Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ойлонуп сүйлөгөн адам - адамдардын эң акылдуусу




Ойлонуп сүйлөгөн адам - адамдардын эң акылдуусу


Имам Газали хазреттери мындай деген: «Көп сүйлөгөн адам кыйынчылыктардан кутула албайт, аз сүйлөгөн адам кыйынчылыкка дуушар болбойт. Эч бир адам сүйлөбөгөн сөзү үчүн өкүнбөйт.»

Адамдарга берилген эң чоң ниматтардан бири – бул сүйлөө мүмкүнчүлүгү. Тилибиздин жардамы менен дартыбызды айтып, илим үйрөнүп жана үйрөтө алуудабыз. Ошол эле тилибиздин айынан кыйынчылык тартып, азап чегүүдөбүз. Тил адамды Жаннатка да алып барат, Жаханнамга да алып барат. Канчалаган адамдар ооздорунан чыккан бир сөздүн айынан өлтүрүлгөн же түрмөлөрдө чириген. Канчалары сүйлөгөн сөзү менен мактоо таап, жогору даражаларга барылган...

Ыйман менен өлө алуу үчүн «көңүл менен тастыктан» кийин «тил менен кайталоо» керек. Сахих ыйман үчүн экөө тең керек. Жада калса, кароосу да бизге харам болгон чоочун аял бир сөз менен (нике акты) халалыбыз болууда, бир үйдө бирге жашоодобуз. Эгер оозубуздан куфурга себеп боло турчу бир сөз чыкса ыйманыбызды дагы, никебизди дагы жаңылоого мажбур болуудабыз. Ошондуктан, сөз сүйлөөнү баштоодон мурда сүйлөй турчу сөздөрүбүздү чыпкадан өткөрүп, текшерүүбүз керек.

Хазрети Абу Бакр тилинин алдына таш салып, сүйлөөдөн мурда айта турчу сөздөрүн өлчөп-салмактачу. Эгер бир сөз өзүбүзгө же бирөөлөргө пайдалуу боло турган болсо айтуу керек, пайдасыз болсо айтуудан сактануу керек.

Хадиси шарифте мындай деп айтылган: «Момундун тили көңүлүнүн аркасында. Алгач ойлонот, кийин сүйлөйт. Мунафыктын тили көңүлүнүн алдында, алгач сүйлөйт, кийин ойлонот.» Сүйлөп алгандан кийин ойлонуу эмнеге жарайт? Ок жаадан чыккан болот. Өкүнүү пайда бербейт. Айта элек сөзүбүздүн кожоюнубуз, айткан сөзүбүздүн туткунубуз... Мүмкүн болушунча аз сүйлөөбүз керек. Себеби, көп сүйлөө – акылсыздыктын белгиси. Адамдар дагы көп сүйлөгөн адамдарды жактырышпайт.

Аллаху таала бизге бир тил, эки кулак берди. Демек, эки тыңдап, бир сүйлөшүбүз керек. Тилибизди эки кулпунун аркасына жайгаштырган, алар – тиштерибиз жана эриндерибиз.

Имам Малик хазреттери оозун тыялбаган бир кишиге«Жакшысың, сүйкүмдүүсүң, бир айлык сөздү бир күндө сүйлөй турган болбогонуңда», - деген экен.

Локман Хаким уулуна: «Балам, сөзмөрлөр мыкты сүйлөөлөрү менен сыймыктанышат, сен болсо унчукпооң менен сыймыктан!»

Хадиси шарифте мындай делди: «Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтилген адам сүйлөгөн сөздөрүнө дыкат болсун. Же туура сүйлөсүн, же унчукпасын. Себеби, ооздон чыккан ар сөз периштелер тарабынан жазылат жана эсепке да тартылат.»

Имам Газали хазреттери (рахимахуллах) мындай деген: «Көп сүйлөгөн адам кыйынчылыктардан кутула албайт, аз сүйлөгөн адам кыйынчылыкка дуушар болбойт. Эч бир адам сүйлөбөгөн сөзү үчүн өкүнбөйт.»

Эл арасында: «Кылыч жарасы айыгат, сөз жарасы айыкпайт!» - деп айтылат.

Ибни Аббас хазреттери: «Ойлонуп сүйлөгөн адам – адамдардын эң акылдуусу», - деген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш