Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Нике кантип кыйылат




Нике кантип кыйылат


Суроо: Динибиз боюнча никенин сахих болуусу үчүн белгилүү шарттар кайсылар?

ЖООП: Бул шарттардын биринчиси - мусулман кыздын мусулман эркек менен үйлөнүүсү. Мусулман эмес эркек менен үйлөнө албайт. Үйлөнүүгө чечим чыгарар замат ыйманы кетет. Себеби, Аллаху таала: "Үйлөнүүгө болбойт”, - деп буйрук кылууда. Үйлөнгөн адам бул буйрукту моюдабаган болот. Мусулман эркек дагы ошол эле сыяктуу мушрик, динсиз аял менен үйлөнө албайт. Ал дагы үйлөнүүгө чечим чыгарар замат ыйманын жоготото (б.а., Исламдан чыгат).

Динибизде теңи менен үйлөнүү маанилүү.

Теңи деген сөз– Ханафиде текте, байлыкта, динде жана кадыр-баркта бири-бирине тең болуу деген сөз. Кыз менен эркектин дин билими, диндарлыгы, тектүүлүгү, абырою жана байлыгы жагынан тең болуулары керек. Тең болуу эркектин салих мусулман болуусу, Ахли сүннөт ишениминде болуусу, намаз окуусу, ичкилик ичпөөсү, б.а., Исламиятка баш ийүүсү жана нафаканы камсыздай ала турчу жумуш ээси болуусу деген сөз. Эркектин бир гана байлык жана мартабалууболуусун каалагандар кыздарын балээге түртүп, Тозокко ыркыткан болушат. Кыздын дагы намаздарын окуусу, тасаттурга (динге ылайык кийинүүгө) маани берүүсү керек.

Никенин экинчи шарты болсо – күбөлөрдүн болуусу. Ханафиде күбө катары акылга толгон жана балакатка жеткен мусулман эки эркек же бир эркек менен эки аялдын болуусу керек. Кичине бала менен акылсыз адамдын күбөлүгү кабыл болбойт.

Никенин үчүнчү шарты ижап жана кабыл кылуу. Башкача айтканда, келишим.

Бул үч шарт орундалса нике сахих болот. Махр сүйлөшүлбөсө да нике сахих болот, бирок, никеде махр белгилениши керек.

Абалга карап махр аз же көп суралса болот. Махр берүү важиб. Пайгамбарыбыз: "Махр бербөө ниети менен никеленген адам Кыяматта уурулар менен хашр кылынат (тирилтилет), - деп буюрган. (Р.Насыхин)

Махр эки түрдүү: Махр-и муажжел – дароо берилүүсү керек болгон махр. Махр-и муэжжел – дароо берилбей, кийин өлүм же ажырашуу абалында берилүүсү керек болгон махр болуп саналат.

Суроо: Келин жана күйөө баланын өздөрү да имамдын алдында отурганда диний никелери кандай кыйылат?

ЖООПЗАГСдагы расмий нике келишим бүткөндөн кийин мусулман бир эркек Ханафи мазхабы боюнча мусулман болгон (эң кеминде) эки эркек күбөнүн жанындакызга: "Сени аялым катары алдым”, - десе, кыз дагы: "Мен да сени күйөө катары кабыл эттим”, - дегенде нике сахих болот, бирок, муну менен бирге сүннөткө ылайык нике мындайча кыйылат:

Бул заманда динди билгендер азайгандыктан нике кыйа турган адам күйөө балага жана келинге Аллаху тааланын сыпаттарын санап айтыпыймандын жана Исламдын шарттарын айткандан кийин: "Кабыл эттиңби?” – деп сурайт. «Ооба» деген жоопту алып, күйөө бала менен келиндин мусулман экендиги мына ушундайча белгилүү болгондон кийин никелери кыйылат.

Алгач келиндин атын, мисалы, Ахмет кызы Фатима деп жазат. Кийин күйөө баланын атын, мисалы, Хасан уулу Али деп жазат. Кийин эки эркек күбөнүн атын аталарынын аттары менен бирге жазат. Андан кийин келишилген махр-и муэжжел жана махр-и муажжелди жазат. (Махр-и муэжжелдин көп болуусу кыздын пайдасына. Мисалы, 80 грам алтын болушу мүмкүн. Эркек ажырашкан жагдайда аялына ушул махрды берүүсү шарт. Эгер нике кыйыла турчу кезде бул алтын өлчөмү көп кылып келишилген болсо, анда аны төлөй албаган эркек аялы менен ажыраша албайт.)

Истигфар окуп, ошол жердегилерге таждиди иман (ыйманды жаңылоо) жана таждиди никах (никени жаңылоо) дубаларын окутат:

Астагфируллах, астагфируллах, астагфируллах ал’азыим аллази ла илаха илла хув алхаййалкаййума ва атубу илайх, тавбата абдин залимин ли-нафсихи ла йамлику ли-нафсихи мавтан ва ла хайатан ва ла нушура. Йа, Рабби! Балакат жашыман ушу жашка келгенге чейин Ислам душмандарына жана бидат ээлерине алданып, алган жаңылыш,бузук ишенимдериме жана бидат, фыск болгон айткандарыма, уккандарыма, көргөндөрүмө жана кылгандарыма надим болдум, өкүндүм, эми кайра мындай жалган ишенимдерге ишенбөөгө жана ката кылбоого ант бердим. Пайгамбарлардын алгачкысы Адам алейхиссалам жана акыркысы биздин сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам. Бул эки Пайгамбарга жана экөөнүн арасында келип кеткен Пайгамбарлардын бардыгына ыйман келтирдим. Бардыгы хак жана бирдиргендери туура. Аманту биллах ва бима жа мин инди Расулиллах ала мурад-и Расулиллах. Аманту биллахи ва Малаикатихи ва кутубихи ва Русулихи валйавмил-ахири ва билкадери хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал-ба’су ба’далмавти хаккун. Ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух. Аллахумма инни уриду ан ужаддидал имана ванникаха таждидан би-кавли ла илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах.

Аузу Бисмиллахтан кийин бул дубаны окуйт:

"Алхамду лиллахиллази завважал арваха бил ашбах ва ахлланникаха ва харрамассифах. Вассалату вассаламу ала расулина Мухаммаданиллази баййанал-хараме вал-мубах ва ала Алихи ва Асхаби-хиллазина хум ахлуссалахи валфалах.”

Аузу Бисмиллах айтып, Нур сүрөсүнүн 32-аяти каримасын окуп"Садакаллахул’азыим” - дейт, кийин"Каала Расулуллах,"Ан-никаху суннати фаман рагиба ан суннати фалайса минни.” Садака Расулуллах. Бисмиллахи ва ала суннат-и расулиллах” - дейт.

Кийин келинге бурулуп: "Аллаху тааланын буйругу, Пайгамбарыбыздын сүннөтү, амалда мазхабыбыздын имамы болгон Имам азам Абу Ханифа хазреттеринин ижтихады жана ушул жерде отурган мусулмандардын күбөлүктөрү менен (мисалы) 80 гр алтын махр-и муэжжел жана 10 гр алтын махр-и муажжел менен Хасан уулу Али’ни күйөөлүккө кабыл эттиңби?” – деп сурайт. Келин болсо: "Ооба, билдирилген махр-и муэжжел жана махр-и муажжел менен Хасан уулу Али’ни күйөөлүккө кабыл эттим”, - дейт.

Кийин күйөө балага бурулуп, дагы "Бисмиллахи ва ала’дан баштап окуйт. "Ахмет кызы Фатима’ны билдирилген махр-и муэжжел жана махр-и муажжел менен аялдыкка кабыл эттиңби?” – дейт.

Экөөнөн тең үч жолу өзүнчө-өзүнчө сурайт жана "Ооба, кабыл эттим” деген жоопту алгандан кийин: "Мен дагы никеңерди кыйдым”, - дейт. Кийин мына бул дубаны окуйт:

Нике дубасы:

"Аллахуммаж’ал хазал акде маймунан мубаракан важ’ал байна-хума улфатан ва махаббатан ва карара ва ла таж’ал байна-хума нафратан ва фитнатан ва фирара. Аллахумма аллиф байнахума кама аллафта байна Адама ва Хавва. Ва кама аллафта байна Мухаммадин саллаллаху алейхи ва саллам ва Хадижа-тал-кубра ва Аиша-та умм-ил муминина радыйаллаху анхума. Ва байна Алиййин радыйаллаху анх ва Фатыма-таз-захра радыйаллаху анха. Аллахуммаа’тила-хума авладан салихан ва умран тавилан ва рызкан васиан. Раббана хаб лана мин азважина ва зурриййатина куррата а’йунин важ’ална лилмуттакина имама. Раббана атина фиддунйа хасанатан ва фил ахирати хасанатан ва кына азабаннар. Субхана раббика раббил’ыззати амма йасыфун ва саламун алал мурсалин валхамдулиллахи раббил’аламмин. Аль-Фатиха.”

Бул дубаны Пайгамбарыбыз жана бардык аалымдар, олуялар окушкан. Муну окуганда аял менен күйөөнүн ортосунда өлгөнгө чейин махабат бар болот, ырахаттык жана тынчтыкта жашашат. Үйлөрүнөн береке кем болбойт. Дубанын мааниси мындай:

"Аллахым! Бул никени мубарек кыл. Араларында жакындык, ынтымак, сүйүү жана никелеринде бекемдик насип кыл, буларды жек көрүүчүлүк, келишпестик жана ажырашуудан сакта! Аллахым! Адам алейхиссалам менен Хавва энебиз, Мухаммед алейхиссалам менен Хатижа-и кубра жана момундардын энеси Аиша энебиз, Хазрети Али менен Хазрети Фатыма-туз-Захра энебиздин ортосундагы болгон үлпөттү, жакындыкты буларга да насип кыл! Буларга салих балдарды, узун өмүр жана мол-мол ырыскы бер! Амин. Эй, Раббибиз! Жубайларыбызды жана балдарыбызды бизге куттуу кыл жана бизди Аллахка каршы келүүдөн сактангандарга жол көрсөтүүчү кыл! Эй, Раббибиз, бизге дүнүйөдө жана акыретте жакшылык, сулуулук бер. Бизди Жаханнам азабынан сакта! Кудурет жана урмат ээси болгон сенин Раббиң алар айткан ката сөздөрдөн таза. Бардык пайгамбарларга салам болсун. Ааламдардын Раббиси болгон Аллахка хамд болсун.”

Күйөө бала бар, бирок, келин ал жерде жок болсо

Суроо: Келин ал жерде бар болбой, келиндин өкүлү менен күйөө бала бар болсо диний никелер кантип кыйылат?

ЖООП: Нике кыйчу киши күйөө балага Аллаху тааланын сыпаттарын санап, ыймандын, Исламдын шарттарын түшүндүрүп, «Буларды кабыл эттиңби?» деп сурайт. Келиндин өкүлүнө да келиндин буларды билип же билбегендигин, б.а., Мусулман болуп же болбогондугун сурайт. Мусулман экендиги түшүнүлгөндөн кийин келиндин атын, мисалы, Ахмет кызы Фатима деп жана келиндин өкүлүнүн атын атасынын аты менен бирге жазат. Кийин күйөө баланын атын, мисалы,Хасан уулу Али деп жазат. Кийин эки эркек күбөнүн атын аталарынын аттары менен бирге жазат. Кийин келишилген махр-и муэжжел жана махр-и муажжелди жазат.

Жогоруда билдирилгендей таждиди иман жана таждиди никах кылдыргандан кийин истигфар менен Аузу Бисмиллахтан кийин бул дубаны окуйт:

«Алхамдулиллахиллази завважал би ашбах ва ахалланникаха ва харрамассифах. Вассалату вассаламу ала расулина Мухаммаданиллази баййанал-харама вал-мубах ва ала Алихи ва Асхаби-хиллазина хум ахлуссалахи валфалах.»

Аузу Бисмиллах айтып, Нур сүрөсүнүн отуз экинчи аятын окуйт, «Садакаллахул’азыим» дейт да, кийин «Каала Расулуллах, «Ан-никаху суннати фаман рагиба ан суннати фалайса минни» Садака Расулуллах. Бисмиллахи ва ала суннат-и расулиллах» дейт.

Кийин келиндин өкүлүнө бурулуп, «Аллаху тааланын буйругу, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сүннөтү, амалда мазхабыбыздын имамы Имам азам Абу Ханифа хазреттеринин ижтихады жана ушул жерде дайын турган Мусулмандардын күбөлүктөрү менен өкүлү болгон Ахмет кызы Фатима’ны (мисалы) 11 Рашат алтын махр-и муэжжел жана 1 Рашат Алтын махр-и муажжел менен талиби болгон Хасан уулу Али’ге аялдыкка өкүлдүгүң аркылуу бердиңби?» - дейт.

Кийин күйөө балага бурулуп дагы Бисмиллахи ва ала’дан баштап окуйт. «Сен дагы Ахмет кызы Фатима’ны (мисалы) 11 Рашат алтын махр-и муэжжел жана 1 Рашат Алтын махр-и муажжел менен аялдыкка кабыл эттиңби?» - дейт. Экөөнө тең үч жолу өзүнчө өзүнчө сурайт жана «Ооба, кабыл эттим» деген жоопту алганда «Мен дагы никеңерди кыйдым», - дейт. Кийин жогорудагы узун нике дубасын окуйт.

Келин бала бар, бирок, күйөө бала ал жерде жок болсо

Суроо: Күйөө бала ал жерде бар болбой, күйөө баланын өкүлү менен келин бала бар болсо диний никелер кантип кыйылат?

ЖООП: Нике кыйчу киши келинге Аллаху тааланын сыпаттарын санап, ыймандын, Исламдын шарттарын түшүндүрүп, «Буларды кабыл эттиңби?» деп сурайт. Келиндин өкүлүнө да келиндин буларды билип же билбегендигин, б.а., Мусулман болуп же болбогондугун сурайт. Мусулман экендиги түшүнүлгөндөн кийин келиндин атын, мисалы, Ахмет кызы Фатима деп жазат.  Кийин күйөө баланын атын, мисалы, Хасан уулу Али деп жана күйөө баланын өкүлүнүн атын атасынын аты менен бирге жазат. Кийин Мусулман эки эркек күбөнүн атын аталарынын аттары менен бирге жазат. Кийин келишилген махр-и муэжжел жана махр-и муажжелди жазат.

Жогоруда билдирилгендей таждиди иман жана таждиди никах кылдыргандан кийин истигфар менен Аузу Бисмиллахтан кийин бул дубаны окуйт:

«Алхамдулиллахиллази завважал би ашбах ва ахалланникаха ва харрамассифах. Вассалату вассаламу ала расулина Мухаммаданиллази баййанал-харама вал-мубах ва ала Алихи ва Асхаби-хиллазина хум ахлуссалахи валфалах.»

Аузу Бисмиллах айтып, Нур сүрөсүнүн отуз экинчи аятын окуйт, «Садакаллахул’азыим» дейт да, кийин «Каала Расулуллах, «Ан-никаху суннати фаман рагиба ан суннати фалайса минни» Садака Расулуллах. Бисмиллахи ва ала суннат-и расулиллах» дейт.

Кийин келинге бурулуп, «Аллаху тааланын буйругу, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сүннөтү, амалда мазхабыбыздын имамы Имам азам Абу Ханифа хазреттеринин ижтихады жана ушул жерде дайын турган Мусулмандардын күбөлүктөрү менен (мисалы) 11 Рашат алтын махр-и муэжжел жана 1 Рашат Алтын махр-и муажжел менен Хасан уулу Али’ни күйөөлүккө кабыл эттиңби?» - дейт. Келин болсо «Ооба, билдирилген махр-и муэжжел жана махр-и муажжел менен Хасан уулу Али’ни күйөөлүккө кабыл эттим» дейт.

Кийин күйөө баланын өкүлүнө бурулуп, дагы Бисмиллахи ва ала’дан баштап окуйт. «Сен дагы Ахмет кызы Фатима’ны (мисалы) 11 Рашат алтын махр-и муэжжел жана 1 Рашат Алтын махр-и муажжел менен өкүлү болгон Хасан уулу Али’ге өкүлдүгүң аркылуу алдыңбы?» - дейт. Экөөнө тең үч жолу өзүнчө өзүнчө сурайт жана «Ооба, кабыл эттим» деген жоопту алганда «Мен дагы никеңерди кыйдым», - дейт. Кийин жогорудагы узун нике дубасын окуйт.

Күйөө бала жана келин ал жерде жок болсо

Суроо: Күйөө бала  жана келин ал жерде бар болбой, экөөнүн өкүлдөрү гана бар болсо диний никелер кантип кыйылат?

ЖООП: Никени ар ким кыя алат, имамдар гана кыйышы керек деген бир шарт жок. Никени кыя турчу киши келиндин жана күйөө баланын өкүлдөрүнө күйөө баланын жана келиндин Аллаху тааланын сыпаттарын, ыймандын жана Исламдын шарттарын билип же билбегендиктерин, б.а., Мусулман болуп же болбогондуктарын сурайт. Мусулман экендиги түшүнүлгөндөн кийин келиндин атын, мисалы, Ахмет кызы Фатимадеп жана келиндин өкүлүнүн атын атасынын аты менен бирге жазат. Кийин күйөө баланын атын, мисалы, Хасан уулу Алидеп жана күйөө баланын өкүлүнүн атын атасынын аты менен бирге жазат. Кийин Мусулман эки эркек күбөнүн атын аталарынын аттары менен бирге жазат. Кийин келишилген махр-и муэжжел жана махр-и муажжелди жазат.

Жогоруда билдирилгендей таждиди иман жана таждиди никах кылдыргандан кийин истигфар менен Аузу Бисмиллахтан кийин бул дубаны окуйт:

«Алхамдулиллахиллази завважал би ашбах ва ахалланникаха ва харрамассифах. Вассалату вассаламу ала расулина Мухаммаданиллази баййанал-харама вал-мубах ва ала Алихи ва Асхаби-хиллазина хум ахлуссалахи валфалах.»

Аузу Бисмиллах айтып, Нур сүрөсүнүн отуз экинчи аятын окуйт, «Садакаллахул’азыим» дейт да, кийин «Каала Расулуллах, «Ан-никаху суннати фаман рагиба ан суннати фалайса минни» Садака Расулуллах. Бисмиллахи ва ала суннат-и расулиллах» дейт.

Кийин келиндин өкүлүнө бурулуп, «Аллаху тааланын буйругу, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сүннөтү, амалда мазхабыбыздын имамы Имам азам Абу Ханифа хазреттеринин ижтихады жана ушул жерде дайын турган Мусулмандардын күбөлүктөрү менен өкүлү болгон Ахмет кызы Фатима’ны (мисалы) 11 Рашат алтын махр-и муэжжел жана 1 Рашат Алтын махр-и муажжел менен талиби болгон Хасан уулу Алиге аялдыкка көүлдүгүң аркылуу бердиңби?» дейт.

Кийин күйөө баланын өкүлүнө бурулуп, дагы Бисмиллахи ва ала’дан баштап окуйт. «Сен дагы Ахмет кызы Фатима’ны (мисалы) 11 Рашат алтын махр-и муэжжел жана 1 Рашат Алтын махр-и муажжел менен өкүлү болгон Хасан уулу Али’ге өкүлдүгүң аркылуу алдыңбы?» - дейт. Экөөнө тең үч жолу өзүнчө өзүнчө сурайт жана «Ооба, кабыл эттим» деген жоопту алганда «Мен дагы никеңерди кыйдым», - дейт. Кийин жогорудагы узун нике дубасын окуйт.

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш