Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Диндин буйругу мезгилге жараша өзгөрбөйт




Диндин буйругу мезгилге жараша өзгөрбөйт


Суроо: "Диндин буйругу башка, Арап салттары башка нерсе. Аравия өтө ысык болгондуктан ал жерде жашаган адамдар ысыктан сактануу максаты менен оронушкан. Бул Исламияттан мурдагы араптардын салты, дин менен байланышы жок. Кийин диндин буйругу болсо дагы Курандагы кээ бир өкүмдөр өзгөртүлө алат” деген пикирдин чындык пайы барбы? Тасаттур (аялдардын динге ылайык кийинүүлөрү) диндин буйругубу же арап салтыбы?

ЖООП

Бул пикирде кымындай дагы чындык жок, айтылган нерсенин бардыгы жаңылыш.

Биринчиси: Дүнүйөнүн бардык жеринде ысыктан ыңгайсыз болгондор чечинип жатышат. Аравияда тескерисинче кийинип, оронууларын айтуу кызык эмеспи?

Экинчиси: Арап салты деп айтуу өтө жаңылыш. Себеби, араптар Исламияттан мурда Каабаны дагы жылаңач таваф кылышчу. Б.а., жылаңач ачыктык жана уятсыздык даңазаланчу. Исламият келгенде жылаңач басып жүрүүгө тыюу салды.

Үчүнчүсү: Курани карим жана хадиси шариф менен билдирилген өкүмдөр мезгилге карата, убакыттын өтүүсү менен өзгөрбөйт. Салтка тийиштүү болгон өкүмдөр убакыттын өтүүсү менен өзгөрүшү мүмкүн. Тасаттур тууралуу буйрук салт эмес, диндин өкүмү. Курани каримде мындай мааниде айтылууда:

"Момун аялдарга айт: [Чоочун эркектерди кароодон] сактанышсын, намыстарын коргошсун, [кол, жүз сыяктуу] көрүнгөн бөлүктөн тышкары зыйнаттарын [Чач жана моюнга тагылчу кооздук зыйнат тагылган жерлерди] көрсөтүшпөсүн, жоолуктарын жакаларына чейин [чач, кулак жана тагылчу кооздук буюмдарын] жабышсын.” [Нур 31]

Бул аяти каримадан аялдардын жоолуктарын бир гана жакасын жаба тургандыгы, баш жана денесинин калган жерлерин жабуунун керек эместиги түшүнүлүшү мүмкүн. Көздү эмнеден сактайт, намысын кантип коргойт, зыйнаттан максат эмне! Кына, сүрмө боёкпу, алтын күмүш сыяктуу зыйнаттарбы? Бул маселелер хадиси шариф менен билдирилген. Бир аяти кариманын мааниси мындай:

"Эй, Наби, аялдарыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына [тышка чыгарда] жилбабдарын [тыш кийимдерин] кийүүлөрүн айт! Бул алардын таанылып, жабырланбоолору үчүн дурусураак.” [Ахзаб 59]

Бул котормону карап "Аял таанылып, жабырланбоосу үчүн тыш кийим кийет. Таанылып, жабырланбаса жылаңач басып жүрө алат” дегендер дагы чыккан. Бул аяттарды Расулуллахтын "саллаллаху алейхи ва саллам” кандайча ачыктагандыгын караш керек. Хадиси шарифте айтылды:

"Аялдын [жүз жана эки колунун алакан бөлүгүнөн башка] бардык денеси аврат” [Межмаул-энхур, Эл-мугни]

Бул хадиси шарифте аялдын оромолу ачыкча билдирилүүдө. Курани каримдин 17 жеринде Расулуллахка: "Айт, мага моюн сунгула”, - деп буюрулууда. Аллаху тааланын Расулуна моюн сунуп, Ал билдиргендей оромолго көңүл оодаруу керек! Хазрети Эсма ичке кийим менен келгенде Расулуллах "алейхиссалам” балдызын карабады. Мубарек жүзүн буруп, мындай деди:

"Йа, Эсма, бир кыз намаз окуй турган жашка келгенде жүз жана колдорунан сырткары денесин эркектерге көрсөтө албайт.” [Абу Давуд]

Хазрети Аиша энебиз дагы айткан:

"Алгачкы мухажир аялдарга Аллах рахмет кылсын! Тасаттур аяты түшкөндө дароо чүпөрөктөрүн жыртып баштарын жаап, оронушту.” [Бухари, Несаи]

Куранды өз көз карашы менен тафсир кылып, тасаттур (оронуу) фарзын четке кагуу куфур болот, ыйманды кетирет. Бир аял ачык жүрсө ыймансыз болбойт. Бирок, динге ылайык жамынып, оронуунун керексиз экендигин айтса ыйманы кетет.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш