Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аллаху таалага ишен, сени куткарат




Аллаху таалага ишен, сени куткарат


Аллаху таала дуба кылгандарды, өзүнө бет бургандарды жана жалынгандарды сүйөт. Кылына турчу ар иште себептерге жармашып, ошол себептерге күч, кубат, таасир берүүсү үчүн Ага ишенип, тобокел кылуу керек.

Ар качан жана ар иште Аллаху таалага тобокел кылуу керек, Ага ишенүү керек. Нимат келгенде шүгүр кылып, ага каршы чыкпоо жана жакшылык билбестик кылбоо керек. Дарт жана балээлер келгенде болсо Аллаху таалага жалбарып, афийат берүүсү, куткаруусу үчүн дуба кылуу керек. Аллаху таала дуба кылгандарды, ден-соолук жана саламаттык каалагандарды, өзүнө жүзүн буруп ишенгендерди сүйөт. Кылынган күнөөлөр үчүн дагы шарттарына баш ийип, тообо кылуу керек жана Аллаху тааланын кечиримине, мээримине ишенүү керек.

Зүннун-и Мысри хазреттерин көралбаган, ага карата ич күйдүлүк кылгандар түрдүү жалган жалааларды ойлоп табышып, ошол кездеги өкүмдарга аны даттанып барышат. Өкүмдар бул иштин чын-төгүнүн билүү үчүн Зүннун-и Мысри хазреттерин өзүнүн алдына чакыртат. Зүннун Мысри хазреттери өкүмдардын жанына бара жатканда жолдо бир карыя менен көрүшүп калат. Ал карыя айтат:

«Азыр сени өкүмдардын алдына алып чыгышат. Андан коркпогун, аны жогору көрбө, асыл коркула турчу зат – Аллаху таала. Өзүңдү туура кылып көрсөтүүгө аракет кылба. Айтылган нерселер сенде жок болсо жана сага адилетсиздик кылынган болсо Аллаху таалага жалбар, сени куткарат», - дейт. Зүннун Мысри хазреттери өкүмдардын алдына чыгарылганда өкүмдар ага:

«Сени зындык, туура жолдон тайды, ыймансыз болду деп сындап жатышат. Бул сөздөргө эмне дейсиң?» - деп сурайт. Зүннун Мысри хазреттери болсо:

«Эмне дейин. «Жок, андай эмесмин» десем мени ушинтип сыпаттаган Мусулмандарды сындаган жана алардын жалганчы экендиктерин айткан болом. «Ооба, ошондой» десем жалган айткан болом. Ошондуктан, сиз өз акыл-парасатыңызга салыңыз жана ошого карап өз өкүмүңүздү бериңиз. Мен напсимдин тарабында болуп аны коргой албаймын», - деп жооп берет. Ошондо өкүмдар бираз ойлонуп туруп, жанындагыларга кайрылып:

«Бул киши ага карата жабылган жалаалардан алыс», - деп аны бошотуп жиберет.

Мухаммед Масум хазреттери буюрууда:

«Аллаху таала машварат кылууну (кеңешүүнү), билгендер менен акылдашууну буйрук кылды. Кеңешүү бул себепке жармашкандык болуп саналат. Кеңешүүдөн кийин тобокел кылууну буйрук кылды. Акырет иштеринде тобокел болбойт. Буларда эмгектенүү буйрук кылынды. Бул жерде азабынан коркуу жана мээриминен үмүттө болуу керек. Аллаху тааланын керемине, ихсанына ишенип, буйрук кылынган ибадаттарды орундоо керек. Исламиятка моюн сунуп, буйрук кылынган нерселерди орундообуз жана тыюу салынган нерселерден сактануубуз – бул милдетибиз. Тобокел мына ушу жана кулдук ушундай болот.»

Натыйжалап айта турган болсок, кылына турчу ар иште себептерге жармашып, ошол себептерге күч-кубат, таасир берүүсү үчүн Аллаху таалага ишенип, тобокел кылуу керек. Бир аяти каримада мындай мааниде буюрулду:

«Бир ишти баштаган кезде Аллаху таалага тобокел кыл, Ага ишен!»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш