Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Билип жана ыкылас менен кылынган ибадат




Билип жана ыкылас менен кылынган ибадат


Билип жана ыкылас менен (ихлас менен) кылынган ибадат адамды дүнүйөдө куфурдан, күнөөдөн куткарат жана кадырлуу кылат. Ал эми акыретте тозоктун азабынан куткара турганын Аллаху таала Маида сүрөсүнүн тогузунчу аятында жана Аср сүрөсүндө убада кылган. Анкебут сүрөсүнүн 45-аятында: «Туура окулган намаз адамды фахшадан (чоң күнөөлөрдөн) жана мүнкардан (каршы чыгуудан)сөзсүз түрдө алыстатат», - деп айтылган.

Адамды жамандыктардан алыстатпаган намаз туура намаз эмес, көрүнү гана намаз. Намаз ибадатынын туура болуусу үчүн алгач намазга тийиштүү өкүмдөрдү үйрөнүү керек жана аларды билип, аткаруу керек. Шарттарына ылайык окулган намаз адамды бардык жамандыктардан алыстатат. Анткени, бул - Раббибиздин убадасы. Пайгамбарыбыз: «Билип кылынган аз ибадат билбей кылынган көп ибадаттан да пайдалуу!» - деп билдирген.

Хазрети Имам Газали мындай деген:

«Көп даарат алгандар бар, бирок, дааратын туура алышпайт жана көп намаз окугандар бар, сурабаса да элге намазын айтып жар салышат. Намазын хушу менен окубайт. (хушу: ыкылас менен, кемчиликсиз, башка нерсени ойлобой, берилип окуу). Эгер намазда кумурска тиштеп алса, намаздарын таштап кумурска менен убара болот. Ал эми Аллаху тааланын улуулугун билип, тааныгандардын колу-буттарын кесип алса да кебелбейт. Анткени, алардын ибадаттары Аллаху таала үчүн. Аллаху тааланын алдында турган адам Анын сүрүн, улуулугун билгениндей, таффаккур кылганындай хушу кылат, коркот. Бир падышынын алдында турган кишини чаян чагып алат, ал сабыр кылып, эч кимге билдирбейт. Падышага болгон урматын, адебин көрсөтөт. Ал эми Аллаху тааланын алдында турган адам албетте андан да ашыгы менен хушу ичинде болууга милдеттүү.»

Аллаху таалага жакын болуу үчүн же Анын сүйүүсүнө жетүү үчүн ыкылас менен Исламга моюн сунуу керек. Исламга моюн сунуу алгач Ахли сүннөт аалымдары билдиришкендей ыйман келтирүү, андан соң харамдардан качуу жана парз болгон ибадаттарды ыкылас менен аткаруу дегенди билдирет.

Бардык ибадаттардын кабыл болуусу адал тамактанууга байланыштуу. Хазрети Ахмед бин Абдуллах Исфахани мындай деген: «Дин улууларынын көбү мындай дешкен: "Ибадаттар он бөлүктөн турат, тогузу халал жол менен тамак табуу, калган бир бөлүгү бардык ибадаттарды аткаруу болуп саналат.»

Ошол себептен адал тамак табууга тырышуу керек. Харамдардан жана күмөндүү нерселерден узак болуу керек. Пайгамбарыбыз: «Аллаху таалага ант беремин, бир үзүм арам тамак жеген адамдын кырк күн ибадаттары кабыл болбойт», - деп айткан.

Хазрети Суфйан Саври мындай дейт:

«Харам акча менен жакшылык, кайрымдуулук кылуу – кирди заара менен жууп тазалаган менен бирдей.»

Хазрети Абу Хурайра мындай дейт:

Расулуллах алейхиссаламдан уктум:

«Аллаху таала адеми. Адеми ибадаттарды гана кабыл кылат. Аллаху таала пайгамбарларына буйрук кылганын момундарга да буйрук кылды жана мындай деп айтты: "Эй пайгамбарларым! Адал тамак менен тамактангыла жана салих, жакшы амалдарды кылгыла!” Момундарга да буйрук кылып мындай деди: "Эй ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскылардын халал болгондорун гана жегиле!” Расулуллах алейхиссалам сөзүн улап мындай деди: "Узак жолдон келген, чачы, сакалы уйпаланган, жүзүн чаң баскан адам колдорун көккө көтөрүп дуба кылат. Йа Раббим! деп жалбарат. А бирок, жеген-ичкени харам, азыгынын баары харам. Анын дубасы кантип кабыл болот?» Тактап айтканда, харам жеген адамдын дубасы кабыл болбойт деп айтты.

Ошондуктан, харамды, халалды, кумөндүү нерселерди жана пайызды билбеген адам, буларды бири-биринен ажырата албаган адам харамдардан кутула албай кылган ибадаттары бошко кетет.

Исламдын буйруктарына баш ийип, тыйууларынан сактанган адамга сооп, ал эми буйруктарын аткарбай, тыйууларынан сактанбагандарга азап бар. Ыйман ниматына ээ болгон адамга ибадат кылуу буйрук кылынган. Ибадат – Аллаху тааланын бар экенин, Анын пайгамбарларын жана акыреттеги ниматтарды жана азаптарды кабыл кылуу менен жана ишенүү менен башталат. Буларга ишенип, ибадаттарды аткаруу менен үч нерсе пайда болот:

Биринчиси, адам шахватына багынуудан кутулат. Көңүлү, руху тазарат. Ачуулануудан тыйылат. Анткени, шахват менен ачуулануу жаратканды эске алууга кедерги болот.

Экинчиси, адамда материалар менен кылынган тажрыйбалар жана сезүү мүчөлөрү менен ээ болгон билимдерине байланышы болбогон башка руханий илимдер, өздөштүрүүлөр пайда болот.

Үчүнчүсү, жакшылыктарга ниматтар, жамандык кылгандарга азап бериле турганын ойлогондо адамдар арасында адилеттик орнойт.

Көңүлдүн напсиге алданып жаман мүнөздүү болбоосу үчүн көңүлдү кубаттандыруу жана напсини алсыратуу керек. Акылдын кубаттануусу Ислам илимдерин окуп үйрөнүү менен ишке ашканы сыяктуу көңүлдүн күбаттануусу, тактап айтканда, тазаруусу да Исламга баш ийүүсү менен ишке ашат. Исламга баш ийүү үчүн ыкылас керек. Ыкылас – иштерди, ибадаттарды Аллаху таала буйрук кылганы үчүн кылуу, башка эч кандай пайданы ойлобоо дегенди билдирет.

Парздарды аткарбай калтыруу (таштоо) чоң күнөө. Бул күнөөлөрдөн кутулуу үчүн ибадаттарды шарттарына ылайык кылып жана ыкылас менен аткаруу керек. Билип жана ыкылас менен кылынган ибадат адамды дүнүйөдө куфурдан жана күнөөдөн коргоп даражасын жогорулаткандай эле акыретте да түбөлүк бакытка жетүүгө себепчи болот. Ал эми ибадат кылбастан Жаннатка кирүү үчүн дуба кылуу күнөө болот. Хадиси шарифте: «Акылдуу адам напсин ээрчибейт жана ибадатын аткарат. Акмак адам напсин ээрчип, анан Аллахтын мээримин күтөт», - деп айтылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш