Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Көңүл оорутуу жүззам болуудан да жаман




Көңүл оорутуу жүззам болуудан да жаман


Калб (көңүл) – бул көкүрөгүбүздүн сол тарабындагы эт бөлүгү эмес. Ал жүрөк деп аталат. Жүрөк айбанда да, өлгөндөрдө да болот. Көңүл болсо адамга таандык.

Көңүл - бул бир кубат, көзгө көрүнбөйт. Таасирлери жана өзүнөн пайда болгон нерселер менен таанылат. Имам Раббани (куддисе сиррух) мындай деген:

Көңүл – Аллаху тааланын коңшусу. Аллаху таалага көңүлдүн жакын болгонундай эч бир нерсе жакын эмес. Момун болсун, аси болсун, эч бир адамдын көңүлүн сындырбоо керек. Себеби, аси болгон коңшуну да коргош керек. Сактангыла! Сактангыла! Көңүл оорутуудан өтө сактангыла! Аллаху тааланы эң көп таарынткан куфурдан кийин көңүл сындыруудай башка чоң күнөө жок. Себеби, Аллаху таалага жеткен нерселердин эң жакын болгону – көңүл. Адамдардын бардыгы – Аллаху тааланын кулдары. Кимдин кулуна кол көтөрүлсө, таарынтылса Ал кулдун кожоюну да албетте таарынат. Бүткүл жаратылгандардын бир гана малики, кожоюну болгон заттын улуктугун ойлонуу керек. Анын макулуктары Ал канчалык уруксат берген болсо, канчалык буюрган болсо ошончолук гана колдонула алат. Калб, б.а., көңүл макулуктардын эң жогорусу, эң кадырлуусу.

Көңүл – бардык дененин падышасы. Аллаху тааланы таануу, Анын жамалын ойлонуу – анын сыпаты. Раббибиз ага буйрук берет, ага кайрылат, аны жоопкер кылат. Раббибизди таануунун, билүүнүн ачкычы...»

Мына ушунчалык кадырлуу болгон, баалуу болгон көңүлдү сындыруунун күнөөсү дагы албетте өтө чоң болот. Улуу Ислам аалымдарынан Абдулваххаб Шарани куддисе сиррух мындай деген:

«Бир күнү биз жашаган жерге бир жүззам (лепра, пес) оорусу менен ооруган бирөө келди. Бүт жерин жара басып кеткен экен. Эч ким жанына жакындагысы келген жок... Чоң атам ал кишинин колунант кармап, биздин үйгө алып келди, бирге отуруп тамак жешти. Дагы бир кызык нерсе, чоң атам ага сүт сунду. Тиги конок сүттүн баарын иче алган жок, андан артканын чоң атам ичти. Оорулуу киши ушунчалык ыраазы болгондуктан сүйүнүчү жүзүнөн белгилүү болуп турду. Чөнтөгүнө да сарптоо үчүн бир нече тыйын-тыпыр салып ал конокту узатты... Атам чыдай албай чоң атаман сурады:

- Ата, ал оорулуу кишиге ушунчалык жакындык көрсөттүңүз, андан артканын ичүүдөн да тартынган жоксуз! Жүззам – бул жугуштуу оору. Сиздин бул кылганыңыздын хикматын түшүнө алган жокмун?

- Балам! Көңүл оорутуу жүззам болуудан да жаман. Бул оорулуу кишини көргөндөр андан жийиркенип алысташты. Элдердин ага болгон бул мамилелери аны абдан капаланткан эле. Ал бечаранын бул абалы өз колунда эмес да. Ким эле жүззам болгусу келсин? Илахи тагдыр ага ушундай болгон эле. Ооруган киши биздин тууганыбыз, кыйынчылыктары да көп, көңүлү да сынык эле, аны сүйүнтүү үчүн мына ушундай кылдым... Аллаху таала үчүн кылынган бир иштин соңунда кыйынчылык болбойт. Иншаллах, биз да бир кыйынчылык көрбөйбүз – деди. Ал айткандай эле кыйынчылык көргөн жок.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш