Чыныгы ийгилик


Бир мусулман туура себепке жармашса, туура натыйжа алат. Ал эми жаңылыш себепке жармашкан адам жаңылыш натыйжа алат. Бирок, себепке жармашкан кезде ал себептин туура же жаңылыш экенин айырмалоо өтө кыйын. Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам” мындай дубасы бар: «Аллахумма аринал хакки хаккан ва аринал батили батилан». Мааниси - "Йа, Раббим мага туураны туура кылып, жаңылышты жаңылыш кылып билдир”. Бул - Пайгамбарыбыздын дубасы. Адам баласынын өмүрдө башынан өткөрө турган эң кыйын нерсеси – ката себептерге жармашып жагымсыз натыйжага ээ болуусу. Андай болсо туура себепке кантип жармашууга болот, туура натыйжага ээ болуу үчүн эмне кылуу керек?... Бул суроонун жообу (формуласы) Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде билдирилген. Анда минтип айтылат: «Эки формула беремин. Кимде-ким ушул эки формула боюнча аракет кылса, ишин туура аткарса да, ката кылса да туура натыйжага ээ болот. Бул жалгыз гана туура натыйжага алып баруучу формула. Биринчиси: Бир ишти баштаар алдында бирөөнү кубантуу, же садага берүү, андан соң дуба кылуу. "Йа Раббим, мен ушул ишти жасагым келет, мага ушул иште ийгиликке жетүүмдү насип кыла көр” деп дуба кылуу керек. Бул биринчи себеп. Экинчиси болсо жетимиш жолу "астагфируллах мин күлли ма карихаллах” деп айтуу. Жетимиш жолу айттык, садаканы бердик, дуба кылдык, ошентип жумушту баштадык дейли… Ошентсе да кыйынчылыкка учурадык!... Туура себепке жармашсак жакшы натыйжа алабыз дегенибиз кайда?! Динибиздин улуулары мындай дейт: "Ар кандай ийгиликтерге жетүүгө, адамдар менен жакшы мамиледе болууга, ар кандай бакыт жана ырахатка ээ болууга адамдын өз напси тоскоол болот. Анткени, напсинин Аллахка, Пайгамбарга, бизге да душман экендиги айтпаса да белгилүү. Адамдын бул өмүрдө башына келүүчү кыйынчылыктары, кайгы-муңдары жана дагы ушул сыяктуу азаптары болсо, бардыгы напсиге баш ийгендикти билдирет, тагыраак айтканда, ийгиликтердин баарына тоскоол болуучу нерсе – напси.”

Мусулман болбогондордун ийгиликке жетүүлөрүнүн себеби суралганда даанышмандар мындай деп жооп беришкен: "Силердин ийгилик дегениңер эмне, ийгилик дегенде эмнени түшүнөсүңөр? Чыныгы өмүрдөгү ийгиликпи же болбосо түштөгү (уйкудагы) ийгиликпи? Түштөгү ийгиликти айткан болсоңор, ал ийгилик эмес. Анткени, адам түшүндө каалаган нерсени кыла алат, кедей да, бай да боло алат, не бир түрлүү бийик имараттарды да тургуза алат. Бирок, ойгонгондо, тактап айтканда, өлүп тиги дүйнөгө барганда ошол жасагандарынын эсеби суралат, «буларды ким үчүн жасадың?» деп суралат. Ошол себептен, ар бир ишиңерде өлгөндөн кийин Раббимдин ыраазылыгына кантип жетем, бул ишиме Раббим ыраазы болобу деп ойлой турган болсоңор, анда кылган иштериңердин бардыгы Аллаху тааланын ыраазылыгына ылайык кылынган болот. Чыныгы ийгилик деген мына ушул.”

Эгер ийгилик дегендеги максатыңар бай болуу, атактуу болуу, адамдарга жагуу, элдин сен тууралуу сөз кылуусун, мактоосун каалоо болсо, анда буларга да жетесиңер. Бирок, бул ийгиликтериңер өлгөндөн кийин кыйынчылыкка айланат. Чыныгы ийгилик – Аллаху тааланын ыраазылыгы, же өлгөндөн кийин да өзүнүн баалуулугун жоготпой турган нерсе. Аллаху тааланын ыраазылыгы ушул эки шарттын аткарылуусуна байланыштуу. Андай болсо, садака берип, дуба кылып, жетимиш жолу истигфар айтып кылынган дүнүйөлүк иштерде ийгиликке жеттиң эмне, жетпедиң эмне... Бирок, бул Аллаху тааланын ыраазы болуучу иши экендигин сөзсүз билүү керек. Анткени, өз акылыбызды колдонбой, билдирилген себепти аткарганыбыз үчүн бул жерде напсинин үлүшү болбойт. Напсинин үлүшү болбосо иншаллах кылынган иштердин натыйжасы кайырлуу (жакшы) болот.

Эгер дубабыз кабыл болсун десек башкалардын дубасын алуубуз керек, башкаларды кубантуубуз керек. Бир замандарда Мысырда жут болуп, жамгыр да жаабай койот. Эл жамгырдын жаашы үчүн чара издеп, дуба кылат, бирок, жамгыр эч жаабайт. Салих бир адам мечитте жамаатка карап: «Мен мунун чарасын, жамгырды кандай жаадыруу керек экенин билемин. Ар бир адам садака берсин, ошондо дуба кабыл болот», - дейт да: «Менин бул чапанымдан башка эч нерсем жок, мен чапанымды беремин», - деп чапанын чечип ортого койот. Андан кийин адамдар эмнеси бар болсо ортого жыйнап, муну кедейлерге таратышат. Кийин колдорун жайып «Йа Раббим, кулдарыңды кубанткан адамдардын дубасын кабыл кылаарыңды билдиргенсиң, биз сенин кедей кулдарыңды кубанттык, Йа Рабби» деп жатканда көпкөк ачык асман дароо кара булуттар менен капталып жамгыр жаай баштайт... Эгер дубаларыбыздын кабыл болуусун кааласак башкаларды кубантып, башкалардын дубаларын алуубуз керек. Бир адам бир олуяга келип: "Балам ооруп калды, шыпаа таап, айыгып кетүүсү үчүн дуба кылыңызчы”, - дегенинде олуя адам: "Баланча жерде бир кедей жашайт, алгач ошону кубантып анан кел”, - дейт. Кедейди кубанткандан кийин айтылган дуба менен бала айыгып ордунан туруп кетет. Аллаху тааланын дубабызды кабыл кылуусу үчүн, бизди жакшы көрүүсү үчүн дубанын шарттарына баш ийүүбүз жана Анын кулдарын кубантуубуз керек.

Аллаху таала бул дүнүйөдө Анын ыраазылыгы үчүн кылынган ибадаттар менен амалдарды кабыл кылат. Адамдарга көрсөтүү (мактануу) үчүн, адамдарга жагынуу үчүн кылынган амалдарды кабыл кылбайт. Ошондуктан, ибадаттарыбыздын, амалдарыбыздын, иш-аракеттерибиздин бардыгын ыкылыс менен аткаруубуз керек. Хазрети Имам Раббани мындай дейт: «Акыретте Аллах ыраазылыгы үчүн кылынган ибадаттардан башка амалдардын эч бири кабыл кылынбайт. Ошондуктан, аз да болсо туурасын кылуу керек, тагыраагы, Аллах ыраазы болуучу амалдарды кылуу керек. Эң маанилүү нерсе Аллах ыраазылыгы. Шейх Саади Ширазинин "Гүлистан” аттуу китебинде: «Алинин пайдасына жумуш кылып, акысын Валиден сурабагыла, ким үчүн кызмат кылсаңар акысын ошондон сурагыла», - деп жазылат. Кылган амалдарыбызды адамдар көрсүн, "кандай жакшы” деп мактасын деген ой менен эмес, Аллаху таалага жаксын деп аткаруубуз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш