Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адам баласы эмне үчүн өлүүнү каалабайт?




Адам баласы эмне үчүн өлүүнү каалабайт?


Дүнүйөгө болгон сүйүү адам баласын жеңгенде адам өлгүсү келбейт. Себеби, өлүм аны жакшы көргөн нерселеринен ажыратмакчы. Өлүмдү эч качан өзүнө жараштыра албайт, өзүнөн алыс кармайт.

Көп жашай тургандыгын, көп жыл өмүр сүрө тургандыгын ойлогон адам өлүмдөн кийинки жашоо үчүн эмгек кыла албайт. Өзү өзүнө мындай дейт: «Кандай болсо да алдыңда көп убактың бар, ибадаттарыңда каалаган кезиңде кылаарсың, азырынча ырахат алып, жыргай бер...»

Ал эми өлүмдү жакын көргөн адам болсо дайым ага даярдануу менен алек болот, жалган дүйнөгө бел байлабайт. Мындай адам тообосун кечиктирбейт, ибадаттарын убагында орундайт. Өлүмдү көп эстегендиги үчүн көңүлү жумшарат. Мына бул – бардык саадаттын, бакыттын башы.

Хадиси шарифте мындай делген: «Лаззаттарды жыга турчу өлүмдү көп эстегиле!»

Жыргап-кууноо үчүн көп жашоону каалоо «тул-и эмел» (узун эмел) деп аталат. Кызмат жана ибадат үчүн жашоону каалоо тул-и эмел деп эсептелбейт, тескерисинче, көп кызмат жана ибадат кылуу үчүн көп жашоону каалоо өтө баалуу.

Хадиси шарифте мындайча айтылган: «Адамдардын эң жакшысы - өмүрү узун жана амалы жакшы болгону. Адамдардын эң жаманы болсо – өмүрү узун, амалы жаман болгону.»

Узун эмелдүү болуунун эки себеби бар: «Бири- жахилдик (дин сабатсыздыгы) экинчиси – дүнүйөлүк нерселерди жакшы көрүү.»

Дүнүйөгө болгон сүйүү адам баласын жеңгенде адам өлгүсү келбейт. Себеби, өлүм аны жакшы көргөн нерселеринен ажыратмакчы. Өлүмдү эч качан өзүнө жараштыра албайт, өзүнөн алыс кармайт. Өлүмдү унутуу үчүн жеп-ичүүгө, оюн-зоокко берилип кетет. Дайыма жашоо, мал-мүлк ээси болуу жана ар каалаган нерсесине жетүүнү каалайт. Каалаган нерселерине жеткен сайын дүнүйөгө болгон берилүүчү күчөй берет. Бирине жетер замат дагы экинчисине умтулат. Бир жерди менчиги кылып берсең экинчи жерди дагы алгысы келет. Ошентип, бир күнү караса өмүрү түгөнгөн болот, Азраил алейхиссалам маңдайына келет. Эки көзүн бир гана топурак тойгузат!...

Ден-соолугубуздун чың болуп турганына жана жаштыгыбызга алданбайлы, өлүм жаныбызда турганын унутпайлы...

Чындыгында, статистика маалыматтарын карай турган болсок наристелер менен жаш курактагылар арасындагы өлүмдүн кары жаштагылардан аз эмес экендигин көрө алабыз...

Омаяд халифаларынан болгон Хишам бин Абдулмелик, Абу Хазм хазреттеринен сурайт:

- Устаз, биз эмне үчүн өлүмдөн ушунчалык коркобуз? Ойлоону да каалабайбыз?

- Эгер дүнүйөңөрдү тургузуп-кооздоп, акыретиңерди урата турган болсоңор албетте чочулайсыңар. Ким тургузуп-кооздоону таштап, урандыны тандасын? Адам жакшы көргөн нерсесинин жанында болгусу келет. Эгер мал-мүлкүңөрдү Аллах жолуна сарптап, акыретке жумшаганыңарда өлүмдү дагы жакшы көрмөксүңөр.

- Анда кутулуунун чарасы эмне?

- Казынаңа кирген ар бир тыйындын халалдан келүүсүнө көңүл бөлүшүң керек.

- Андай болуусу мүмкүнбү устаз? Ушунча чоң мамлекеттин казынасы... Ар күн миңдеген алтын кирип-чыгууда. Салыктар, айлык акылары, имарат иштери... Булардын бардыгын кантип текшерип тура алам? Улуу Ислам аалымынын жообу кыска жана нуска болду:

- Мына көрдүңбү, Жаннат дагы арзанга турбайт!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш