Дүнүйө өткүнчү


Бардык нерсе өткүнчү, бирок, Аллаху таала баки (түбөлүк). Өткүнчү нерселерге көңүл байлоо акмактык болот. Биз да өтөбүз бул дүнүйөдөн, сүйгөндөрүбүз да өтүшөт. Кала турчу нерсеге көңүл байлоо керек. Ал  болсо – Аллах сүйүүсү.

Дүнүйөдө бардык нерсенин соңу бар. Ачуу же таттуу, жакшы же жаман, баары бир күнү бүтөт. Күндүн чыгуусу  - батуусунун кабарчысы, төрөлүү да – өлүмдүн кабарчысы. Дүнүйө – айрылуунун жери, акырет болсо – табышуунун жери. Тозоктон Аллах коргосун, Бейиште көрүшүүгө аракет кылуу керек.

Адамдар Аллаху таалага кулдук, ибадат кылуу үчүн жаратылган. Бакытка жетүү үчүн жаратылуу максаттарына көңүл бөлүүлөрү керек жана дүнүйөгө берилүүдөн качуулары керек. Дүнүйөлүк жакшылыктар өткүнчү. Дүнүйө биз үчүн түбөлүк кала турчу жер эмес. Акыретте бакытка жетүү үчүн колдонулчу унаа сыяктуу. Кубана турчу жер эмес, айрыла турчу жер. Акылдуу киши - бул өткүнчү дүнүйөгө берилбестен кулдук милдеттерин дыкат орундаган киши.

Чыныгы майрам Бейиште Пайгамбарыбыз менен, Асхабы кирам менен, Ахли сүннөт аалымдары менен, олуя заттар менен бирге болгон күнү болот. Биз мына ушуну каалайбыз. «Аллаху таала берүүнү каалабаганда каалоону бермек эмес», - делген. Иншаллах баарын берет.

Ахли сүннөт бир мусулман канчалык кубанса да аз. Себеби, Аллаху тааланын эң чоң ихсаны болгон туура итикадга (ишенимге) ээ болду. Ушундай эки мусулман бир жерде көрүшсө сүйлөшүү да шарт эмес, бири-бирин караса да жетиштүү, себеби, момун адамдын жүзүн кароо шыпаа, момундан калган нерсе шыпаа, момундун сөзү дабаа. Булар менен бирге болгондор да ыймансыз мушрик болушпайт. Себеби, Аллаху таала: «Ширктен башка бардык күнөөлөрдү кечиремин», - деп буюрууда. Ушул ниматтар болуп туруп, б.а., Ахли сүннөт вал жамаат ишенимине ээ болгондон кийин, чыныгы Ахли сүннөт аалымдарын жана алардын баалуу эмгектерине жеткенден кийин да момун адам ал-абалынан нааразы болуп даттана берсе опаасыздык, жакшылыкты билбегендик болот. Ушунчалык жакшылыкка ээ болгон адам мунун баасын билбестен даттаны берсе уят болот.

Бир даанышман заттын шакирти баян кылат: «Бир күнү устазым менен бирге бир карыя кишини зыярат кылууга бардык. Даам татуу үчүн момпосуй алып келишти. Аны кишилерге сунуу үчүн мен алдым. Колумда момпосуй салынган табак менен баратып бутум килемге чалынып жыгылдым. Момпосуйлар жерге чачырап кетти. Аларды жерден терейин деп ийиле бергенимде устазым жылмайып мындай деди:

«Балам, бүгүн бир тафсирде окуган бир окуяны айтайын. Ал жерде мындай деп жазылган; Мусулман адам көз жумганда мазарына бир хури келет. Мойнунда бермет шурулар болот. Бул берметтердин бирөө эле дүнүйөгө алып келинсе күн караят, бул берметтер ичке пахта жибине тизилген. Алиги мазардагы киши берметтерге көлун узатып кармаганда берметтер жерге чачырайт. Ошентип, аларды жерден тере баштайт. Акыркысын жерден алган кезде кабыр жашоосу бүтөт.»

Имам Раббани хазреттери да мындай деген:

«Эгер дүнүйөнүн мал-оокатына сыйынып кеткен бирөөнө жолуксаң сенин көңүлүң да ошого ооп кетпөөсү үчүн көчөңдү өзгөрт, бир айылда же бир маалада жашасаң ал жерден башка жерге кет». 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш