Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Көңүл оорусунун эмделүүсү




Көңүл оорусунун эмделүүсү


Оорулар физикалык жана руханий болуп экиге бөлүнөт. Дененин ооруга чалдыгуусу физикалык ооруга жатат. Ал эми көңүлдүн ооруга чалдыгуусу руханий ооруларга жатат жана бул физикалык оорудан алда канча маанилүү. Анткени, көңүлдүн оорусу – Аллаху тааланы тааныбоо, куфр жана күнөө кылуу. А бул өз кезегинде адамды түбөлүк балээге алып барат. Улуу ислам аалымдарынын бири болгон хазрети Имам Раббани бул туурасында мындай деген:

"Алгач ооруну эмдөө тууралуу ойлоо керек. Андан кийин пайдалуу тамак берип, баштапкы кубатына, абалына кайтарууну ойлонуу керек”.

Ушу сыяктуу «Көңүлдөрүндө оору бар» деген маанидеги аяты карималарда билдирилген көңүл оорусуна чалдыккандардын эч бир ибадаты жана кулчулугу пайда бербейт. «Көп Курани карим окугандар бар, Курани карим аларды наалат кылат» деген хадиси шариф белгилүү. «Көп орозо кармагандар бар, алардын орозодон көрө турган пайдасы болгону ачкалык менен суусуздук» деген хадиси шариф да сахих. Көңүл ооруларынын эмчилери, билермандары болуп саналган тасаввуф олуялары да оболу ооруну жойуу үчүн жасала турган нерселерди буйрук кылышууда. Көнүл оорусу – Аллахтан башканы сүйүп, ага байлануу же өзүнө байлануусу. Анткени, бардык адам бүт нерсени өзү үчүн гана каалайт. Баласын өзүн жакшы көргөнү үчүн жакшы көрөт. Дүнүйө-мүлктү, атак-даңкты, мансапты жалгыз өзү үчүн каалайт. Анын сыйынганы өзүнүн напси. Напсинин каалоолору менен жүрөт. Көңүл бул байланган нерселеринен кутулмайынча адамдын кутулуусу өтө кыйынга турат.”

Көңүл оорусунун эми – Ислам динине моюн сунуу жана Аллаху тааланы көп зикир кылуу, тактап айтканда, ысымдарын жана сыпаттарын эскерип көңүлгө орнотуу. Дин аалымдарынын сухбаттарын угуу жана китептерин окуу бул эмди жеңилдетет. Мындай сухбаттар менен китептерге жетүү дүнүйө жана акырет бакытына жетүүгө себеп болот.

Хазрети Саид бин Жубейр мындай дейт:

"Мухаммед сүрөсүнүн «Көңүлдөрүндө оору болгондорду көрдүң» деген жыйырманчы аяты мунафыктарды ачык көрсөтүп турат. Анткени, көңүлдүн үч түрү бар: Биринчиси мусулмандын көңүлү, бул тазалык жана махабат менен Аллаху таалага байланган. Экинчиси катуу жана өлгөн көңүл. Булардын эч кимге боору оорубайт. Үчүнчүсү ооруга чалдыккан көңүл. Бул оору – мунафык оорусу. Аллаху таала бул үч көңүлдү да Хаж сүрөсүнүн элүү бешинчи аятында билдирүүдө. Бул үч көңүлдүн экөөсү азап тартат. Бирөөсү кутулат. Мусулмандын көңүлү салим (илдетсиз) болуп саналат. Аллаху таала салим көңүлдү мактоодо. Шуара сүрөсүнүн сексен сегизинчи аятында: «Ал күнү балдар менен дүнүйө-мүлк пайда бербейт. Жалгыз гана көңүлү салим болуп келген пайда табат», - деп айтылды.”

Хазрети Имам Раббани: "Тасаввуф жолунда жүрүүнүн максаты – напсини жана көңүлдү оорулардан куткаруу. Бакара сүрөсүндө: «Көңүлүндө оору бар» аяти каримасы билдирген оору эмделмейинче чыныгы ыйманга кол жетпейт. Ушундай бактысыздык болуп туруп көңүлдө акыл жолу менен пайда болгон ыйман – ыймандын жөн гана бейнеси. Анткени, напси ыйманга каршы нерсе кылып куфурлук кылуусун токтотпоодо. Чыныгы ыйман напсини муунтуп, көңүлдү ишендиргенден кийин көңүлдө пайда болот”, - деп айткан.

Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам” убагында бул көңүл оорусу Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам” сухбаттары менен эмделүүчү эле. Башка жол менен кыйналып айыктыруу кажети жок эле. Сахабалар ошол сухбаттардын берекети менен Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам" мубарек жүрөгүнөн пейз алышчу эле. Ушундайча тасаввуфтун эң бийик даражаларына жетишкен.

Зикир – бардык иште Аллаху тааланы эске алуу жана өзүн гафлеттен куткаруу. Гафлет дегенибиз Аллаху тааланы унутуу дегенди билдирет.

Зикир жалгыз гана таухид калимасын айтып кайра-кайра Аллах-Аллах деп айтуу эмес. Кандай жол менен болсо да өзүн гафлеттен куткаруу зикир болот. Исламдын буйруктарын аткаруу жана тыюуларынан сактануу да зикир болуп саналат.

Ислам дининин буйруктарына шай жасалган соода да зикир болот. Динге шай кыйылган нике да, талак да зикир болот. Анткени, буларды кылып жатканда буйруктар менен тыюулардын ээси болгон Аллаху таала эске түшүүдө. Аллаху таала Курани каримдин Рад сүрөсүнүн отузунчу аятында: «Көңүлдөр Аллаху тааланы зикир кылуу менен ыйманга жана ырахатка жетээрин жакшы билгиле!» - деп билдирген.

Пайгамбарыбыз "алейхиссалам” да: «Аллахты зикир кылууну сүйүү Аллахты сүйгөндүктүн белгиси», - деген.

Азизи тафсир ээси Дахр сүрөсүн ачыктаганда мындай дейт:

"Зикир Аллахтан башкага болгон махабатты, аларга болгон кумарды көңүлдөн чыгаруу үчүн кылынат. Көңүлдүн жаратылгандар менен байланышын үзүүнүн эң жакшы дарысы зикир кылуу экендиги тажырыйбалар менен аныкталган. Хадиси шарифте: «Зикир кылуу аркылуу көңүлдөрүнүн жүгүн жеңилдеткендердин жолунда болгула!» - деп буйрук кылат. Ошондуктан, Аллахка, Аллаху тааланын махабатына жетүү үчүн көңүлдүн жаратылгандар менен байланышын үзүп, дүнүйө кызыктарына кумар болуудан куткаруу керек. Көңүлдү куткаруу үчүн зикирден артык эм жок.” 

Хазрети Абу Саид Абул-Хайр да: "Зикир – Аллаху тааланы ойлоп, эске түшүрүү жана андан башканы унутуу”, - деген.

Хазрети Абул-Хасан Харкани: "Ниматтардын эң жакшысы - эмгек менен табылганы. Достордун эң жакшысы - Аллаху тааланы эске түшүргөнү. Көңүлдөрдүн эң нурлуусу - ичинде дүнүйө махабаты болбогону”, - деп айткан.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш