Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Үй-бүлө бакыты үчүн




Үй-бүлө бакыты үчүн


Үйлөнүү эркекти дагы, аялды дагы бактылуу кылган касиеттүү биримдик болуп эсептелет. Адистер айтышат:

«Депрессияга кирген бир аялды бактылуу кылгыңар келсе аны үйлөндүргүлө, балалуу кылгыла. Бир эркекти дагы бактылуу кылгыңыз келсе ушул эле нерсени ага кылгыла...»

Бүгүнкү күндө, өзгөчө Батышта адамдын Жаннаты деп айтууга боло турчу үй-бүлө турмушу бузулууда... Аял иштөө үчүн ар күн сыртка чыкканда алгач өзүн, кийин балдарын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн тынчын алат.

Вашингтон университетинин изилдөө натыйжасына карата Америкада депрессияга кирген иштеген аялдардын саны эркектерден эки эсе көп.

Аял ансыз деле алсыз жана назик жаратылган. Үй иштери жана балдарын кароо ал үчүн ашып-ташып турса да сыртта бир жумушта кошумча иштөөсү аны абдан чарчатууда жана тынчын кетирүүдө.

Жумушта иштеген эне эртең менен балдарын таштап кетип жатканда өзүн күнөөлүү сезет. Биз жашап жаткан кылымда аялдардын үйлөнүүдөн качууларынын эң чоң себептеринин бири да ушул болуусу мүмкүн.

Эненин күн сайын сыртта эмгек кылуусунан келип чыккан маанилүү маселелерден бири балдарынын керектүү болгон кызмат жана мээримден куру калуулары болуп саналат. Балдар тамакка муктаж болгондой эле эне мээримине муктаж.

Жалпы алганда аялдар акча табуу, ушундайча үй-бүлөлүк керектөөлөрдү камсыздоо үчүн иштеп жатышат. Бирок, кылынган изилдөөлөр боюнча иштеген энелердин 84% асыл максаты акча эмес, алган билимин жана өнөрүн колдоно алуу үчүн аларда туулган арзууну кандыруу болуп саналат...

***

Динибиз аялдын иштөөсүнө белгилүү шарттардын ичинде жана зарыл болгон жагдайларда уруксат берүүдө. Үй-бүлөнүн, балдардын нафакасын камсыздоону болсо эркекке фарз кылган.

Эркектер аялдардан дагы күчтүү жаратылган. Эркектердин вазыйпасы - акча табуу, аялынын жана балдарынын муктаждыктарын камсыз кылуу. Аялдын маанилүү милдети болсо – үйүндө үй иштери менен жана балдарынын тарбиясы менен алектенүү.

Эркектер аялдарга тийиштүү кандайдыр бир ишти алар сыяктуу мыкты аткара албайт. Аялдар эркектерге караганда дагы да мээримдүү, жумшак жана сезимтал болот.

Эркектер үй иштеринде аялдарчалык ийгиликтүү боло албагандыгы сыяктуу аялдар дагы сыртта иштөө жагынан эркектерчелик ылайык боло алышпайт.

Аялдар жумуштагы бир ишке өздөрүн канчалык берүүгө аракет кылышса дагы «үй иштери өзүбүзгө тийиштүү» деген сезимди жондорунан алып сала алышпайт. Алар үйдөгү проблемаларына жумуштагыларга караганда көп маани беришет.

Аял жана эркек тең укукка ээ, бирок, жаратылыштары тең эмес. Жаратылыштары бири-биринен өтө айырмалуу. Бири-бирине муктаж, бири болбосо экинчиси кем болот. Б.а., аларды бир уя бүтүндөштүрөт, алар бири-бирин толуктап турган башкача жарым болуп саналат.

Жакшы үй-бүлөнүн курулуусу эркекке дагы, аялга дагы тынчтык жана бакыт алып келген окуя. Бул бакыттын улануусу үчүн аялдарга артыкча жүк жүктөбөө керек.

Баланы тогуз ай көтөрүүсү, өз жанын сарптап багуусу, төрөөсү, төрөт маалындагы өмүр коркунучунан өтүү, мунун баары ага жетишсизби?

Төрөө менен иш бүтүп калбайт, баласын эмизүү, күнү-түнү кароо, кээде таң азанга чейин уйкусуз калуу, тазалыгы да энеге тийиштүү. Алардан дагы эмнени күтмөкчүбүз?


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш