берүү, туура жолдон адашкандыктарын далилдеп көрсөтүү максатында көптөгөн китептерди жазышкан. Алар бул китептерге жооп бере алышкан эмес. Абдулалим Сыддыки Илияс менен анын устаздарынын Исламды ичинен жыгып жатышкандыгын жазган. Бул тууралуу "ал-Мустанад”, "ал-Мутанабби-ул-Кадийани”, "ал-Устаз-ул-Мавдуди”, "ад-Давлат-ул-Маккия” жана "Хадият-ул-махдиин” деген китебинин аягында кеңири жазылган. Бул китептер араб тилинде жазылган. 1975-жылы Стамбулда Хакикат китеп үйү басмаканасы тарабынан кайра басылып чыгарылган.

Илияс х.1363, м.1944-жылы өлгөн. Ордуна уулу Мухаммед Юсуф келди. Юсуф х.1335-жылы (м.1917) Делиде туулуп, х.1394-жылы (м.1974) Лахордо кайтыш болгон. Делиде жерге берилген. "Хаят-ус-сахаба” деген үч томдук китеби 1975-жылы түрк тилине которулуп, жарыяланган. Бул китебинде сахабаларды өтө мактап жазгандыктан окурмандардын алкыштарын алууда. Бирок, кызмат сөзгө эмес, ишке карап бааланат. Сахабалардын артыкчылыктарына ишенип, аларды сүйгөн адам алардын жолунда болууга тийиш. Алардын жолу ахли сүннөт алымдары билдирген жол болуп эсептелет. Сахабаларды сүйүүнүн белгиси – ахли сүннөттүн төрт мазхабынын биринин фикх китептерин үйрөнүп, аларды таратууга аракет кылуу жана аларга ылайык өмүр сүрүү.

Мухаммед Юсуфтун ордуна Индияда Сахаранпур шаарындагы Мазахири улум медресесинин хадис мугалими болгон шейх Инам-ул Хасан келди. Индиянын Лакнав шаарында х.1310-жылы (м.1891) курулган "Надват-ул-улама” уюмунун жетекчиси болгон Абул Хасан Али Надви х.1395-жылы (м.1975) Лакнавда басылган "Ад-даават-ул-Исламийа” деген китебинде Имам Раббани Ахмед Сархандини, анын кызматтарын мактап жазган. Ошондой эле, х.1246-жылы (м.1837) өлтүрүлгөн Исмаил Дехлевини, х.1320-жылы (м.1903) өлгөн Назир Хусейн Дехлевини, Хажы Имдадуллахтын халифасы Мухаммед Касым Нанавтави тарабынан х.1288-жылы (м.1871) курулган Диобенд медресесин, х.1362-жылы (м.1943) өлгөн Ашраф Али Таханавини жана "таблиги жамаат” уюму менен анын куруучусу Мухаммед Илиясты урматтап, алар тууралуу жылуу сөздөрдү айтып, көп мактаган. Мухаммед Касым Нанавтави х.1317-жылы (м.1899) өлдү. Исмаил Дехлевинин "Таквиат-ул-иман” китебинин х.1396-жылы (м.1976) Пакистанда жарыяланган "Таквим-ул-баян” деп аталган фарси тилиндеги котормосун окуган адам Исмаилдин жахил (сабатсыз) жана акмак адам экенин көрө алат. Анын хак болгон туура нерселерди туура эмес нерселердин катарына кошуп жамандоого аракет кылган мазхабсыз адам экенин түшүнөт. Аллаху таала мусулмандарды ошондой зыяндуу, бузук жазууларды окуудан, аларга алданып, балээлерге түшүүдөн сактасын! Амин.

Индиянын түштүгүндө жайгашкан Керала облусунун Малаппурам шаарындагы Самаста деген "жамийат-ул-улама” (аалымдар коому) тарабынан жарыяланган айлык "ал-Муаллим” журналынын х.1399-жылы (м.1979) Шаввал айы, тогузунчу жана кийинки бир нече санында ахли сүннөт аалымы Мавлави Абу Ахмед "Жамаат-ут-таблигдеги күмөндүн ачыкка чыгышы” деп аталган макаласында мындай дейт: "Индиянын түндүк тарабында ар түрдүү топтор (секталар) чыгып, динди жаңыртып жатышканын, жайып жатышканын айтууда. Адамдардын көпчүлүгү алардын кооз сөздөрүнө алданып, алардын куруучусу  жана ишенимдери тууралуу изилдеп көрбөй эле, аларды ээрчишүүдө. Ички ниеттери белгилүү болгондон кийин кайрадан алардан айрылып, алдамчылыктарын, жалгандарын ашкерелеп жаткандар да көп болууда. 

Тарыхта мындай адашкан кишилер көп кездешет. Алар напсилерине, жаңылыш ойлоруна алданган бактысыздар. Алар Исламдын далилдеринен каалаган максатта бурмалап, жаңылыш маанилерди чыгарышат. Ибни Таймийанын жана Абдулваххаб уулу Мухаммед Наждинин адашкан негизсиз жолдоруна карай ооп кетишет. Диний илими жок кишилер аларды туура жолдо жүрүшөт, динге кызмат кылып жатышат деп ойлойт. Ушундай топтордун бири – Мавлана Илиястын курган жолу. Өздөрүн "жамаат-ут-таблигийа” деп аташат. Жер жүзүн кыдырып жүрүшөт. Ибадаттары, тартымдуу сөздөрү, кийген кийимдери менен динине берилген салих, диндар (дурус) адамдар болуп көрүнүшөт. Өз ишенимдерин, карманган жолдорун эч кимге билдирбей, жашырышат. Алар Керала жергесинде да жайыла баштады. Самаста Керала аалымдары алардын китептерин, ишенимдерин, пайда болуусун, куруучуларынын өмүр баяндарын ачып түшүндүрүп, аларга каршы жихадга чыгышкан. Аларды изилдеп, куулуктарын жана бидат чыгаруучулар экенин түшүнүштү. Алардын ахли сүннөт вал жамааттын туура жолунан тайганын, терс жолдо экендиктери тууралуу фатва чыгарышты. Индиянын түштүк жана түндүгүндөгү, Цейлон аралындагы ахли сүннөт аалымдарынын (рахметуллахи таала алейхим ажмаин) ушул фатвалары ижма сыпатына ээ болду. Биз дагы Аллаху тааланын тавфики (каалоосу) менен салаф-ус-салихиндин туура жолуна таянып, алардын ката, жаңылыш  ишенимдери менен жаңылыш жолдору тууралуу төмөндө билдиребиз:

Бул жаңылыш жолдун куруучусу – Исмаил уулу Мухаммед Илияс. Ал х.1303-жылы (м.1886) туулуп, х.1363-жылы (м.1944) өлгөн. Алгач "Мазахир-ул-улум” медресесинде сабак берип жүргөн. Бул иште ийгиликке жете албай, айланасына адамдарды жыйнап, шейхтик кыла баштады. Жахил (сабатсыз) калкка тумар жазып берип, дем салып тиричилик кылып жүрдү. Ошол кездерде "Таблиг” тарикатын курду. Мадарис шаарындагы "Куллиат-и-каид-и-миллет” медресесинин башчысы Жамал Мухаммед Сахиб "Жендерке” гезитинин 1976-жылкы 24-Июль айындагы санында ушул тарикат тууралуу кеңири маалымат берген.

Делиде жайгашкан "жамаат-ут-таблигиянын” башчысы жана досу болгон Мухаммед Идрис Ансари Делидеги "Жамал” басмаканасында басылган "Таблиг-и дастур-ул-амал” рисаласында (китепче, кат) бул тарикаттын курулуу себебин мындайча билдирет: "Тарыхый изилдөөлөргө көңүл бурула турган болсо, төрт негизги себептен улам адамдар бакытка, тынчтыкка, Жаннатка жеткизиле алган эмес. Бул "Ал-Имран” сүрөсүнүн "Силер алардан жогорусуңар. Анткени, ыйманыңар бар” деген 139-аятынан белгилүү болуп жатат. Биринчиси, Ислам дининин максаты – куфурчулук системасын, б.а., жаңылыш ишенимдерди жана жаман кулк-мүнөздөрдү өзгөртүү. Экинчиси, аларды өзгөртүү бир гана пайгамбарлардын (алейхимуссалам) тандаган жолу аркылуу болот. Үчүнчү, мусулмандардын жекече же болбосо биргелешип жасаган жумуштары ошол максатта жасалган эмес жана алар пайгамбарлардын жолунда болушкан эмес. Төртүнчүсү, бул үчүн салих болгон туура жамаат, б.а., "Ислам жамаатын” куруу керек. Мына, ушул ишти Аллахтын салих кулу Мухаммед Илияс ишке ашырды. Ислам жолунда кызмат кылууну каалагандарды жыйнап, "Жамаат-ут-таблигийа” деп аталган жаңы коомду негиздеди”.

Бул айтылган сөздөрдү карасаңыз! Ошондо, Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн 1400 жылдан бери жасаган жумуштары – пайгамбарлардын жолу эмес имиш, адамдар арасында тараган жаңылыш ишенимдерди өзгөртүү үчүн эмес имиш. Ошондуктан, жаңы жамаат куруу кажет болуптур! Аны "Жамаат-ут-таблигийанын” башчысы айтууда. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүн бөлүп, ахли сүннөттүн сыртында жаңылыш жаңы жол чыгарууну каалаган секта башчыларынын бардыгы ушундай "Ислам үммөттөрү туура жолдон тайды, динге жат болгон нерселерди аралаштырып жиберди, биз динди тазартууга келдик” деген ураандар менен майданга чыгып, жаңы тарикаттарды, жаңы секталарды курушкан. Жеке оюнан чыгарган бузук, зыяндуу пикирлерин "динди бидаттардан тазартуу” деген жагымдуу сөздөр менен таратышат.

Акыркы кездерде Абул-аала Мавдуди аттуу бир киши Пакистанда "Жамаат-и ислами” деп аталган бир уюмду курду. Бул жаңы жолду эмне үчүн курганын урду тилинде жазган "Мин муслиман ур мевжудухи сияси” аттуу рисаласынын 15-бетинде түшүндүрүүсү боюнча: "Бүгүнкү жагдайыбызды көп изилдеп чыгыптыр. Ошентип, бүгүнкү Ислам чынжырын моюнунан чыгарууга чечим чыгарыптыр. Эгер, андай кылбай турган болсо, калган мусулмандар сыяктуу "илхад” жана "дахриййа” деп аталган динсиздердин жолунда калып кетет имиш. Азыркы маалда мусулмандардын карманып жүргөн ата-бабаларынан калган дин – чыныгы Ислам дини эмес имиш. Ошондуктан, көпкө созулган  изилдөөлөрдүн натыйжасында калима-и таухиддин маанисин толук камтыган жаңы бир дин куруптур. Доорунун алгачкы чыныгы, дурус мусулманы өзү гана имиш. Мусулман болсун же болбосун, бүткүл адамзатты өзү курган ушул "Исламга” чакырып жатат имиш.

Мухаммед Илияс да ушундай деген эле. Анын айтуусу боюнча Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн кылымдар бою жасаган нерселери Пайгамбардын жолуна ылайык эмес экен. Мухаммед Манзур Нумани деген киши Илиястын: "Уммати Мухаммедийанын (бул үммөт) азыркы маалда орундап жүргөн ибадаттары ырасымдар менен салт-адаттар болуп саналат. Динди үйрөтүүчүлөр ырасымдар менен салт-адаттарга байланып калган”, - дегенин "Малфузат” рисаласынын 12-бетинде жазган. Таблиги жамаат жол башчыларынын бири болгон Мухаммед Хасен хан "Мифтах-ут-таблигдин” кириш сөзүндө: "Азыркы кезде дин иштери башчысыз калып, токтоп калгандыктан көптөгөн адамдар куфурлуктун, ширктин, динсиздиктин агымына түшүп кеткен. Адамдардын бул абалына Аллаху таала мээримдүүлүк кылып, мужиза катары мусулмандардын санаасын ойготуу жана аларга диний рухту сиңирүү үчүн шейх Мухаммед Илиясты жиберди. Бул мужахид Дели шаарынын түштүгүндөгү Миват деген жерде колунан келгенче мусулмандарды ойготууга аракет кылууда”, - дейт. Бүткүл үммөт куфур жолуна кирип адашкан болсо, "Илияс туура жолду кайдан тапты?” деген суроого жооп берүүлөрү оңойго турбайт деп ойлойбуз.

Жогоруда айтылган сөздөргө назар салына турган болсо, "таблиги жамаат” тобу да каракчылар тарабынан курулган башка топтордун өкүлдөрү сыяктуу: "Мухаммед (алейхиссалам)дын үммөтү туура жолдон тайып, адашты”, - деп айтышат. Ушул сөздөрү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) айткандарына кайчы келет. Анткени, Тирмизи билдирген хадиси шарифте: "Үммөтүм адашкан жолго түшүү маселесинде биригишпейт”, - деп айтылган. Бул хадис мужтахиддердин, б.а., Ислам аалымдарынын бир добуштан билдирген өкүмдөрүнүн ар дайым туура болуусун айкын түрдө көрсөтүп турат. Жалгыз аалымдар гана эмес, акылы-түшүнүгү жетилген жөнөкөй адамдар да ошондой экенин дароо  түшүнөт.

Эми ушул "жамаат-ут-таблигийа” тобунун кандайча курулгандыгы тууралуу сөз кылалы. Индиянын атактуу дин жана тарых илимдеринин адиси Абул Хасан Али Надви бул топтун куруучусу Мавлана Илиястын сөздөрүн мындайча билдирет: "Хижрий 1345-жылы (м. 1926) Мединада ушул жумушту баштадым. "Бул аракетти сен аркылуу ишке ашырабыз” деген сүйүнчү кабар келди”. Булар "Мухаммед Илиястын динге чакыруу” деп аталган китебинин 77-бетинде урду тилинде жазылган. Кийинки бетинде: "Мединадан Индияга кайткандан кийин динге даават кыла баштады”, - деп жазылган. Бул эки катар сүйлөм менен бул жолго даават кылуу Аллаху тааланын буйругу менен башталган жана Аллах тарабынан ага сүйүнчү катары кабарланганы маалым болот. Бул жаңы жолдун ички ниеттери тууралуу "Илиястын малфузаты” деген китебинде кеңири жазылган. Бул китепте шакирти Мухаммед Манзур Нумани досторуна устазынын мына бул сүйүнчү кабарын жеткизет: "Түш көрүү пайгамбарлыктын кырк алты бөлүгүнүн бири. Напси жана каалоо менен күрөшүү, чилдеде отуруу аркылуу кол жеткизүүгө болбой турган бийик даражаларга Кудайдын кээ бир тандалуу адамдары түш көрүү аркылуу жетет. Аларга түштөрүндө билдирилген маалыматтар пайгамбарлыктын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ушулар менен илгерилөөгө болбойбу? Илим Кудайды таануу билимин арттырат. Аталган билим да адамды Аллахка жакындатат. Ошондуктан, Аллаху таала бизге: "Эй, Раббим, илимимди арттыр”, - деп айтууну буйрук кылды. Түштө адамга сахих (туура) илимдер берилет. Ошол себептен, бул башчыларыңардын көп уктоолорун тилегиле! Аябай чарчап, уйкум азайган кезде дарыгерге көрүнүп, уйку бере турган дарыларды колодономун. Ушул таблиг (үгүт, чакыруу) аркылуу динге чакыруу жолу мага түшүмдө билдирилди. "Силер үммөттүн эң жакшылары болдуңар. Адамдардын жакшылыгы үчүн жаратылдыңар. Жакшылык кылууну айтып,  жамандыктан тыясыңар” деген аяттын тафсири мага түшүмдө билдирилди. Мен пайгамбарлар сыяктуу, адамдарды динге чакыруу (даават  кылуу)  үчүн жаратылдым. Аяттагы "жаратылдыңар” деген сөз ушул чакыруу ишинин бир жерде гана жасалуу менен болбой турганын, мекенибизден сыртка чыгып, шаарларды, үйлөрдү аралоо керек экендигин көрсөтөт”. Булар аталган китептин 50-бетинде жазылган. Анын сөздөрүнө көңүл буруңуз! Курани каримге түшүндө тафсир кылынып жатат. Түшүндө өзүнө сахих (туура) маалыматтар берилгенин, алардын рийазат жана мужахада (напсинин каалоолорун аткарбоо жана каалабагандарын аткаруу) б.а., напси менен күрөшүү аркылуу колго тийбей тургандыгын айтып турат. Аяттагы "ухрижат” сөзүнөн эч бир тафсир аалымы айтпаган жаңы маани чыгарды. Шакирттерине көп уктоого күч жумшоону айтат. Булар Куранды жеке көз караштары боюнча тафсир кылуу эмеспи? Пайгамбарыбыз "Куранды жеке көз караштары боюнча тафсир кылган адамдын орду Тозок оту болсун!” деген хадис менен мусулмандардын ушундай тафсир кылууларына тыюу салган. Бул хадис Тирмизиде жазылган. Оңу менен солун ажырата албаган, фарз менен сүннөттүн эмне экенин билбеген адамдардын даават үчүн саякатка чыгуу аракеттери ушул түштөгү тафсирден чыгууда. Алламе ибн Жарир Табари жана салаф-ус-салихиндин ичинен көптөгөн муфассирлер (тафсир аалымдары) бул аятты тафсир кылышкан, буларды Имам Суйути "Дурар-ул-мансур” китебинде жазган. Ушул китептин 2-жүзүнүн (бөлүм)  64-бетинде: Абд ибн Хамид, Ибн Жарир жана Ибнул Мунзир Имам Мужахид эмгегинен үзүндү келтирип мындай дейт: "Силер кайырлуу (жакшы) үммөтсүңөр. Адамдардын жакшылыгы үчүн жаратылдыңар” деген аяттагы "адамдар” сөзү – "арабдардан башка адамдар” дегенди, "Кайырлуу үммөт” сөзү да "арабдар” дегенди билдирет”. Тафсир аалымдарынын эч бири бул аяттан Илияс сыяктуу маани чыгарышпагандыгы көрүнүп турат. Демек, Илиястын таблиг аракети Курани каримге, хадиси шарифтерге жана салаф-и салихиндин жолуна ылайыктуу эмес. Анын курган тобу миссиясы менен бирге түшүндө көргөн бир тафсирге таянат. Ал эми, бул – динде жаңылык  болуп эсептелет. Бидат чыгаруу болуп саналат. Пайгамбарыбыз: "Бул  динибизде динде жок нерсе пайда болсо, кабыл кылбагыла”, - деп айткан. Бул хадис Бухари менен Муслимде жазылган.

Абдулгани Наблуси "Хадика” китебинин 168-бетинде: "Уйкуда көрүнгөн түштөр руханий илхамдар (көңүл эргүү) сыяктуу шариат өкүмдөрүн билдире турган себептер эмес”, - деп жазган. 170-бетинде: "Аллаху тааланын эч кандай китеп окубаган адамдын калбин (көңүлүн, жүрөгүн)  ачуусу, аны акыйкатка, илимге толтуруусу –жаиз (мүмкүн, кездешип турат). Андайлар Курани карим менен хадиси шарифти укканда, аларга тафсир кылып, аалымдарды таң калтырат. Алар – олуялар. Бирок, муршид, имам эмес. Ислам аалымы болуу үчүн Курани карим менен хадистердин өкүмдөрүн окуп үйрөнгөн болуу керек”, - деп жазылган. 187-бетинде: "Диндин унутулуусу, б.а., Исламдын үрп-адатка айланып кетүүсү, адамдын Ислам буйруктарын эмес акылы менен жеке көз караштарын негиз кылып алуусу төрт нерседен улам болот: Биринчиси – үйрөнгөндөрүн кылбоо. Экинчиси – билбестен кылуу, б.а., Аллаху тааланын буйруктарын үйрөнбөй, жеке көз карашы боюнча аракет кылуу жана бардык адамды ушундай кылууга чакыруу. Муну кабылдабагандарга душман болуу. Үчүнчүсү – кыла турган нерселеринин өкүмүн алдын ала билип албоо. Төртүнчүсү - адамдардын дин илимдерин үйрөнүүлөрүнө кедерги болуу.

Тасаввуф жолунун өкүлдөрү, олуялар, муршиддер, бардыгы Исламга толук моюн сунушкан. Бийик даражаларга ушундайча кол жеткизишкен. Исламга моюн сунуу - Исламдын төрт далилине моюн сунуу дегенди билдирет. Бул төрт далил – Курани карим, сүннөт, Ижма-и уммат жана кыяс-ы фукаха. Ушул төрт негизден башка нерселерге моюн сунгандар Тозок отунда күйөт. Алар түбөлүк бакыттын жолун жабуучулар, катаны туура деп көрсөтүүчү жалганчылар болуп эсептелет”.

Ибни Хажар Аскалани (рахметуллахи таала алейх): "Пайгамбарлардан (алейхимуссалам) башка адамдардын түшү Исламдын өкүмдөрүн билдирбейт. Исламдын өкүмдөрү вахи жана ижтихад аркылуу белгилүү болот”, - деген. Андай болсо, адамдын түшүндө аятка кандай тафсир кылынат?! Адамдарга түш менен кантип өкүм берүүгө болот? Бир түшкө ишенип, ушунча адамга кандайча дүйнө жүзүн кыдыртат? Бул иши менен Ислам өкүмдөрүн өзгөрткөн болуп саналбайбы?

Аллаху таала Курани каримди адамдарга түшүндүрүлүүсү үчүн жибергенин билдирет. Жамаат-ут таблигийанын башчысы болсо өзүнө Курандын тафсири түшүндө кылынганын айтат. Ушул сыяктуу көз карашта болгон Абулала Мавдудинин "Танбихат” деп аталган китебинде өзүнүн айтуусу боюнча Курани каримдин белгилүү тафсир китептери менен түшүндүрүлүүсү керексиз нерсе имиш. Куранды түшүнүү үчүн түштө көрсөтүлгөндөрдү түшүнө ала тургандай даражада араб тилинен кабардар болуу жеткиликтүү имиш. (Курани каримди түшүнүү үчүн арабча билүү жетиштүү болсо, анда тили арабча болгон канчалаган христиан жана атеист арабдар эмне үчүн азыркыга чейин мусулман боло албай жүрүшөт?) Диндеги ушул эки реформист да башка бидатчылар сыяктуу эле Куранды жеке көз караштары жана өз максаттары боюнча бурмалап, аяттарга жаңылыш маанилерди берүүдө. Ушуга карабай, китеп менен сүннөт жолунда экендиктерин айтышууда. Бул - барып турган жалганчылык.

"Дастур-ул-амал” деп атаган эрежелеринде мындай дейт: "Таблиг-и жамаатчылардын максаты, ишенимдери үчөө. Алар:

  1. Ила-и калиматуллах (Аллахтын атын улуктоо).
  2. Исламды жайуу.
  3. Ушул ишенимде болгондорду бириктирүү. Мазхабда, ахлакта, тирбияда жакшыртуу иштерин жүргүзүү”.

Алардын ишенимдерин жакшы түшүнүү үчүн китептерин изилдөө керек. Эми ушулар тууралуу сөз кылалы:

Алардын башчылары Мухаммед Илиястын: "Максатыбыз – Расулуллахтын сахабаларына билдиргендерин адамдарга үйрөтүү. Бүт өлкөлөрдү кыдырып, намазды түшүндүрүүбүз жана насаат кылуубуз – ушул иштин башталгычы” (Малфузат, 31-бет) деген сөзүнөн алардын Расулуллахтын билдиргендерин өздөрүнүн жеке түшүнүктөрү жана адистиктери боюнча түшүндүрө тургандыктары белгилүү болуп жатат. Жолдошторунун бири болгон Захир Хасанга: "Биздин жолубузду адамдар бир гана намаз окууну үйрөтүү деп эсептешет. Аллахка ант берип айтам, биздин жумушубуз намазды үйрөтүү эмес. Жаңы коом даярдап жатабыз”. (Диний даават, 205-бет) дейт. Бул сөзү анын чыныгы максатын ачык айкын билдирип турат. Илиясты ээрчигендердин "биз адамдардын намаз окуулары үчүн күч жумшоодобуз” деген сөзүнүн акыйкат эместиги байкалат. Бул аракетери адамдарды өз катарларына кошуу үчүн курган тузактары болуп эсептелет. Ошондой эле, "Мекатиб” деп аталган эмгегинин 66-бетинде: ”Бул факирдин пикири боюнча, ваазыбыз – Исламды, тарикатты жана акыйкатты камтыйт”, - делинген. Бул сөз Илиястын көргөн бир гана түшүнө негизделип курган ушул уюмунун жаңы Ислам менен жаңы тарикатты камтый тургандыгын көрүүгө болот. Себеби, дин деген ушул үч негиз деген сөз. Демек, алар "Ислам” деген атты жамынып алып, бир түштүн негизинде курулган жаңы бир дин чыгарышууда. Жогоруда айтылган сөздөрдүн бидат, адашкандык экендиги белгилүү.

Илиястын жолдоочусу Мухаммед Идрис Ансари мындай дейт: "Бул жамааттын ишеними "Ла илаха иллаллах Мухаммедун Расулуллах” калимасы” (Дастур, 4-б). Бул ишеним – Исламияттын негизги ишеними. Бирок, мунун мусулман эмес экендиктери бир добуштан билдирилген кадийанилер (б.а., Ахмадилер) менен бахаилер да айтышат. Алар да ушундай деп, жаңы бидат тобун чыгарышкан эле. "Бир ишти, ибадатты аткаруу, бир нерсеге тыюу салуу үчүн аны Расулуллах билдирген болушу керек. Башка далил керек эмес”, - дейт (Дастур 5-6). Ошентип, шарият далилдери болуп саналган ижма менен кыясты жокко чыгарды. Ошондой эле, ал өзүнүн чыныгы мужтахид экендигин айткан жок. Себеби, андай деп айтса, анын билим деңгээли менен жана өткөн тарыхын билгендер ага ишенишпейт эле.

Бир адамдын бул жамаатка кирүүсүн "Дастур-ул-амал” мындайча билдирет: Калимаи шахадатты айтып, маанисине ишенген ар бир адам бул жамаатка мүчө боло алат. Бул жамаатка кире турган адамдын баш ийген тобу (сектасы), коому жана жашаган мамлекети кандай болсо да баары бир (5-бет). Б.а., мусулманмын деген ар бир адам, кадияни болобу, башка бидат топторунан болобу (б.а., харижи, кадарийа, мутазила, мавдудия сыяктуу адашкан топтордон болсо да) ага каралбайт, ошол топко кирип мүчө боло алат. Мүчө болуп киргендер бир гана хадистер менен иш кылышат. Салаф-и салихиндин жасагандарына, ижма менен кыяска маани беришпейт. Төрт мазхабдын эч бирине моюн сунушпайт. Ошондой эле, Исламды, тасаввуфту (сопулукту), акыйкатты кармангандыктарын айтышат. Ал эми, бул чыныгы адашуучулук. "Таблиги жамаат” деп аталган бул жол "Жамаат-ул Исламия” деп аталган Абул’ала Мавдудинин адашкан фыркасына (тобуна) окшош.

Өздөрүнө амир шайлоолору тууралуу мындай дейт: "Ислам дининде амир маселеси өтө маанилүү. Жамаат-ут-таблигдин ичинен шайланган амир (башчы) – Ислам дини билдирүүчү улул-амр дегенди билдирет. Анын берген буйруктарына ар бир адамдын моюн сунуусу – Аллахтын жана Расулунун буйруктарына моюн сунуу сыяктуу фарз болуп эсептелет”. (6-бет). "Амирдин Исламга ылайык буйруктарына каршы чыкпай моюн сунуу – важиб. Амирдин берген буйруктарынын таянган негиздерин, далилдерин изилдеп, текшерүүгө болбойт. Буйруктарын аткарбоо же алардын каалабаган нерселерин кылуу – чоң күнөө. Бул – Аллаху тааланын азабына себеп болот” (7-бет). Ушул жамааттын өздөрүнүн амирлерин пайгамбар даражасына көтөрүп жаткандыгы көрүнүп турат. 8-бетинде: "Амирдин маанилүү бир буйрук берердин алдында жамааттын керектүү кишилери менен кеңешүүсү, анан кеңеш мүчөлөрү менен кеңешүү – важиб. Эгер көз караштары ар түрдүү болсо, амир алардын ичинен каалаганын тандап, аны буйрук кыла алат”, - деп айтылган. Мына, алар бир гана хадистерге жана өздөрүнүн амирлерине гана моюн сунушат. Курани каримде бир гана амирге моюн сунуу керек деп буйрук кылынган деп эсептешет. Ага моюн сунуу фарз имиш. Ага моюн сунбаган адамдан Аллаху таала өч алат имиш. Амир берген буйрук кеңеш мүчөлөрү менен башчылардын сөздөрүнө терс болсо да, ага моюн сунуу керек имиш. Ушул кеңеш мүчөлөрү, башкаруучулары жана амирлери өзүнөн эле башчы болууда. Анткени, алар кайсыл фыркадан, топтон (сектадан) экендигине, билим деңгээлине, башка шарттарга карабай эле, бир гана калима айтуу менен бир жерге жыйналган адамдардан турат. Ал эми, салаф-и салихин, б.а., ахли сүннөт аалымдары улул-амр (амир) боло турган адамдын кандай болуусу керектигин билдиришкен. Алламе Абуссу’уд (рахметуллахи таала алейх): "Улул-амр – хак жолдогу амирлер жана адилетүү акимдер (өкүм чыгаруучу бийлөөчүлөр). Ага төрт халифа (хулафа-и рашидин) жана алардын орун басарлары кирет”, - деген. Имам Кархи: "Улул-амр-Расулуллахтын (алейхиссалам) доорундагы жана андан кийинки амирлер. Ага акимдер, аскер башчылар кирет”, - деп айткан. Кээ бир аалымдардын айтуусу боюнча "Улул-амр” деген сөз "Ислам аалымдары” дегенди билдирет. Таблиги жамаатчылардын өздөрүнун ичинен шайлап алган амирлеринин мындай сыпатта эместиги белгилүү. Ошол амирлерине моюн сунуулары  важиб боло тургандыгы, моюн сунбаган адамдын чоң күнөө кылган болуп эсептеле тургандыгы эч кандай негизге таянбайт.

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) келечекте өз үммөтүнүн башына келе турган жагдайлар тууралуу: "Исраил уулдары жетимиш эки топко бөлүнгөн. Менин үммөтүм жетимиш үч топко бөлүнөт. Алардын жалгыз бирөөсү гана туура жолду карманып, кутулат, калгандары Тозокко барат”, - деген. Сахабалар муну укканда: "Ал кайсынысы?” - деп сурашты. "Менин жана сахабаларымдын жолун кармангандар”, - деп жооп берди.

Ибни Хажари Хайтами (рахметуллахи таала алейх) "Фатх-ул-жавад” китебинде: "Ахли сүннөт бир добуштан билдирген ишенимге моюн сунбаган адам "мубтади” (жолдон адашкан, бидатчы) деп аталат. Аталган добуш биримдиги Абул Хасан Ашари жана Абу Мансур Матуриди (рахметуллахи таала алейхима) менен алардын жолун толук карманган аалымдар тарабынан билдирилген”, - дейт. Ибни Хажари Меккинин (рахметуллахи алейх) "Фатава-и хадисия” китебинин 205-бетинде: "Бидат өкүлү – ишеними ахли сүннөт ишениминен башка болгон адам. Ахли сүннөт ишеними - Абул Хасан Ашари жана Абу Мансур Матуридинин жана алардын жолун кармангандардын ишеними болуп эсептелет. Ислам дини жактырбаган бир нерсени чыгарган ар бир адам бидатчы болот”, - деп айтылган.

Бул үммөт жетимиш үч топко бөлүнөт, алардын бирөө гана Тозоктон кутулат. Ар бир мусулмандын ошол топту издеп, таап, ага моюн сунуусу – важиб. Алар - Абул Хасан Ашари жана Абу Мансур Матуридинин жолундагы адамдар. Жаңы Ислам фыркасын (тобун, сектасын) куруп, бир гана "Ла илаха иллаллах Мухаммедун Расулуллах” деп айтуу менен чектелген, ахли сүннөт вал жамаат ишенимин кабылдабаган адамдын ишеними кандайча туура болсун? Жамаат-ут-таблигийа деген ысым менен жаңыдан чыккан бул фырканын сөздөрү менен жазууларына көңүл бурула турган болсо, бул топко кирүү үчүн жалгыз гана "Ла илаха иллаллах Мухаммедун Расулуллах” сөзүн айтуу шарт экендиги билдирилген. Ушуну айткан адам кайсы бир адашкан топтон болсо да, Расулуллахтан башка эч кимге, жада калса, сахабалар менен мужтахид имамдарга моюн сунбаса да, ошол топко кирген болуп эсептелет. Кадияни, нижари, ваххаби, жамаат-и исламийа, б.а., мавдудичи жана мусулман эмес башка топтордогу адамдардын ошол жамаатка жыйналганын көрүүгө болот. Бул аракеттери үммөт арасында фитна чыгарып, бөлүнүп-жарылууну ишке ашырууну максат кылат.

Алар саптарына кошуп алган түрдүү бидат жолдордогу адашкан адамдарды тарбиялап жаткан болсо керек деген жакшы күмөндө болгубуз келет. Бирок, китептери менен иш-аракеттерине карала турган болсо, тескерисинче болуп жатканын байкоо мүмкүн. Мисалы, мүчөлөрүнө мазхабдар тууралуу сүйлөөгө тыюу салынат. Ар кимдин акыйдасына (ишенимине) эрк берилет. "Дастур-ул-амал” деп аталган эрежелеринин 16-бетинде: "Ыдыратуучу жана керексиз маселелерге токтолбогула. Таухид менен Исламдын негизи изилденет”, - делген. "Мифтах-ут-таблиг” деп аталган китептеринин 218-бетинде да ушундай жазылган. Негиздөөчүсү болгон Мухаммед Илияс "Малфузат” китебинин 116-бетинде: "Жолубуздун негизи – ыйманды күчтөндүрүү. Акыйда (ишеним) маалыматтарын жаюуга, кеңейтүүгө болбойт. Антпесе, адамдардын жүрөктөрүндө фитна, зээндеринде күмөн пайда болот”, - дейт. "Макатиб” китебинин 142-бетинде: "Анда-санда болсо да "бидат” деген сөздү колдонуудасыңар. Мындай сөздөрдү айтпагыла! Мындай сөздөр адамдардын арасында фитна чыгуусуна себеп болот”, - деп айтат.

Жогоруда айтылгандардан маалым болгондой буларда ахли сүннөт ишеними жок. Жетимиш үч фыркадан каалаган бир адам аларга кошула алат. Жада калса, мусулман эместер да мүчө боло алат. Акыйда маселесине токтолушпайт. Жада калса, аны үйрөнүүгө тыюу салынат. Бир гана Пайгамбардын жолун кармангандыктарын айтышат. Хадиси шарифте кабар берилген акыйдасы (ишеними) туура болгон бир гана фырканы (топту) издештирбейт. Аны талап кылуу фитна чыгууга себеп болот деп эсептешет. "Бидат” жана ушул сыяктуу сөздөрдү колдонушпайт. Ушунчалык бузук ишенимине жана иш-аракеттерине карабастан, дагы өздөрүн ахли сүннөт вал жамаат мазхабында экендиктерин айтышат. Бирок, ушул хак мазхабдагылардын пикири боюнча, алардын адашкан жолдо экендиктерине эч кандай күмөн жок.

Ислам аалымдары мусулмандардын бидат өкүлдөрү менен кездешүүлөрүнө, алар менен сүйлөшүүлөрүнө тыюу салган. Абдулкадир Гейлани (каддесаллаху таала сыррехул азиз) бидат өкүлдөрүнүн карманган мазхабдарынын ката экендигине ишенүү, алар менен эч бир маселеде кошулбоо керектигин жана аларды жакшы көрбөөнүн көп сооп экенин билдирген. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): "Бидат өкүлүнө душмандык менен караган адамдын жүрөгүн Аллаху таала ишеним менен ыйманга толтурат. Бидат өкүлүн жаман деп билген адамды Аллаху таала кыямат күнүнүн коркунучунан коргойт. Бидат өкүлүн урушкан адамга Аллаху таала Бейиште жүз даража берет. Бидат өкүлүнө жылуу мамиле кылган же ага жакшылык кылган адам Аллаху тааланын Мухаммед алейхиссаламга жиберген Ислам динин жактырбаган болуп эсептелет”, - деп айтты. Башка бир хадиси шарифте: "Бидат өкүлү бидатынан баш тартмайынча, Аллаху таала анын эч бир ибадатын кабыл кылбайт”, - деп айтылган. Хазрети Фудайл бин Ияд: "Бидат өкүлүн жакшы көргөн адамдын ибадаттарын Аллаху таала жок кылат жана жүрөгүнөн ыйман нурун өчүрөт”, - деп айткан. "Бидатчыларды жакшы көрбөй турган адамдын ибадаттары аз болсо да, анын күнөөлөрү кечириле тургандыгына үмүт кылынат. Жолдо бидатчыга жолугуп калбоо үчүн башка жолдон бас!” деген насыяттар жана хадистер Абдулкадир Гейланинин "Гунйа” деп аталган китебинин 90-бетинде жазылган. Өздөрүн мусулманбыз деп айткан жана ахли сүннөт катары тааныткан Таблиги жамаатчылар ар түрдүү фыркадагы адашкан адамдарды өз араларына кошуп алышат. Ахли сүннөт болсун, ахли бидат болсун ар мусулман булардын фыркасына кире алат. Ушуга карабастан туура жолдо экендиктерин айтышууда. Алардын бул абалы, мисалы, күкүрт менен отту бир жерде кармаганга окшоодо. Бул болсо мүмкүн болбогон нерсе.

Жамаат-ут-таблигийанын куруучусу Мухаммед Илияс түшүндө көргөндөрүн жаңы дин деп үгүттөп жүргөндө катарына кошулган мазхабсыздардан жуктуруп алган бузук ишенимди жана бидаттарды да айланасына жайган. "Макатиб” китебинин 90-бетинде: "Куран окула турган жана зикр кылына турган жыйындарга катышуу, албетте, жакшы. Муну дин улуулары билдирген. Бирок, бул иште бидатчыларга окшоп калуу коркунучу бар болгондуктан, мындай жерлерде болбогон жакшыраак. Пайгамбарыбызга салават менен салам айткан кезде анын хазыр боло тургандыгын (руху менен көрүп, угуу) же көрүп тургандыгын ойлоо же болбосо бидатчылар (ахли сүннөттү айтып жатат) сыяктуу сүйлөө коркунучу да ушундай. Албетте, ашыкча махабат менен өзүн жоготуп айтуу жаиз болсо да, шайтан аралашып, ыйманды бузуусу мүмкүн. Ал эми, бул - өтө чоң кооптуулук”, - деп билдирилген.

Ушул айткан сөздөрүнө көңүл буруңуз! Расулуллахтын хазыр боло тургандыгын жана көрүнө тургандыгын ойлоп, ал улуу Пайгамбарга салават айтуу ашыкча махабаттан улам каалабай туруп айтылса да жаиз болбойт имиш. Ыймандын бузулушуна себеп боло тургандыктан мындан оолак болуу керек имиш. Мындай сөздөр – ваххабилердин ишеними болуп эсептелет. Жада калса, ашыкча махабат менен айтууга тыюу салуу ваххабиликтен да ашып түшкөн адашуучулук. Мусулман адам буга тыюу салбайт. Бул адам намаз окулган кезде бардык мусулмандардын "Ассаламу алайка аййухан-набиййу” деп айтууларына кандай карайт болду экен? Хужжат-ул-ислам Имам Газали (рахметуллахи алейх) "Ихйа-ул-улум” китебинин 1-томунун 129-бетинде: "Алгач жүрөгүңө Расулуллахтын ыйык келбетин келтир. Анан "Ассаламу алейка аййухан-набийу” деп оку жана ушул сөзүңдү уга тургандыгына, сага жооп бере тургандыгына ишен!” - деп жазат. Осмондук аалым Мухаммед Хаккы хазирети "Хазинат-ул-асрар” китебинин 166-бетинин биринчи макамында: "Мусулман өзүнүн Расулуллахтын алдында экендигин ойлоосу керек. Аны өзү менен Аллаху тааланын арасындагы шапаатчы, васила (себеп) жана көмөк берүүчү деп билип, аны улуктап (таазим кылып), урмат менен, адептүүлүк менен салату салам айтуусу керек. Бул макамда (жерде) эң жакшы сөз – "Ассаламу алейке аййухан-набиййу” деген сөз”, - деп айтат.

Ариф-у биллах Сеййид Мухаммед Осман Миргани Мекки Ханафи хижрий 1268-жылы (м.1852) Меккеде кайтыш болгон. "Акраб-ут-туруки илал-хак” китебинин 14-бетинде: "Расулуллахтын сенин жаныңда экендигин, сени көрүп, уга турганын ойло. Алыста болсоң да Аллаху таала үнүңдү угузат, сени көрсөтөт. Бул жерде жакын менен алыстын арасында айырмачылык жок”, - деп айтат. Бул келтирилген кабарлар Расулуллахтын (алейхиссалам) аны "жанымда” деп ойлогон мусулмандарды көрө тургандыгын, үнүн уга тургандыгын билдирүүдө. "Жамаат-ут-таблигийа” сектасын негиздеген адамдын буга ишенбей тургандыгы көрүнүп турат. Ал  катуу махабат менен да болсо, буга тыюу салууда. "Ал өзүн ойлогондорду көрбөйт жана аларды укпайт” деп, ваххабиликтин негизи болуп эсептелген "өлгөндөр укпайт” деген бузук ишенимди колдойт.

Бул маселедеги сөздөрдүн эң туурасы улуу аалым Ахмед Ибни Хажар Хайтаминин "Фетавел-кубра” китебинин 2-томунун 9-бетинде жазылган төмөндө келтирилген фатвасы болуп эсептелет:

Суроо: Адамдын руху чыга турган кезде Расулуллахты көрөбү? Көргөн кезде андан: "Бул киши тууралуу эмне дейсиң?” - деп суралат экен. "Бул киши” деген сөз жанында турган адам үчүн колдонула тургандыгы белгилүү. Ошол заматта дүйнөдө өтө көп адам өлөт. Алардын ар биринен "бул киши..” деп сурала турган болсо, Расулуллахтын бир убакытта бир нече жерде көрүнө тургандыгы түшүнүлөт. Бул кандай болот?

Жооп: Ооба Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) өлүм алдында болгон бардык адамдарга көрүнөт жана андан "бул киши тууралуу эмне дейсиң?” деп суралат. Ушундай боло тургандыгы Аллаху тааланын кудуретинин улуулугун көрсөтөт. "Бул” деген сөз жанында турган адамды билдирет. Бул сөз Расулуллахтын ар түрдүү жерде, ар түрдүү жагдайда бир убакытта көрүнө ала тургандыгына ишенбегендер үчүн өтө жакшы жооп. Ал эми, буга акыл жолу менен да ишенүүгө болот. Расулуллахтын (саллаллаху алейхи вассаллам) ыйык келбети күзгү сыяктуу болуп, адамдар ушул күзгүдө өздөрүнүн жакшы-жамандыктарынын сүрөтүн көрүшүүдө. Бирок, күзгүнүн көркөмдүгүндө эч кандай өзгөрүш болбойт. Кабыр жашоосу жана акырет жашоосу бул дүйнөдөгү жашоого окшобойт. Дүйнөдө ар бир адамдын бир гана түрү, бир гана көрүнүшү бар. Ал эми, олуялардын дүйнөдө да бир канча түргө киргендиги өтө көп кездешкен. Кадиб-ул-бан Хасан Мусулинин жана башкалардын ушундай көрүнгөндүгү көпчүлүккө белгилүү”.

Аталган фатва китебинин 29-бетиндеги эки фатванын биринчисинде: "Өлгөндөр өздөрүн зыярат кылууга келгендерди таанышат. Ибни Абиддуния кабар берген бир хадиси шарифте: "Бир мусулман дин бир тууганынын кабырын зыярат кылууга барып кабырын баш жагына жакын отурса кабырдагы адам аны тааныйт жана саламына жооп берет”, - деп билдирилген. Дагы бир хадиси шарифте: "Бир адам тааныган бир мусулман  бир тууганынын кабырынын жанынан өтүп бара жатып салам берсе кабырдагы адам аны тааныйт жана саламына жооп берет”, - делген. Экинчи фатвасында: "Өлгөндөр тирүүлөрдүн добушун угушат. Имам Ахмед риваят кылган хадиси шарифте: "Маркум өзүн жууган, көтөргөн жана кабырга койгон адамды тааныйт”, - деп айтылган. Хижрий 1362-жылы (м.1943) Анкарада кайтыш болгон улуу аалым жана олуя Сеййид Абдулхаким Арваси Хазрети Ибни Хажари Мекки тууралуу: "Ал – Ислам аалымдарынын эң улуусу. Ар бир сөзү динде бекем күбөлүк жана далил болуп саналат”, -  деген.

Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) хазыр боло тургандыгына, көрүнө тургандыгына кандайча күмөн келтирүүгө болот? Пайгамбарлардын, жада калса, олуялардын да таза рухтары, денелеринен чыккандан кийин даражасы артат. Периштелер сыяктуу толук тасарруф ээси болот (бир нерсе кыла алат). Ушундай экенин ахли сүннөт аалымдары бир добуштан айтышкан. Муну ваххабиликтин куруучусу Мухаммед бин Абдулваххаб гана өжөрлөнүп  кабыл кылбады. Аны Аллаху таала туура жолдон адаштырып, залалатта (жаңылыш жолдо) калтырды. Жамаат-и таблигиянын башчысы Илияс да ошонун таасиринде калып, ачкан бузук жолуна түштү. Аны ээрчип жүргөндөрдүн көздөрүн ачуу жана бир-эки арабча ураандар менен динсиздигин жашырып жүргөн мулхиддердин беттерин кызартуу үчүн аалымдардын сөздөрүнөн дагы бир мисал берели.

Индиядагы аалымдардын улууларынан бири болгон шах Валиуллах Дехлеви "Хужжат-уллахил-балига” китебинде (1-том, 35-б): "Адам өлгөндөн кийин анын рухунун материалдык дүйнө менен байланышы үзүлөт. Өзүнүн асылына (негизине) кайтат. Периштелер сыяктуу болот. Периштелерге окшоп адамдарга илхам берет, көмөктөшөт. Алар Аллаху тааланын дининин жайылуусунда, күчтөнүүсүнө жардам беришет. Бул жолдо кызмат кылып жүргөндөрдүн оор абалдарында көмөккө келишет. Топ-топ болуп келгендери көп жолу көрүлгөн”, - деп жазылган. Бул сөз ыйык рухтардын периштелер сыяктуу иш кыла тургандыктарын билдирет. Расулуллахтын (алейхиссалам) хазыр боло тургандыгына, уга тургандыгына ишенбеген адамдарга канааттандырарлык жооп катары ушул сөз жетиштүү эмеспи? Бүткүл болмуштардын негизи жана Аллаху таалага жакындатуучу жалгыз себептин Пайгамбарыбыз экендигин Ислам аалымдары бир добуштан билдиришкен.

Алламе Абдуррауф Мунави "Ар-рауд-ун-надир” китебинде: "Таза рухтар денеден чыгып рухтар ааламындагы даражаларына көтөрүлгөндөн кийин аларга эч нерсе парда боло албайт. Алар бардык нерсени көрүшөт же периштелерден билишет. Бул өтө аз адамга билдирилген Аллахтын сыры. Ыйык рухтар ушундай болсо, алардын эң улуусунун кандай боло тургандыгын ойлоп, жакшы түшүнүү  керек!” - дейт.

"Ал-муаллим” жыйнагынан жасалган котормо аяктады. Бул маалыматтардын араб тилиндеги түп нускалары "Ал-устаз Мавдуди” китеби менен бирге Стамбулда басылып чыккан.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш