Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жамандыктардан кутулуунун жолу




Жамандыктардан кутулуунун жолу


Аллаху таала өлүмдөн башка бардык оорулардын дабасын, шыпаасын жараткан. Бардык кыйынчылыктардын, бардык кайгынын чарасы бар. Бир нерсеге жеткиси келген адам ал нерсенин себебине жармашат. Ар нерсенин себебине жармашкан адам ошол нерсенин натыйжасына жетет.

Бардык дарттын, оорунун, кыйынчылыктын дарысы, чечими бар болгон сыяктуу жамандыктардан кутулуунун да жолу, чечими бар. Туура окулган намаз бардык жамандыктардан кутулуунун жолу болуп саналат. Анткени, Анкебут сүрөсүнүн 45-аятында: «Туура окулган намаз адамды чоң күнөөлөрдөн жана Аллаху тааланын ыраазы болбогон нерселеринен кандай да болсо алыстатат», - деп айтылган.

Аяти каримадагы "кандай да деген сөз сөзсүз түрдө деген маанини билдирет. Башкача айтканда, намаз адамды жамандыктардан сөзсүз түрдө алыстатат деген сөз. Бирок, "туура окулган намаз”, - деп айтылган.

Шарттары толук аткарылып, туура окулган намаз бардык жамандыктардан кутулуунун чарасы болуп саналат. Адамды ар түрдүү жамандыктардан тазалайт. Буга ишенүү керек. «Ишенбеген куру калат» деген накыл сөз бар. Ишенип, шарттары толук аткарылып окулган намаз адамды жамандыктардан сөзсүз түрдө куткарат. Намаз окуп жүрүп жамандыктардан кутула албаган адам кемчиликти өзүнөн издөөсү керек. Гусулун, дааратын жана намаздарын текшерүүсү керек. Сөзсүз түрдө бир жеринде катасы бар. Анткени, Аллаху тааланын бул маселе туурасындагы шарты анык: «Туура окулган намаз адамды харамдардан жана төмөндөгү нерселерден алыстатат!»

Адамды жамандыктан тыйбаган, тыя албаган намаз туура намаз эмес. Ал болгону сырттан караганда намаз болуп көрүнгөндүктөн көрүнүштө гана намаз. Анткени менен туура намазга жеткенге чейин көрүнүштөгү намазды да колдон чыгарбай окуп жүрүү керек.

Намаз тараза сыяктуу. Ким таразаны толтуруп туура өлчөсө, намазын китептегидей толуктап окуса соопторго, зыяпатка жетет. Кимде-ким кем өлчөсө, тактап айтканда, намазын шарттарына жана сүннөттөрүнө ылайык окубаса, Аллаху тааланын дайындаган тозогун эстесин.

Ошондуктан, эне-аталардын балдарына намаздын маанилүүлүгүн үйрөтүүсү жана сөзсүз түрдө намаз окутуулары керек. Балдардын намаз окуусуна тоскоол болуучу бардык нерсе, алардын балээсине да себеп боло турганын билүүлөрү керек. Балдардын балалык чагын кепилге алуу аларды жакшы мусулман кылып тарбиялоо менен гана ишке ашат. Жалгыз жогорку билимдүү деген диплом менен баланын бала чагы кепилге алынган болбойт. Тарбия көрбөгөн адамдын колуна диплом берүү акмактын колуна бычак берүү менен барабар. Демек, балага алгач мусулмандыкты үйрөтүү, андан кийин жогорку окуу жайга берүү керек. Жакшы мусулман болгондон кийин гана дипломдун пайдасы тийет. Ошондо гана адам өзүнө да, элге да пайдалуу боло алат.

Эгерде бир ата-эне баласына намаз окутпаса, бул аны өз колу менен Жаханнамга таштап жатат дегенди билдирет. Адамды дүнүйөдө жана акыретте балээлерден, кыйынчылыктардан куткаруучу жалгыз амал – намаз. Муминун сүрөсүнүн башындагы аяти каримада: «Мусулмандар сөзсүз түрдө кутулат. Алар намаздарын хушу менен окугандар», - деп айтылат. Хушу – намазды кемчиликсиз, берилип окуу деген сөз.

Дүнүйө иштеринде бир кыйынчылыкка туш болгон адам истигфарга жана намазга көңүл буруусу керек. Туура окулган намаз бардык дартка даба болот.

Дүнүйөлүк кыйынчылыктарды шылтоо кылып намазга кайдыгер кароо акылдуу адамдын иши эмес. Кыйын күндөрдөгү чарасыз абалдардын таасирине түшпөө керек. Жакшы мусулман болууга аракеттенүү керек. Өмүрдө болуп туруучу кыйынчылыктар менен балээлерге сабырсыздык кылбоо керек. Дүнүйөнүн кубанычы да, кайгысы да, кеңдиги да, тардыгы да түбөлүк эмес. Дүнүйөнүн бул өткүнчү абалына алданбоо керек. Буларды шылтоо кылып бардык жамандыктардан куткаруучу дары болгон жана дагы эң негизгиси Раббибиздин буйругу болгон намазды калтырбоо керек.

Ар күнү беш убакыт намаз окуу кыйын эмес. Күнөө кирлери менен көңүлдөр (жүрөктөр) карарган кезде кыйын болуп сезилет. Намаз окуу Аллаху тааладан корккон мусулмандарга оңой болот, кыйынчылыгы келбейт. Анткени, Бакара сүрөсүнүн 45-аятында: «Намаз окуу мусулмандарга гана, Аллаху тааладан корккондорго гана оңой болот», - деп айтылган.Хазрети Имам Раббани мындай дейт:

«Парздардын эң жогоркусу намаз болуп саналат. "Намаз – мусулмандын миражы” жана "Кулдун Аллаху таалага эң жакын болгон кези - намазда турган кези!..” деген хадиси шарифтер мындан кабар берүүдө. "Аллаху таала менен ушундай убакыттарым бар..” деп башталуучу хадиси шарифте билдирилген Расулуллах алейхиссаламдын эң баалуу убакыттары - намаздагы убакыты. Намаз – күнөөлөрдү пардалайт, адамды жаман, ыплас нерселерди кылуудан коргойт. Пайгамбарыбыздын "Эй, Билал, мени ырахатка бөлө!” деп көңүлүн жайландыргысы келген нерсеси намаз эле. Диндин тиреги – намаз. Мусулмандык менен ыймансыздыкты бири-биринен ажыратуучу да намаз болуп саналат.»

Хазрети Абдуллах Дахлави мындай дейт:

«Бүткүл ибадаттар намаз ичинде жыйналган. Курани карим окуу, тасбих айтуу, башкача айтканда, "субханаллах” деп айтуу, Расулуллах алейхиссаламга салават айтуу, күнөөлөргө истигфар айтуу жана муктаждыктарды жалгыз Аллаху тааладан гана сурап, Ага дуба кылуу намаз ичинде бириккен. Дарактар, чөптөр намазга тургандай тик турушат. Жаныбарлар "руку” абалында, жансыздар "желседе” отургандай жерге төшөлгөн. Намаз окуган адам булардын ибадаттарынын бардыгын аткарат. Намаз окуу мираж түнү парз болду. Ошол түнү миражга чыгуу менен сыйланган Аллаху тааланын сүйүктүү Пайгамбарына баш ийүүнү ойлоп намаз окуган бир мусулман Ал улуу Пайгамбар сыяктуу Аллаху таалага жакындаткан макамдарда жогорулайт. Аллаху таалага жана Анын Расулуна карата адеп менен хузур менен намаз окугандар бул мартабаларга жогорулагандыктарын түшүнүшөт. Аллаху таала жана Анын Пайгамбары бул үммөткө мээримдүүлүк кылып чоң ихсан кылып, намаз окууну парз кылышкан. Бул үчүн Раббибизге хамд жана шүгүр болсун! Анын сүйүктүү Пайгамбарына (алейхиссалам) салават жана тахыййат жана дубаларды кылабыз! Намаз окуп жатканда пайда болгон сафа жана хузур таң кала турчу нерсе.  Устазым (Мазхар-ы Жан-ы Жанан) буюрду: «Намаз окуп жатканда Аллаху тааланы көрүү мүмкүн болбосо да көрүп жатканда бир абал пайда болууда.» 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш