Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аманатка кыянат – эки жүздүүлүктүн белгиси




Аманатка кыянат – эки жүздүүлүктүн белгиси


Кыянат – өзүн башкаларга ишенимдүү, адал киши катары көрсөтүп, кийин ошол артылган ишенимди актабай  турган мамиле кылуу деген сөз. Бул өтө жаман мүнөздөрдүн бири. Кыянатчы – аманатка кыянат жасай турган, жамандык кылуучу адам. Мусулман болсун, мусулман болбосун туш келген адамга кыянат кылуу чоң күнөө болот. Хадиси шарифте: «Ишенимдүү болбогон адамда ыйман жок. Убадасына турбаган адамда дин жок», - делген.

Бул хадиси шарифти ахли сүннөт аалымдары "аманатка кыянат жасаган адамдын ыйманы толук болбойт, бул нерсеге маани бербесе ыйманы кетет” деп түшүндүрүшкөн.

Кыянат кылуу адамдарды капаланууга алып келет, бул өз кезегинде харам жана мунафыктыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси болуп саналат. Кыянаттыктын тескериси – аманат, ишенимдүү болуу. Аманат менен кыянат буюмда, мүлктө болгону сыяктуу сөздө да болот. Хадиси шарифте: «Акыл суралган адам – ишенимдүү адам», - деп айтылган.

Акыл суралган адамдын туура нерсени айта турганына жана суралган нерсени өзгөлөрдөн жашыра турганына аманат кылынып, ишенилет. Адам мүлкүн ишенген адамына аманат кылганындай (тапшырганындай) эле туура айтаарына ишенген адамынан акыл, жол сурайт. Али имран сүрөсүнүн 159-аятында: «Жасай турган ишиңди алгач акылдаш (кеңеш), - деп буйрук кылынган.

Акылдашуу же кеңешүү адамды өкүнүүдөн коргоочу чеп сыяктуу. Акыл суралуучу адам элдин абалын, заманын жана мамлекеттин шарттарын билүүсү керек. Бул саясат илими деп аталат. Ошону менен катар акылдуу, зирек ойлуу (туура пикирлүү), келечекти болжой алган, керек болсо дени соо болуусу керек. ийиш. Акыл суралган адамдын билбегенинин же билгенинин тескерисин айтуусу күнөө болот. Жанылышып ката айтуу күнөө болбойт.

Хазрети Абдуллах бин Масуд мындай деген: "Динибизден эң алгач айрылып калуучу, жоголуучу нерсеңер – аманат. Эң аягында айрылуучу нерсеңер намаз болот. Дини болбосо да намаз окугандар пайда болот.”

Хазрети Суфйан Саври насыят сураган адамга мындай дейт:

"Ардактуу бир тууганым! Көркөм адеп менен көркөм мүнөзгө бекем карман! Жамаатка каршы чыгып алардан ажырап калба! Анткени, жакшылык жамаатта. Бирок, жамаат дүнүйөгө берилип, дүнүйөлүк иштер менен үбара болуп жатса аларга моюн сунба. Дин тууралуу сенден бир нерсе сураган ар бир мусулманга жардамыңды тийгиз! Аларга жол көрсөт! Аларга насыят айт! Аллаху таала жактырган ишти сени менен акылдашууга келген адамдан эч нерсе жашырба! Мусулманга кыянат кылуудан сактан! Кимде-ким бир мусулманга кыянат кылса Аллаху таала менен Расулуна кыянат кылган болот. Мусулман бир тууганыңды Аллах ыраазылыгы үчүн жакшы көрө турган болсоң жаның менен малыңды андан аяба.”

Юсуф аттуу бир адам Хазрети Зиннун Мысринин "Исми а’зам” дубасын билгендигин угуп, Мысырга барып, ага бир жыл кызмат кылат. Бир күнү Юсуф Хазрети Зиннун Мысриге: «Эй устазым, сизге бир жыл кызмат кылдым, эми акымды берүүңүз керек. Сиздин "Исми а’зам” дубасын билгениңизди уккан элем. Аны менден башка эч кимге ишенип тапшыра албай турганыңызды билет чыгарсыз», – дейт. Хазрети Зиннунн Мысри ага үн катпай жоопсуз калтырды. Арадан алты ай өткөндөн кийин Хазрети Зиннун Мысри алиги шакиртин чакырып, ага оозу жабылган бир идиш берип: «Фустаттагы баланча досумду тааныйсынбы?» – дейт. Шакирти: «Тааныйм устазым», – деп жооп берет. «Мына бул идишти ошол адамга алып барып бер», – дейт. Шакирти оозу жабык идишти алып жолго аттанат. Жолдо бара жатып «Хазрети Зиннун Мысри сыяктуу улуу адам белек жиберди. Бул эмне болду экен? Канчалык баалуу нерсе болду экен?» деген ойлор келет. Кызыгуусун токтото албай оозу жабылган идишти ачат. Ачаары менен ичинен бир чычкан атып чыгып, качып барып көздөн кайып болду. Эмне кылаарын билбеген шакирти Хазрети Зиннун Мысриге келип болгон жагдайды айтып берет. Хазрети Зиннун Мысри шакиртине: «Балам, биз сени сынадык. Сага бир чычканды аманат кылдык, сен ага кыянат кылдың. Мындан кийин сага "Исми азамды ишенип аманат кыла аламынбы?» – дейт.

Жыйынтыктап айтканда, мусулман – аманатты, ишенимди актай турган, кыянат кылбаган адам деген сөз. Өзүнө аманат кылып тапшырылган эч бир нерсеге кыянат кылбайт. Пайгамбарыбыз айткандай: «Мунафыктын (эки жүздүүнүн) үч белгиси бар: Калп сүйлөйт, сөзүнө турбайт жана аманатка кыянат кылат.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш