Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Көңүл оорутуудан сактануу керек




Көңүл оорутуудан сактануу керек


Даанышман заттар мындай дешкен:

Момун кишинин кутулуусунун эң кыска жолу – бир момундун дубасын алуу. Момундун дубасы – Аллаху тааланын ыраазылыгына жетүүгө себепчи болгон эң кыска жол. Кудай сактасын, эгер бадуубасын (каргышын) алсачы? Момун эмес болсун, момун болсун, мунафык (эки жүздүү) болсун, фасык (күнөөкөр) болсун, ким болсо болсун көңүл оорутпоо керек. Ыймансыздыктан кийин эң чоң күнөө – көңүл оорутуу. Каабаны кулатуудан да чоң күнөө. Жакшылык кылуу - жакшы иш, бирок, парз эмес. Жамандык кылбоо болсо – парз. Эч кимге жамандык кылбоо керек. Жакшылык кылган жакшылык табат. Жамандык кылган жамандыкка учурайт.

Момун – колунан жана тилинен ишенимдүү болгон адам. Момун киши жамандык кыла албайт, себеби, бул момунга жарашпайт.

Бир дубанын кабыл болуу ыктымалы өтө кыйын, себеби, бир нече шарттары бар. Мисалы:

1- Дубаны Аузу Бисмиллах менен, Аллаху таалага хамду санаа жана Расулуна салату салам менен Исми азам катары билдирилген дубаларды окуп баштоо керек жана салавати шариф менен бүтүрүү керек.

2- Парздарды орундап, харамдардан, бидаттардан сактануу керек, адалдан жеп-ичүү керек.

3- Шашылбастан, кабыл болгонго чейин жалбарып дуба кылуу керек. Гафилдиктен алыс болуп, берилүү менен дуба кылуу керек. Хадиси шарифте: «Гафилдик менен кылынган дуба кабыл болбойт», - делген.

4- Жума күнү жана таң маалы сыяктуу баалуу убактарга көңүл бөлүү керек.

5- Оору учурунда, үй-бүлөдөн, мекенден алыс, чарасыз калган мезгилдерде, жамгыр жаап жатканда, орозолуу сыяктуу дубанын кабыл боло турчу абалдарды көздөө керек.

Зулумдук көргөн кишинин каргышынын кабыл болуусу үчүн эч бир шарт жок. Дароо кабыл болушу мүмкүн. Ошондуктан, эч ким менен урушпай, заалым абалга түшүп калбоо керек. Кылынган баддуба (каргыш) ушундай бир саатка туш болуп, ушундай бир парда ачылышы мүмкүн, дал ошол маалда кишинин жети урпагына таасир кылышы мүмкүн.

Момундун жүзүн Аллах ыраазылыгы үчүн караган кишинин күнөөлөрү кечирилет. Кимдин ким экендиги белгилүү эмес. Улуулардын: «Ар келгендин Хызыр, ар түнүңдү Кадыр деп бил», - деген сөзү маалым. Буга ылайык кыймылдап, эч кимдин көңүлүн оорутпастан, ар момундун дубасын алууга аракет кылуу керек.

Аллаху таала бизге кандай мамиле кылуусун кааласак анда биз да Анын кулдарына ошондой мамиле кылуубуз керек.

Мал-мүлк ар качан же ар кимге жакшылык алып келбейт. Аллах сактасын, көп жакшылык ээсинин мал-мүлкү доктурга, дары-дармекке кетет. Б.а., ал тапкан мал-мүлкүнүн жакшылыгын көрө албайт. Дайыма кайырлуу болгонун суроо керек. Адам мал-мүлк ээси болушу мүмкүн, бирок, аны менен алек болуп жүрүп Аллах деп айтууга убакыт таба албаса эмнеге жарасын?

Имам Газали хазреттери: «Бирөөнө кылына турчу эң чоң баддуба бул бул үч нерсе: Эй, Раббим, көп өмүр бер, көп ден-соолук бер, көп акча бер», - деген. Себеби, ар ким аркасынан жүгүрүп жүргөн ниматтар ал кишинин Аллах деп айтуусун кыйындатат. Ошондуктан, эгер кээ бир кыйынчылыктар бар болсо буга нааразылык кылбоо керек. Дары ар дайым эле таттуу болбойт. Мунун бардыгы – Аллаху тааланын бизге карата кылган мээрими. Булар – ачуу капталган бал, шыпаа дарысы. Дүнүйө болсо – сырты таттуу менен капталган ичи уу нерсе. Анын таттуулугуна алдангандар жамандыктарга жетеленишет. Акыретке ээ болгондор болсо ачуу шекерди, ачуу дарыны жешет, Аллахка шүгүрчүлүк кылышат жана бул ачуулар да ага шыпаа болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш