Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Напсиге эң көп азык болгон күнөө




Напсиге эң көп азык болгон күнөө


Даанышман заттар мындай дешкен:

Адамдын ичиндеги жана сыртындагы душманынын бир гана максаты бар – ал адамдын ыйманын кетирүү. Бул душмандар өздөрү ыймансыз болгондуктан башкаларды да ыймансыз кылууга аракет кылышат. Чындыгында, бир кумарпоз башкалардын да өзү сыяктуу кумарпоз болуусун каалайт, бир аракеч башкалардын дагы аракеч болуусун каалайт. Бул мына ушундай оору.

Адамдын ичиндеги душманы болгон напси мингич ат сыяктуу адамга керек. Себеби, жеп-ичүү, үйлөнүү баары тең напси менен болот. Бирок, ат сыяктуу болгон напсиге берилген жем көбүрөөк болуп кетсе баш бербей турган болот. Напсинин ырыскысы – харам нерселер. Харам менен тамактана берсе жаман иштин баарын кылат.

Напсиге эң көп азык болгон күнөө – кул акысы. Себеби, ар күнөө тообо кылуу менен кечирилет. Бирок, кул акысы бир гана тообо менен кечирилбейт, адалдашуу дагы шарт.

Хазрети Омар жеке бир иши үчүн акчага муктаж болот. Саад бин Абу Ваккас хазреттерине барып карызга акча сурайт. Ал: «Эй, момундардын эмири, казына сенин колуңда, ошол жерден канча керек болсо карыз алып кийин төлөп койсоң болбойбу? Эмне үчүн минтип башкалардан карыз акча издеп жүрөсүң?» - дейт. Ошондо Хазрети Омар ага мындай дейт:

«Өлүп калсамчы? Сен го менин досумсуң. Сени менен эсептешип, адалдашып алабыз. Керек болсо балдарым төлөйт. Сен бир кишисиң, менде акың калган болсо кечиресиң. Бирок, мен казынадан акча алып, эгер өлүп кала турган болсом, менин балдарым ким менен адалдашышат? Казынада жүз миңдеген адамдардын акылары бар. Булардын баарын таап, ар бирине жеке-жеке «Атамдын акысы болсо кечир» деп жүрүүлөрү мүмкүн эмес. Мен кантип колумду отко салайын?»

Ошондуктан, динибизге кызмат үчүн колдонулган акчага отко жакын болгондой мамиле кылуу керек. Себеби, бул мал-мүлктөр бизге аманат. Аманат болгон мал-мүлк адамдын өз мал-мүлкүнөн да маанилүү, ага да өтө дыкат мамиле кылуу керек.

Арам нерселерден канчалык көп сактансак, ошончолук Аллаху тааланын жардамына ээ болобуз. Арамдардан сактанган такыбаа адамдардын бир убак намазы арамдарга маани бербеген адамдын миң жылдык намазынан да баалуу. Себеби, Аллаху таала такыбаалуу адамды сүйөт.

Момун адам алган эмес берген адам болуусу керек. Алуунун жоопкерчилиги бар. Кайырлуу иштерге акча сарптоонун болсо жоопкерчилиги жок. Имам Азам хазреттери: «Ысыраптан жакшылык келбейт. Жакшылыкта болсо ысырап жок» - деген. Кайырлуу иштерге жакшы ниет менен канчалык көп берилсе ошончолук сооп табылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш