Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Калкты сүйүп, Халыкты унутушат (Жаратылгандарды сүйүп Жаратканды унутушат)




Калкты сүйүп, Халыкты унутушат (Жаратылгандарды сүйүп Жаратканды унутушат)


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) кыяматка чейин үммөтүнүн башына келчү нерселерди көргөн жана аларды бизге билдирген. Бул тууралуу хадиси шарифтер абдан көп. Бир күнү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деди:

«Үммөтүмдүн үстүнө ушундай бир заман келет, беш нерсени сүйүп, беш нерсени унутушат.»

«Дүнүйөнү сүйүп, акыретти унутушат.»

Дүнүйөгө болгон сүйүү коркунучтуу. Раббибиз дүнүйөнү сүйбөйт, аны сүйгөндөрдү да сүйбөйт... Ааламда бир гана жер бетинде Аллаху таалага карата каршы чыгылат. Асмандагы жаратылган барлыктар, мисалы, Күн, Ай, жылдыздар жана башкалары Жаратканын таанышат жана аны таспих кылышууда. Аларга кандай буйрук берилген болсо ага толук моюн сунушкан. Күн жаратылган күндөн бери ошол эле саат жана мүнөттө чыгып, кайра батат, кеч калбайт, маалынан эрте дагы чыкпайт. Жерге канчалык жакын болсо дайым ошол жакындыкта турат. Эгер аз гана жакындай турган болсо күйгүзүп жиберет, алыстай турган болсо тоңдуруп жиберет. Күн менен арабыздагы аралыкта өзгөрүү боло турган болсо биздин муну болтурбай тоскоол боло ала турчу күчүбүз жетпейт.

«Өмүрдү сүйүшөт, өлүмдү унутушат.»

Жашоо эгер түбөлүк бакытка себеп боло турган болсо жакшы. Адамдардын эң жакшысы - өмүрү узун жана амалы жакшы болгону. Адамдардын эң жаманы болсо – өмүрү узун, амалы жаман болгону.

Салих киши канча өмүр сүргөн сайын соопторун көбөйтөт, дагы да жогору даражаларга көтөрүлө алат. Жаман өмүр сүргөн киши барган сайын күнөөлөрүн көбөйтүп, дагы да көп азап жана кыйынчылык тартуусуна себепчи болот.

«Кооз сарайларды сүйүшөт, кабырды унутушат.»

Адамдардын кабырда жашай турчу убактысы бул өмүрдө жашай турчу убакыттан да узак. Дүнүйөдө болсо бир күн жашай тургандыгыбыз да белгисиз.

Көңүлүбүз тынч жашай алуу үчүн дүнүйөдөгү үйүбүзгө көп эмгек жумшайбыз, көп акча жумшайбыз, андан да көбүрөөк кабырыбызга маани беришибиз керек. Дүнүйөдөгү үйдү алмаштыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок, кабырыбызды жактырбай турган болсок аны алмаштырууга мүмкүнчүлүгүбүз жок.

«Мал-мүлктү сүйүшөт, эсепти унутушат.»

Адал жол менен табылган акча кайырлуу жерлерге жумшалса эки дүнүйө бакытына себеп болот. Исламдын беш шартынан экөөсү акча менен кылына турчу парздар. Бай болбогондорго парз эмес.

Хадиси шарифте бизге акчаны таап жатканда да, аны сарптап жатканда да эсепке тартыла тургандыгыбыз эскертилүүдө. Дүнүйөгө болгон сүйүү бир көңүлдө көбөйүп жаткан болсо келе турчу коркунуч коңгроону кагууда деген сөз. Ал киши эми адалды да, арамды да ойлобойт.

«Калкты сүйүшөт, Халыкты унутушат.» (Б.а., жаратылгандарды сүйүп, аларды жараткан Аллаху тааланы унутушат.)

Жерде жана асманда эмне бар болсо бардыгын тең Раббибиз жоктон жараткан, каалаган кезинде жок кылууга дагы күчү жетет. Биз ээ болгон жана мындан кийин дагы ээ боло турчу бардык ниматтар Андан келүүдө, аларды Аллаху тааладан деп билебиз жана Ага шүгүр кылабыз. Себептерге да шүгүр кылышыбыз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш