Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Макталуу адамды текеберликке жетелейт




Макталуу адамды текеберликке жетелейт


Хужжат-ул Ислам Имам Газали хазреттери буюрууда: «Сага «кандай жакшы адамсың» деген сөз «кандай жаман адамсың» деген сөздөн жагымдуураак болсо анда сен чынында эле жаман адамсың!..»

Макталууну жактырбаган адам жок сыяктуу. Адамдар бул жагынан төрткө бөлүнөт:

Биринчи бөлүк: Макталууну жактырат, жамандалганда көңүлү түшөт. Муну ачыктан ачык белгилүү кылат. Өзүн мактаган кишини сыйлайт, рахмат айтат. Жамандалууну жактырбагандыгын кыймыл аракеттери аркылуу же сөздөрү менен билдирет. Адамдардын көбү мына ушул бөлүктө. Көбүнесе макталууну жакшы көрөбүз. Башка кишилер тарабынан жактырылуу, алкыш алуу – напсинин өтө жакшы көргөн нерсеси. Мындай болгон соң бардык адамдар биздин бардык каалоолорубузга кубануу менен жүгүрүп, бизге кызмат кылышат деген түшүнүк пайда болот.

Экинчи бөлүк: Макталууну жактырат, жамандалуудан көңүлү түшөт, бирок, муну билдирбегенге аракет кылат, жашыруун калуусун каалайт, уялат. Ачыктан болбосо да ичинен аны мактаган кишиге дуба кылат, жамандаган кишиге жаман дуба кылбаса дагы ага дуба кылбайт. Киши кылган иштерден, сүйлөгөн сөздөрдөн мактоо таап же таппагандыгын ойлоп күмөндөнөт. Макталар замат бул шектенүүсү кетип, андан ырахат ала баштайт. Бул абал адамга таттуу сезилгени менен өзүн коркунучтарга түрткөндүгүн байкай албайт. Болгон аракетинин баарын тең адамдардын көңүлдөрүн алууга жумшайт. Өзүн сүйдүрүү жана мактоо табуу үчүн, рия кылуу менен өмүрүн өткөрөт. Сөз жана кыймыл аракеттеринде элдин купулуна толуу үчүн колунан келген кошоматтыгын кылуудан артта калбайт. Хадиси шарифте мындай деп буюрулду:

«Мал-мүлк жана атак-даңкка болгон сүйүүнүн адам баласына бере турчу зыяны эки ач карышкырдын бир кой үйүрүнө бере турчу зыянынан да көп.»

Үчүнчү бөлүк: Аны мактаган менен жамандаган окшош. Адамдардын пикирине көп маани бербейт. Маанилүү болгон нерсе – Раббибиздин жанында жакшы болуу. Муну табууга аракет кылат. Бир кишиге бир күнөө тагылат, бирок, соттун көзүндө ал киши күнөөлүү эмес, элдин баары «Ал ошол күнөөнү кылган болчу» деп айтышканы менен баары бир анын пайдасы болбойт. Сот аны актаса жайбаракат үйүнө кетет. Эми ушул эле нерсенин тескерисин ойлоп көрөлүчү; Сот алдында (кылынган иш чаралар, изилдөөлөр натыйжасында) күнөөлүү экендигине ишеним пайда болсо, ал эми элдин баары: «Жок ал киши бул кылмышты кылган эмес, ал мындай ишке барбайт», - дешсе мунун кандай пайдасы болмок эле. Үстүнө жаза беренеси тагылып, колуна кишен салынып, түрмөгө камалат... Жөнөкөй соттун чечими мына ушунчалык маанилүү болсо бардык ааламды жоктон бар кылган жана каалар замат жок кылууга кудуреттүү болгон Аллаху тааланын чечими кантип маанилүү болбосун!..

Имам-ы Газали хазреттеринин таамай сөзү бар. Айтат:

«Сага «кандай жакшы адамсың» деген сөз «кандай жаман адамсың» деген сөздөн жагымдуураак болсо, анда сен чынында эле жаман адамсың!»

Төртүнчү бөлүк: Макталууну жактырбайт, жамандалуудан ыраазы болушат. Себеби, макталуу адамды текеберликке жетелейт, эки чоң душманы болгон напсини жана шайтанды кубантат. Акылы бар адам душмандарын кубантчу беле?

Анын үстүнө, күнөөлөрүбүзгө караганда ансыз деле аз болгон соопторубузду текеберленүү аркылуу түгөтөбүз. Шайтан бир адамдын артынан түшөт, бирок, ага эч бир күнөөнү кылдыра албайт. Бир күнү адам келбетинде ал адамдын жанына келип, өзүн таанытат. Шайтан экендигин айтканда тиги адам ачууланып: «Мага эмне үчүн келдиң?» - деп сурайт. Ал болсо: «Сени куттуктоо үчүн келдим... Жыйырма жылдан бери артыңан эч калбай, бардык мүмкүнчүлүктөрүмдү колдондум, бирок, сага бир да күнөө кылдыра алган жокмун», - дегенде тиги адам текеберленип: «Ии, сен мени ким деп ойлодуң эле?» - дейт. Шайтан болсо жыйырма жыл бою кыла албай жүргөн ишин кылган болот, адамды мына ушул жол менен жеңген эле. Шайтан бул ийгилигине өтө кубанып, ал кишинин жанынан алыстап кетти...

Мына ушундай коркунучка түшүп калбоо үчүн өтө абайлообуз керек. Бизди кимдир бирөө мактаганда мындайча ой жүгүртүүбүз керек:

«Бул киши мени тааныбайт, кылган жамандыктарыман кабары жок, эгер мен кылган жамандыктарды билгенде мактамак эмес...» Дагы экинчи бир жагы, бизди мактаган нерсенин өзүбүздөн эмес экендигин ойлообуз керек. «Булар менде болгону менен Раббибиздин ихсаны, ал берген нерсе», - деши керек. Мына ушундайча текеберлик коркунучунан өзүбүздү коргоого аракет кылуубуз керек...

Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) макталган кезде: «Йа Рабби! Булар мени менчелик билишпейт, мен дагы өзүмдү сенчелик тааныбайм, кемчиликтеримди билишкенде минтип айтышмак эмес. Алар билбеген жактарымды кечире көр», - деп дуба кылчу.

Напсилерин тарбия кылган, текеберленип кетүү коркунучу болбогон адамдарды мактоого болот. Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам) сахабаларын мактаган көптөгөн хадиси шарифтери бар. Атын айтып мактагандары да бар. Мисалы: «АБу Бакрдын (радыйаллух анх) ыйманы таразанын бир жагына коюлса, бүткүл дүнүйөдөгүлөрдүн ыйманы экинчи жагына коюлса Абу Бакрдын ыйманы оор келмек».

«Менден кийин Пайгамбар келгенде Омар (радыйаллаху анх) Пайгамбар болмок».

«Периштелер дагы Османдан (радыйаллаху анх) уялышат».

«Мен - илимдин калаасымын, Али (радыйаллаху анх) болсо – анын эшиги».

Бул ыйык жана акыйкат сөздөр менен булар эң жогорку даражада макталышкан. Бирок, напсилери Расулуллахтын сукбаттары менен ушунчалык тарбиялангандыктан аларга эч бир коркунуч боло алмак дагы эмес...

М. САИД АРВАС


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш