Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бир чөгүн чай миң жыл эсте калат




Бир чөгүн чай миң жыл эсте калат


Жакшылыкка жакшылык кылуу – адамдык милдет. Кайсыдыр бир адам жакшылык кылса анын жакшылыгына мал-мүлк жана кызмат менен жооп кылынат. Муну кыла албаган адам ага рахматын билдирип дуба кылат. Муну да кыла албаган адамга кылган жакшылык колко кылынат. Жамандалат, таарынтылат. Себеби, жакшылыкка жооп катары жакшылык кылуу – адамдык милдет. Биздин эл буга өтө чоң маани берген. Бир чөгүн чай миң жыл болсо да эсте калат.

Хадиси шарифте мындай деп буюрулду:

«Адамдарга рахмат айтпаган бирөө Раббисине шүгүр кылган болбойт.»

Андай болсо бардык жакшылыктарды кылган, бизди жоктон бар кылган – Раббибиз. Бизге бул сулуу келбетти берген, дене мүчөлөрүбүзгө күч-кубат ихсан кылып берген дагы – Ал. Акыл-эс, ден-соолук жана афийат дагы Аллаху тааладан келүүдө...

Ар бир демибиз аркылуу өмүр уланууда. Дем алган аба үчүн акча төлөгөн жерибиз жок. Абаны табуу үчүн кыдырып аны издеген жокпуз, чарчаган жокпуз. Каерде болсок дагы аба менен дем ала алуудабыз.

Үй, керек оокаттар, бала-чака, азык-түлүк, кийим-кечелерибизди дагы Анын ихсаны менен табуудабыз. Бизге эч муктаж болбосо дагы мынчалык көп ниматтарды берген Аллаху таалага шүгүр кылбоо - кулдук акысын өтөбөгөндүк, эң чоң кемчилик жана пастык болуп саналат!

Айрыкча, ниматтардын Андан келип жаткандыгына ишенбөө же башка биринен келип жатат деп ойлоо – кечирилбес бир ката. Адамдагы эң жаман жүзүкаралык.

Бизге каерден жакшылык келсе келсин, кимден келсе келсин аны Раббибизден келди деп билишибиз керек. Буйрук жана ирада Аныкы. Адамдарды болсо буларга себепчи катары гана көрүшүбүз керек.

Кимдир бирөөгө кандайдыр бир муктаждыгы берилсе, ар ай жете турчудай акча, тамак-аш белек кылынса муну алган адам муну берген адамды ар жерде жана ар кимге мактайт. Күнү-түнү ал адамга болгон сүйүүнү жүрөгүнөн чыгарбайт. Ага дайым дуба кылат, ага жамандык келген болсо кайгырат. Ага кызмат кылуу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Муну кылбаса, ал жакшылык ээсин кадырлабай турган болсо бардык адамдар аны айыпташат...

Жакшылык кылган бир адамдын акысына мына ушунчалык маани берилүүдө. Бүткүл жакшылыктардын чыныгы Ээси болгон, баарын жараткан, жиберген Аллаху таалага шүгүр кылуу мындан да маанилүү.

Ага шүгүр кылуу Ага баш ийүү менен орундалат. Муну орундоого ар бир инсан мажбур. Ал берген ниматтардын жанында башкалардан келген жакшылыктар деңиздин жанындагы бир тамчы дагы боло албайт. Жада калса, башкалардан келген жакшылыктар дагы - баары бир Аллаху тааланыкы.

Раббибизге кантип шүгүр кылабыз!

Шүгүрдүн кантип кылына тургандыгын биз биле албайбыз. Раббибиз буларды Пайгамбарлары аркылуу бизге билдирген. Булар үчкө бөлүнөт: Биринчиси – дене менен аткарыла турчулар, намаз, орозо сыяктуу. Экинчиси – мал-мүлк менен аткарыла турчу ибадаттар. Ажылык жана зекет сыяктуу. Үчүнчүсү – туура итикад (ишеним)... Пайгамбарлардын мурасчылары болгон Ахли сүннөт аалымдары бизге буларды ачык жана так билдиришкен. Ар момун мусулмандын буларды үйрөнүүсү жана ушуга карата кыймылдоосу керек...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш