Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Бала асырап алуу




Бала асырап алуу


Суроо: Мен дүнүйөгө перзент алып келбеген аялмын. Бала асырап алгым келет. Кандай кылсам болот?

ЖООП: Асырап алынган бала чоңойгон кезде уул бала болсо сизге, кыз бала болсо күйөөңүзгө чоочун (намахрам) болот. Ал эми чоочун адам менен бирге калуу жаиз эмес. Ушул жагынан бала асырап ала турчу кезде бир туугандарыңыздын биринин баласын же күйөөңүздүн бир туугандарынан биринин кызын ала турган болсоңуз эч кандай маселе калбайт.

Же асырап алынган эркек бала эже-сиңдилериңиздин бирин же эркек бир туугандарыңыздын биринин аялын эме турган болсо сиздин жээниңиз болгондуктан сизге чоочун болбойт.

Кыз бала багып алганда күйөөңүздүн эже-карындаштарынын бирин же эркек бир туугандарынын аялдарынан бирин эме турган болсо күйөөңүздүн жээни болгондуктан ага да чоочун болбойт.

Суроо: Асырап алынган балага мурас калтырылабы?

ЖООП: Асырап алынган бала дин жагынан мураскор боло албайт. Бирок, тирүү кезиңизде мал-мүлкүңүздүн бир бөлүгүн же толугун ага белек катары берүүңүздүн эч кандай зыяны жок.

Мал-мүлк алуу ниети менен асыранды бала болуу туура эмес. Соо кезде асыранды балага мал-мүлк берүү жаиз (уруксат).

Суроо: Асырап алынган балага «Балам» же «Кызым» деп айтуу жаизби?

ЖООП: «Бул менин тууган балам» же «Бул менин тууган кызым» деп айтуу харам болот. Бирок, чакырган кезде же алар тууралуу айтып жатканда «Балам», «Кызым» деп айтуунун зыяны жок.

Асыранды балага «Биз сенин өз ата-энең болобуз» деп айтуу күнөө болот. Курани каримде мындай делинет:

«Аллах асыранды балдарыңарды тууган балдарыңар катары тааныбады.» (Ахзаб 4)

Хадиси шәрифте да мындай делинет:

«Атасы жок экенин билип туруп атайын бирөөнү «Бул киши менин өз атам» деп айткан адамга Жаннат харам болот.» (Бухари)

Суроо: Өз кызын же баласын бирөөгө асыранды бала катары берген кезде ошол баланын акысы сенден кетеби? Же улана береби?

ЖООП: Акысы кетпейт, уланат. Б.а., баласын акысын өтөөгө милдеттүү болот.

Суроо: Акыретте ал бала ата-энесинен акысын талап кылабы?

ЖООП: Албетте, жаман бир адамга берген болсо «Эмне үчүн намаз окубаган, ичкилик ичкен адамга бердиң?» - деп сурай алат.

Баланы бирөөгө асыранды бала кылып бере турчу кезде мусулман үй-бүлөгө жана динди үйрөтө турчу адамга берүү керек. Каалаган кезде кайра кайтарып алууга болот. Балага жакшы тарбия берип жатканын текшерип туруу керек. Баланы берүү менен алардын перзенти болуп калбайт. Мурастарын алуу акысына дин жагынан ээ эмес. Уул бала болсо үйдүн аялына чоочун болот, балагат жашка толгон кезде ал үйдө кала албайт. Кыз болсо үйдүн эркегине чоочун болот, балагат жашка толгон кезде ал үйдө кала албайт. Ушул сыяктуу зыяндары бар.

Суроо: Асыранды бала өз перзенти сыяктуу болобу? Б.а., анын жанында жоолуксуз-оромолсуз жүрүүгө болобу? Нике түшөбү?

ЖООП: Бала асырап алуунун дин жагынан мааниси жок. Б.а., ал бала баары бир чоочун болуп саналат. Нике да түшөт, аны менен үйлөнүүгө болот, анын жанында оромолсуз ачык жүрүүгө болбойт.

Суроо: Мыйзам аркылуу тиркелген асыранды баламдын атеист атасы эми баланы артка кайтарып берүүмдү сурап жатат. Берүүгө мажбурмунбу?

ЖООП: Жок, берүүгө мажбур эмессиз. Агы кайтарып берип, баланын динсиз өсүүсүнө себеп болбоо керек.

Асыранды бала – чоочун бала

Суроо: Бир сектант жазуучу: «Асыранды бала аны асырап алган аял менен эркекке махрам болот», - дейт. Асыранды бала чоочун эмеспи?

ЖООП: Албетте, чоочун болуп саналат. Асыранды баланы махрам жана өз баласы иретинде билүү жахилия доорунун адаттарынан болуп саналат. Ислам дини бул адатты алып салган. Бир аяти кариманын мааниси:

«Аллах асыранды балдарыңарды өз перзентиңер кылбады.» (Ахзаб 4)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш