Ислам дини » Нике жана үй-бүлө » Кыз бала кадырлуу




Кыз бала кадырлуу


Суроо: Мураста башкача болгондой эле эркек бала үчүн эки, кыз бала үчүн бир акыйка мал союлууда. Бул балдарды бири-биринен жогору эсептегендик эмеспи? Кыз бала эмне үчүн азыраак бааланат?

ЖООП

Динибизде аял мурас алууга мактаж калтырылбаган. Анын бардык муктаждыктарын күйөөсү, атасы, эркек ага-инилери жана атасынын ага-иниси сыяктуу жакындары берүүгө мажбур жана жоопкер кылынган. Каралаша турчу эч бир жакыны болбосо анын муктаждыктарын Байт-ул-мал деп аталган мекеме камсыздаган. Аял киши иштеп акча табууга мажбур эмес. Эркектердин бул оор милдеттен улам мурастын баарын алуулары керек болсо да динибиз аялдарга экиден бир бөлүгүн берди. Эки акыйка сойуунун ордуна бир акыйка сойулуусу кыз баланын пазилетин көрсөтөт. Б.а., кыз бала үчүн союлган бир акыйка уул бала үчүн союлган эки акыйканын сообуна тете. Динибиз аялга өзгөчө кадыр берген. Бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Кимдин кыз балдары болуп, алардын кыйынчылыктарына чыдаса, жакшы чоңойтуп жана теңи менен үйлөнтсө бул кыз балдар ал киши үчүн Жаханнамга парда болот.” [Тирмизи]

"Биринчи перзенттин кыз болуусу аялдын берекесинен.” [Ибни Асакир]

"Үч кыз баланы тарбиялап үйлөндүргөн жана аларга жакшылык кылган киши Жаннатка кирет.” [Бухари]

Аялдарды, кыздарды баалабагандар – Мусулмандыкты билбеген жахилдер (сабатсыздар). Динин билген бир мусулман адам кыз балдарын жана жубайын ылайыктуу түрдө кадырлайт. Үч хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Аялдарды бир гана тектүү жана намыстуу адам баалайт. Аларды бир гана жаман жана пас кишилер төмөн көрөт.” [Ибни Асакир]

"Аллаху тааладан кайырлуу перзент тиледим. Мага кыз перзенттерин ихсан кылды.” [Шир’а]

"Кыз балдарды төмөнсүнтпөгүлө, себеби, мен – кыздардын атасымын.” [М. Жинан]

Пайгамбарыбыз кыздардын атасы болуу менен сыймыктанууда. Ушунча далилди көрүп туруп эч бир адам Исламиятта кыз балага, аял кишиге баа берилбейт деп айта албайт.

Эски доорлордогу элдер 300, 500, жада калса, 1000 жыл жашап, ибадат кылышчу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Йа, Рабби, менин үммөтүмдүн өмүрлөрү кыска. Калган үммөттөр көп жашашты, көп сооп табышты. Үммөтүмдүн абалы кандай болот?” – деп собол кылганда Аллаху таала: "Мен үммөтүңө миң айдан да кадырлуу болгон Кадыр түнүн бердим”, - деди. Миң ай 83 жыл болот. 50 жыл ибадат кылган бир мусулман 4000 жылдан ашык ибадат кылгандай сооп табууда. Бул үммөттүн аз жашоосу, аз ибадат кылуусу кемчилик катары эсептелбейт. Бул үммөттүн аз ибадаты калган үммөттөрдүн көптөгөн ибадаттарынан дагы бийик болгондугу сыяктуу кыз бала үчүн союлган бир акыйка мал уул бала үчүн союлган эки акыйка малга тең келүүдө. Динибиз кыз балдар үчүн бул жеңилдикти билдирген. Бул болсо кыз балдардын канчалык кадырлуу экендиктерин көрсөтүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш