Ислам дини » Орозо жана Рамазан » Рамазанда ден-соолукка пайдалуу тамактануу үчүн




Рамазанда ден-соолукка пайдалуу тамактануу үчүн


Суроо: Рамазанда тамактанууда ден-соолук жагынан көңүл бөлүнүүсү керек болгон нерселер эмнелер?

ЖООП

Бир доктурдун берген сунушу мындай?

Рамазан айында тең салмаксыз тамактанган адамдарда алсыздык, депрессия, ашказан оорусу, тамак сиңимсиздик, кан басымынын төмөндөөсү сыяктуу бир нече сыркоолор көрүнүүдө. Сахур тамагына турбоо же сахурда ашыйча майлуу тамактануу, ифтарда болсо көп өлчөмдө, көп түрдүү тамактарды, кан шекерин тез көтөргөн тамактарды жеш, тамакты тез жеш жана жетиштүү суу ичпөө жаңылыш. Ифтар жана сахурда оор жана майлуу тамактардын ордуна жашылча басымдуу болгон азыктар тандалуусу керек.

Кээ бир сунуштар мындай:

1-Азык жагынан тең салмактуу дасторкон даяндоого көңүл бөлүү керек.

2-Ифтарда алгач жеңил, аз майлуу тамактар желиши керек. Көп тамак жеш бош ашказанга оор жүк болот. Мындай абалда сиңирүү оорлошот, ашказанга оордук, кычкылдашуу, зарына, көңүл айлануу, ичтин катуусу, шишүү сыяктуу ден-соолук маселелери орун алат. Бул үчүн биринчи орозону ачканда хурма, сыр, помидор, зейтин, кара нан сыяктуу эртең мененки тамак түрлөрү же шорпо, эттүү жашылча тамактары сыяктуу жеңил тамактар менен ифтарды баштоо керек. Сиңирүүгө убакыт берип, 15-20 мүнөттөн кийин аз майлуу куурулган эт, кургак буурчак тобундагы тамактар, жашылча тамак, салат, айран сыяктуу тамактарды жесе болот.

3-Кан шекерин тез көтөргөн ак нан, күрүч сыяктуу гликемикалык индекси төмөн азыктарды тандоо керек.

4-Тамактар жай-жай, жакшы чайналып желүүсү керек.

5-Ифтарда куурулган жана майлуу тамактардын ордуна сууга, бууга бышкан жеңил тамактар тандалуусу керек.

6-Оор таттуулардын ордуна сүттүү таттуулар тандалуусу керек.

7-Ифтар менен сахур арасында 2-2,5 литр суу же суусундуктар ичилүүсү керек.

8-Ортодо бир нерсе жей турган болсо мөмө жемиш желгени туура.

9-Чай жана кофе темирдин эмилүүсүн азайткандыгы үчүн тамактан бир-эки сааттан кийин ичилүүсү керек.

10-Ифтарда курсак тоё электе тамеки тартпоо керек. Денеде клеткалар азык күтүп жатканда дароо никотин баш болгон ууланууга дуушар болот. Бул учурда кан коюлашып, инфарк риски көбөйөт. Кычкылтек ташуусу керек болгон клеткалар дароо уу ташып баштагандыктан мээ клеткалар баш болуп көптөгөн клетка өлөт. Денеде олутуу мааниде зыян пайда болот.

11-Кечки тамак менен гана жетинбестен сахурга сөзсүз туруу керек, аз болсо да сахурда тамактанып, жеңил азыктар болгону жакшы. Көп узак ачкалыкта кан шекери жана кан басымы түшүп, бош ашказанда кычкылдык көбөйөт. Эртеси күнү болсо ач калуу мөөнөтүнүн узаруусу менен зат алмашуу тездиги төмөндөйт, алсыздык, баш оорусу пайда болот. Ошондуктан, түндү жана эртеси күндү ачка өткөрбөө үчүн сөзсүз сахурга туруу керек.

12-Сахурда желген азыктардын өлчөмү жана ар түрдүүлүгү маанилүү. Сахурда майлуу жана оор азыктар зак алмашуу тездиги аз жай болгондуктан денеге алынган азыктардын майга айлануусу көп болот. Айрыкча бул майлуу жана оор азыктарды жеп жатканда олуттуу ашказан дарттары болушу мүмкүн. Сахурда булардын ордуна жеңил, майлуулугу төмөн, күнүмдүк протеин муктаждыгын камсыздай турчу протеин составы жогору, кан шекерин тез көтөрбөгөн комплекстүү шекерлерден турган тамак тандалуусу керек.

Сүт, сыр, зейтин, майдаланган буудайлуу нан, шорпо, помидор, бадыраң, калемпир, варение сыяктуу эртең мененки азыктар же сүт, сулу акшагы, мөмө жемиш сыяктуу азыктардан турган жеңил тамак эң ыңгайлуусу. Күнүмдүк суу муктаждык 2-2,2 литр жана күнү бою суу иче албай тургандыктан улам сахурда көп суу ичүү керек.

Ооз жыты жана орозо

Суроо: Протез тиштер оозду абдан жыттантат. Орозолуу кезде тиш пастасы менен тазаласам орозо макрух болот. Адамдарды жийиркентүү арам болгондугуна караганда тиш пастасы менен тазалоо эмне үчүн макрух болууда?

ЖООП

Сахур убактысы тиштер тиш пастасы менен тазаланып, протез тиш сыртка чыгарылса андан да жеңил тазаланат. Күн ичинде тамак желбей тургандыктан тиштен улам тамак калдыгынын жыты калбайт. Бирок, орозолуу болгон адамдын ачкалыгынын өзүнө тийиштүү жыты болот. Аны кетирүү үчүн мисвак менен ооз жакшылап тазаланат. Мисвак жытты азайтат. Бешимден кийин мисвак колдонуу Шафииде макрух, себеби, орозолуу адамдын ооз жыты Аллаху таалага ар жыттан жакшы болгондуктан бул жакшылыкты жок кылуу макрух болууда. Ханафиде макрух эмес. Мисвак кургак же нымдуу болбоосу керек, экөөнүн ортосунда болуусу керек. Мисвак жаңы болсо дагы да таасирлүү болот.

Ифтарда жана сахурда мына буларды кылса болот: Петрушка жесе ооз жыты үчүн пайдалуу. Жаңы айран дагы жакшы. Тамак арасында же тамактан кийин чай ичүү керек. Лимондуу суу ичүү ооз жытын кетирет. Шекерсиз сагыз чайноо керек. Алма жесе да пайдалуу. Туздуу суу менен же сода порошогу менен оозду чалкалап чайкоо керек. Булардын бир канчасы жасалса ооз жыты кетирилген болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш