Ислам дини » Хусейин Хилми бин Саид




Хусейин Хилми бин Саид


Соңку доордун Ислам аалымы, олуя жана илимпоз. Псевдоними "Сыддык Гүмүш”. Кээ бир китептеринде ушул ысымды колдонгон. 1911-жылы 8-Мартта (х.1329) Стамбулдун Аййуб Султан районунда дүйнөгө келген. Атасы Саид Мырза жана чоң атасы Ибрахим Пехливандын Плевнанын (Плевендин) Лофжа (Ловеч) кичи шаары, Тепова айылынан, энеси Аиша Айым жана таятасы Хусейин ага дагы Лофжа кичи шаарынан эле. Атасы Саид Мырза 93 Согушу деп аталган 1877-жылкы Османлы-Орус согушунда мухажир катары Стамбулга көчүп келип, Аййуб Везиртекке аймагына жайланышты. Саид Мырза 1929-жылы кайтыш болду. Аййуб Султан мазарында жерге берилген. Энеси Аиша Айым 1954-жылы Анкарада кайтыш болду. Кабыры Баглум мазарында.

Билим алуусу

Хусейин Хилми Мырза беш жашында Аййуб Жамиси менен Бостан портунун арасында жайгашкан Михри Шах Султан башталгыч мектебинде окуй баштады. Бул жерде Курани каримди хатм кылды (башынан аягына чейин окуду). 1924-жылы ошол жердеги Решадийа нумуне мектебин биринчилик менен бүтүрдү. Ошол жылы Кониядан Стамбулга көчүрүлгөн Халыжыоглу аскер лицейинин кириш сынактарында жогорку бал алып, экинчи класска дагы биринчилик менен өттү. Ар жылы ардак грамоталарын алып, 1929-жылы аскер лицейин биринчилик менен бүтүрдү жана аскер медициналык мектебине кабыл алынды.

Сабактарындагы эмгекчилдиги жана чоң таланты мугалимдердин көңүлүн өзүнө тартчу. Лицейде окуп жатканда геометрия мугалими ар бир сабакты берген соң Хусейин Хилми Мырзага кайталатчу. Классташтары: "Сен түшүндүрүп бергениңде жакшыраак түшүнүп жатабыз”, - деп айтышчу.

Лицейде окуп жатканда мукаддесатына (динине) кол салган адамдарды көргөн кезде көңүлү ооруп, капаланды. Бир канча жыл мурда чоогу орозо кармаган, намаз окуган достору жалааларга алданып, ибадаттарды таштап коюшту. Намаз окуган жана орозо кармаган киши жалгыз өзү эле. Жалгыз калуу аны абдан капалантты. 1929-жылы лицейдин акыркы классында 18 жашта эле. Кадыр Түнү мектепте жаткан эле. Уктай албады, жаткан ордунан ылдам туруп кетти. Ой-пикирлеринде, ыйманында жалгыз калган эле. Абдан кысылып, көңүлү бушайман болуп жаткан эле. Бакчага чыкты. Асман жылдыздарга толуп турган эле. Аййуб Султандын, башкача айтканда, Халид бин Зейддин күмбөзүнө каршы Халичтин нурдуу толкундары ага "капаланба, сеники туура” деп жатышкандай эле. Демин кармана албай ыйлады. "Йа, Раббим! Сага ишенемин. Сени жана пайгамбарларыңды сүйөмүн. Ислам илимдерин үйрөнүүнү каалаймын. Мени дин душмандарына алданып калуудан сактай көр!” – деп жалбарды. Аллаху таала ушул чын жүрөктөн кылган дубасын кабыл кылды. Кереметтер казынасы, илим дарыясы Абдулхаким Арваси (рахматуллахи алейх) алгач түшүндө, анан мечитте көрүнүп, аны өзүнө тартты.

Абдулхаким Арваси хазреттери менен таанышуусу

Күндөрдүн биринде сабактан чыгып, бешим намазын окуу үчүн Баязид мечитине барган эле. Нур жүздүү бир аксакал ичкериде отуруп, алдындагы бир китептен түшүндүрүп жаткан эле. Араң жакын барып, артында угуп отурду. "Олуялардын кабырлары кантип зыярат кылынат?” деген темада айтып жаткан эле. Такыр билбеген жана өзү абдан кызыккан маселелер эле. Ошол учурда мечиттин ичинде аср намазы окула баштады. Устаз болсо китепти жаап, "Бул китеп Аллахтын ыраазычылыгы үчүн менден ушу кичине мырзага белегим болсун”, - деп, артына узатты. Ордунан туруп, намаз окуй баштады.

Улуу устаз аны көргөн эмес эле. Артында кичине мырзанын отурганын кайдан билген эле? Китепти алган соң мечиттин бош жерине ылдам барып, намазын окуду. Китептин сыртында "Рабыта-и Шарифа” жана астында "Абдулхаким” деп жазылган эле. Жанындагылардан сурап, китепти берген заттын Абдулхаким Арваси экенин, Жума күндөрү Аййуб Мечитинде сабак бере турганын билип алды. Жума күнүн күтө баштады. Чоң мечитте устазды издей баштады. Көрө алган жок. Сурады. "Ал башка мечитте имам. Намазды ошол жерде окутуп, анан бул жерге келет. Сыртта күтөт”, - деп айтышты. Чыдай албады. Сыртка чыкты. Анын китеп сатылып жаткан бир жерде турганын көрдү.

Жамаат мечиттен чыга баштаганда Абдулхаким Мырза ордунан турду, мечиттин жанындагы чакан бир бөлмөгө кирди. Жердеги бийик миндерде отуруп, рахленин (китеп койгучтун) үстүндөгү китепти окуп, түшүндүрө баштады. Хусейин Хилми Мырза эң алдында бет маңдайында отуруп, кунт коюп угуп жаткан эле. Ага чейин укпаган жана абдан кызыктуу диний жана дүнүйөлүк билимдерди ырахаттанып угуп отурду. Казына таап алган кедей сыяктуу, муздак сууга жеткен абдан суусаган киши сыяктуу эле. Көздөрүн Сеййид Абдулхаким Мырзадан такыр албай угуп отурду. Анын сүйкүмдүү, нурдуу жүзүн карап, ал тарабынан айтылып жаткан, ар бири берметтей баалуу маалыматтарды угуп отуруп, өзүн жоготуп, дүнүйө иштерин, мектебин, бардык нерсесин унуткан эле. Жүрөгүндө татту бир нерселер айланып, жуулуп тазарып жаткандай эле. Анын алгачкы сабагы, алгачкы сөздөрү Хусейин Хилми Мырзаны мас кылып койгон эле. "Фена” делген жана ага жетүү көп жылдаган эмгектерди талап калгын немат бир сабакта пайда болгондой эле.

Тилекке каршы бир саат өтүп, сабак бүткөн эле. Бул бир саат Хусейин Хилми Мырзага бир заматтай сезилген эле. Түштөн ойгонгондой колундагы дептерди чөнтөгүнө салып, сыртка чыгуу үчүн эшиктеги көпчүлүктүн арасына кирди. Бут кийимдеринин боолорун байлап жатканда бирөө ийилип, кулагына: "Кичине мырза! Сени абдан жактырдым. Биздин үй мазардын арасында. Бизге кел. Сени менен сүйлөшөбүз!” – деди. Бул үндүн ээси - Сеййид Абдулхаким Мырза эле.

Ошол түнү Хилми Мырза түшүндө "Булутсуз, тунук көк бир асманды көрдү. Айланасы мечиттин төбөсүндөгү сыяктуу тосмо менен курчалган эле. Ал жерде нур жүздүү бирөө бара жаткан эле. Башын көтөрүп караганда ал кишинин Сеййид Абдулхаким Мырза экенин көрдү”. Толкунданып ойгонуп кетти. Бир нече күндөн кийин дагы түшүндө "Хазрети Халиддин күмбөзүндө мүрзөлөрдүн баш тарабында отурган бир затты көрдү. Жүзү айдай нур чачып турган эле. Адамдар колун өбүү үчүн күтүп турушкан эле. Хилми Мырза да барды да, кезеги жеткенде колун өөп, кийин ойгонуп кетти”. 

Жанынан такыр кетчү эмес

Мына эми Абдулхаким Мырзанын үйүнө каттай баштады. Кээде багымдат намазынан мурда барып, куптандан кийин кеткиси келбестен, араң кайра кайтчу. Жада калса, бардык нерсени унутуп, жаңыдан көрүп жаткандай болчу. Тамакта, намазда, дем алганда, бир жерге барганда дайым Абдулхаким Мырзанын жанында эле, кыймыл-аракеттерине көңүл буруп, дайым аны укчу. Бир мүнөттүн дагы текке кетпеши үчүн аракет кылгандай, каникулда жана бош убакыттарында дайым ал жерге барчу. Мечиттердеги сабактарынын бирөөсүн дагы өткөрүп жиберчү эмес. Абдулхаким Мырза ага алгач түркчө китептерди, бир канча айдан кийин арапча жана фарсча китептерди окутту. Эмсиле, Авамил, Симаи масдарлар, Эмали касидасы, Мавлана Халид Диваны, Исагужи деп аталган логика китептерин жаттатты.

Сеййид Абдулхаким Мырзанын Хусейин Хилми Мырзага тапшырган алгачкы милдети Имам-и Бегавинин "Каза-кадер” тууралуу бир канча сабын арапчадан түркчөгө которуу болду. Аны которуп, эртеси күнү устазына алып барганда: "Абдан жакшы, туура которуптурсуң. Мага жакты”, - деп айтты. (Ушул котормо Саадати Абадиййа китебинин 412-бетинде жазылган.) 

Медицина факультетинен фармацевтикага которулуусу

Хусейин Хилми Мырза медицина мектебинде экинчи курска биринчилик менен өттү. Сөөк сессиясынан өтүп, өлүктүн үстүндө иштөө убактысы келген эле. Ошол жума Аййубга барды. Абдулхаким Мырза менен бакчада жалгыз отурушкан эле. "Сен доктор болбо. Фармацевтикага которул! Аябай жакшы болот”, - деп айтты. Хилми Мырза: "Мен курстун биринчисимин. Фармацевтикага которулууга уруксат беришпейт”, - дегенде, "Сен арыз жазып көр. Аллаху таала иншааллах насип кылат”, - деп айтты. Арыздардан жана жазышуулардан кийин Хилми Мырза фармацевтика мектебинин экинчи курсуна өттү. Абдулхаким Мырзанын буйругу менен Парижде чыккан Ле Матин гезитине абонент болуп, француз тилин өздөштүрдү. Фармацевтика мектебин жана андан кийин Гүлхане ооруканасында бир жылдык стажын биринчилик менен бүтүрүп, эң алгач улук лейтенант  болуп аскердик медицина мектебине мугалим катары дайындалды. 

Ачылышы

Күндөрдүн биринде дагы устазынын буйругу менен химиялык жогорку инженерия боюнча окуй баштады. Фон Мизестен жогорку математика, Прагерден механика, Демберден физика, Госстон химия технологиясы илимдерин окуду. Химия илимдеринин профессору Арнддын жетекчилигинде илимий изилдөөлөрдү жасап, мактоосуна татыктуу болду. Профессор Арнддын жанында алты айда дипломдук ишин бүтүрүп, Стамбул университетинде "Phenyl-cyan-nitromethan”(көк фенилнитрометан) химиялык кошундусун синтез кылуу аркылуу формуласын ачты.

 Дүнүйөдө биринчи болгон ошол ийгиликтүү дипломдук иш табият таануу илимдери факультетинин журналында жана Германияда жарык көргөн "Zentral Blatt” химия китебинин 1937-жылкы жана 2519 номурлуу "Х. Хилми Ышык” атында жазылган.

Мугалим болуп эмгектенген Бурса Ышыклар аскер лицейинде Хусейин Хилми Ышыкка 1939-жылдын аягында химия жогорку инженердиги боюнча 1/1 номердеги диплом ыйгарылды. Ошол жылы Түркияда алгачкы химия жогорку инженери болгондугу күндөлүк гезиттерде жазылды. Ушул ийгилигинин натыйжасында аскердик химия курсуна котортулуп, Анкара, Мамакта уулуу газдар химиги болуп дайындалды. Ал жерде он бир жыл эмгектенип, "Auer” фабрикасынын башкы директору Мерцбахер, химия доктору Голдштейн жана оптика адиси Неуманн менен бирге көп жылдар эмгектенди. Алардан немис тилин дагы үйрөндү. Уулуу газдар боюнча адис болду. Ийгиликтүү кызматтарды аткарды.        

Сарф жана нахф инженери

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) мүмкүнчүлүк болгон учурда Стамбулга барчу. Зыяратка бара албай калган учурларда кат жазып, көңүлүн көтөрүп турчу. Абдулхаким Мырза ага жазган бир жооп катында: "Сүйүктүү Хилми жана Седат! Сүйкүмдүү катыңызды алдык. Мактоого жана шүгүргө себеп болду. Авамилдин котормосун сонун жазыптыр. Демек, түшүнүптүр. Хилми пайдаланат. Седат пайдаланат. Авамилдин бир түшүндүрмөсү жана бир муреби бар. Буларды бир себеп менен жиберемин. Анткени, нахив жагынан жетиштүү болот. Анан химия инженери болгонуңуз сыяктуу сарф жана нахив инженери болосуз. Башка инженерлер көбөйгөн сайын баркын жоготот. Бул инженердик чындыгында макбул болгондой, сейрек болгон, азайып кеткен жана бүткөндүктөн абдан макбул болот. Демек, ал жерде болууңуз ушул чоң дөөлөткө ээ болуу үчүн экен. Салам жана дуба кылабыз”.

Башка бир катта: "Хилми, жазган катыңыз үчүн мен сизге абдан ыраазымын. Ден-соолугуңуздун жакшы экенине шүгүр кылдым. Дин жана дүнүйөнүзгө эң көп жараган жана Ислам дининде теңдеши али жазылбаган Имам Раббанинин "Мектубат” китебин окуп, кээ бирин түшүнүүнүн пазилет жана ихсан экендигин билүүң керек!...”

Хусейин Хилми Ышык Мамакта Имам Раббанинин үч томдон жана уулу Мухаммед Масумдун үч томдон турган Мектубат китептеринин Мустакимзада тарабынан жазылган түркчө котормолорун бир нече жолу окуп чыгып, бул алты том китептен алфавит боюнча корутунду жазды. 3846 пункттан турган бул корутундусун Стамбулга кайтып барганда Сеййид Абдулхаким Мырзага окуп берди. Бардыгын кунт коюп укту жана аябай жактырды. "Бул бир китеп болуптур. Китепти "Баасыз Жазуулар” деп атаңыз!” – деди. Хусейин Хилми Ышыктын таң калганын көрүп, "Түшүнбөдүңбү? Бул жазуулардын баасы болушу мүмкүнбү (башкача айтканда, бул жазуулар баа жеткис)?” – деди. (Аталган китеп "Хакикат китаб эви” басмасы тарабынан жарыяланган.) 

Үйлөнүүсү

1940-жылы Абдулхаким Мырзанын тавассуту (ортомчулугу) менен Карамурсал кездеме фабрикасынын директору Зия Бейдин кызы Нафиса Сирет Айым менен үйлөндү. Расмий нике каттоодон кийин никесин Ханафи жана Шафии мазхабдары боюнча Абдулхаким Мырза кыйды. Той тамагында Хилми Ышыкты жанына отургузду. Куптандан кийин ага дуба кылды жана жубайына таважжух кылып: "Сен менин кызым жана келинимсиң”, - деди. Ошентип, Хусейин Ышыкты руханий уулу катары кабыл кылгандыгы белгилүү болду.

Устазынын дүнүйөдөн кайтуусу

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) 1943-жылынын күзүндө Анкаранын Хамамөнүндөгү үйүндө турган эле. Абдулхаким Мырзанын жээни Фарук Бейдин уулу адвокат Невзад Ышык келип: "Хилми Бей! Улуу устаз сизди сурап жатат”, - деди. Таң калды. Улуу устаздын Анкарада эмне иши болушу мүмкүн? Чоогу Фарук Бейдин Хажы Байрамдагы үйүнө барышты. Абдулхаким Мырзанын Анкарада мажбур жашоого өкүм кылынганын укту. Чарчоодон улам абдан арыктап, алсызданып отурганын көрдү. Хилми Ышык күн сайын кечинде келип, колунан кармап, уктоого арналган бөлмөсүнө алып барып, жууркан менен үстүн жапкандан кийин үнүн чыгарып, "Кул-аузу”ларды окуп, анан кетчү. Күндүзү зыяратка келгендер каршы жактагы отургучтарда бираз отуруп, анан кетишчү. Хилми Ышыкты дайым керебетине отургузуп, акырын үн менен бир нерселерди сүйлөчү. Жыйырма күндөн кийин ошол жерде кайтыш болду. Баглумда жерге берилгенде уулу Ахмед Мекки Мырзанын буйругу менен Хилми Ышык кабырына кирип, диний милдеттерди орундады. Дагы Мекки Мырза: "Атам Хилмини аябай жакшы көрчү. Анын үнүн тааныйт. Телкинди Хилми окусун!” – деди жана бул кадырлуу милдетти да Хилми Мырза орундады.  

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) бир канча жылдан кийин Стамбулда жаздырган мрамор ташты Баглумдагы кабырына койдурду. Ванда Сеййид Фехим хазреттерине дагы мрамор таш жаздырды. Стамбулда Абдулфаттах Акри жана Мухаммед Эмин Токадинин кабырларын дагы оңдотту. 1971-жылы Дели, Дийобенд, Серхенд жана кийин Карачи калааларын зыярат кылды. Панипут калаасында Сенауллах Дехлеви хазреттери менен Мазхары Жаны Жанандын жубайынын кабырларын оңдотуп, эки кабырдын тең коргонуусун камсыз кылды.

Хусейин Хилми Ышык илим Күнү Абдулхаким Мырза кайтыш болгондон кийин кадырман уулу Үскүдар, анан Кадыкөй муфтийи, пазилеттүү Сеййид Ахмед Мекки Мырзанын сабагына кабыл алынды. Чоң мээримдүүлүк жана устаттык менен фыкых, тафсир, хадис, маъкул жана манкул, усул жана фуруъ илимдерин үйрөтүп, ага 1953 (х.1373)-жылы, 27-Ыйык Рамазанда Жекшемби күнү мутлак ижазат ыйгарды. 

Мугалимдик жылдары

Хусейин Хилми Ышык 1947-жылы Бурса аскер лицейинде химия мугалими, анан окуу бөлүмүнүн башчысы болду. Кулели жана Эрзинжан аскер лицейлеринде көп жылдар бою химиядан сабак берип, жүздөгөн офицерлерге мугалимдик кылды. 1960-жылы пенсияга чыккандан кийин Вафа лицейинде Фатих имам хатиб мектебинде, Жагалоглу жана Бакыркөй көркөм чыгармачылык институтунда математика жана химия мугалими болуп иштеп, коптөгөн ыймандуу жаштарды тарбиялады.

1962-жылы Йешилкөйдө Меркез дарыканасын сатып алды. Ээси жана жетекчиси болуп, көп жылдар элдин ден-соолугу үчүн кызмат өтөдү.

"Саадат-и Абадиййа” китебин жазуусу

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) 1956-жылы "Саадат-и Абадиййа” китебин жарыялады. Саадат-и Абадиййа китебинин окурмандардын колдоосу менен экинчи бөлүмүн да даярдады. Ал 1957-жылы жарыяланды. Бул эки китеп таза жаштарда Ислам динине карата чоң кызыгуу жана жылуулук пайда кылды. Натыйжада алардан келген суроо жамгырынын астында калды. Келген суроолорго жооп берүү үчүн белгилүү китептерден которуп жазган түшүндүрмөлөрү жана кошумчалары менен үчүнчү бөлүмүн дагы 1960-жылы жарыялады. Бул үч китепти 1963-жылы жыйнап, "Там илмихал” деп атады. Токтоосуз келип жаткан суроолордон улам китептин ар бир басылышында жаңы кошумчаларды жазып, 1248 беттик теңдеши жок бир эмгек даярдады. Эмгек англис тилине да которулуп, "Endless Bliss” деп аталды жана "Хакикат китеп үйү” басмаканасы тарабынан беш том кылып жарыяланды.

Абдулхаким Арваси хазреттеринин уулу, терең аалым Ахмед Мекки Мырза "Саадат-и Абадиййа” китебине жазган рецензиясында айтат: "Доорубуздун пазылдарынан, заманыбыздын жалгызы жазган "Там Илмихал Саадат-и Абадиййа” китебине көз чаптырдым. Бул китепте келам, фыкых жана тасаввуф илимдерин таптым. Булардын бардыгынын илимдерин нубувват булагынан алган заттардын китептеринен топтолгонун көрдүм. Бул китепте ахли сүннөт акыйдасына туура келбеген эч бир илим, эч бир сөз жок. Эй, таза жаштар! Диний жана улуттук билимдериңерди ушул латиф, окшошу жок, балким келечекте дагы окшошу жазыла албай турган ушул китептен алгыла!” 

Илимий эмгектери

Хусейин Хилми Ышык 1966-жылы Стамбулда Ышык басма үйүн, анан Хакикат басма үйүн негиздеди. 1976-жылы Ихлас фондун негиздеди. Түрк, немис, француз, англис тилдеринде жана офсеттик басуу менен даярдаган арапча жана фарсча жүздөн ашуун китептерин дүнүйөнүн бардык жерлерине жайды. Ушул кызматтарынын бардыгы Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттеринин тасарруфтары жана химматтары менен жана Ислам аалымдарына болгон чексиз сүйүү жана урматынын берекеси менен ишке ашканын айтчу.

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) Сеййид Абдулхаким хазреттеринин сукбатындагы, сөздөрүндөгү лаззатты башка эч бир жерде сезбегенин айтып, "Азыр эң жагымдуу мүнөттөрүм - ошол таттуу күндөрдү эстеген мүнөттөрүм”, - дечү. "Ошол кездерди эстеген сайын сагынычынан, айрылуу отунан мурдумдун сөөктөрү сыздап жатат”, - деп, төмөндөгү саптарды улам-улам окучу:

Зи-хижр-и доситан, хун шуд дерун-и сина жан-ы ман,

Фирак-ы хам-нишинан сухт магз-ы истахан-ы ман!

(Сүйгөндөрүмөн айрылып калганым үчүн көкүрөгүмдө рухум кан ыйлап жатат,

Бирге отургандарымдын айрылуусу сөөктөрүмдүн илигин куйкалап жатат! )

Хусейин Хилми Ышык ар сукбатында Ислам аалымдарынын китептеринен окучу. Имам Раббанинин жана Абдулхаким Арвасинин сөздөрүн накыл кылып жатканда көздөрү жашылданчу. "Келамы кибар – кибары келамест”, - деп айтчу. "Улуктардын сөзү – сөздөрдүн улугу” деген маанини билдирет.

Дүйнөдөн кайтуусу

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) 26-Октябрь, 2001-жылы (х.9-Шабан, 1422) кайтыш болду. Аййуб мечитинде окулган жаназа намазына миңдеген адам катышты. Аййуб Султанда жерге берилди.

Хусейин Хилми Ышыктын бир кызы, бир уулу болуп, уулу Абдулхаким мырза атасынан жети ай мурда кайтыш болгон эле. Күйөө баласы Ихлас холдингдин ээси Анвар Өрен, небереси А. Мужахид Өрен. Дагы бир небереси болсо Абдулхаким мырзанын уулу Фаррух Ышык мырза.

Жубайы Нафиса Сирет Айым 23-Февраль, 2009-жылы Стамбулда кайтыш болуп, Хусейин Хилми Ышык хазреттеринин жанына жерге берилди.

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) бүткүл жашоосу боюнча адамдар менен таттуу мамиледе болууга, көркөм ахлак ээси болууга чакырды. Фитна чыгаруудан дайым катуу сактанды жана сүйгөндөрүн дагы бул маселеде дайым эскертип турду. Жылуу жүздүү болууга, кооз жана таза кийинүүгө чакырды. Бул доордо Ислам динине кызматтын ушул көрүнүштө аткарыла тургандыгын айтчу. Саясатка такыр аралашкан эмес. Саясатчылар менен көрүшүүдөн сактанчу. Тарбиялаган миңдеген окуучулары өлкөсү үчүн дайым пайдалуу кызматтарды аткарышты. "Ахли сүннөт ушундай бир адам; бир жерде бир саат турса, ошол жерде пайдалуу бир из калтырат”, - деп айтчу.

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) чыныгы дос эле. Ата-бабаларды абдан сыйлап урматтачу. Ислам аалымдары жана Османлыларга вафа карызы бар экенине ишенчү жана аларды абдан сүйчү. "Османлылар болбогондо биз азыр мусулман жана ахли сүннөт боло алмак эмеспиз”, - деп айтчу. Устазы Сеййид Абдулхаким Мырзанын шакирттерин жана үй-бүлөсүн бекем урматтоону жана аларга жакшылык кылууну ыйык милдет деп билчү. Сеййиддерди өтө урматтачу. Жашоосу боюнча аларга кызмат кылууну, алардын кыйынчылыктарын кетирүүнү, материалдык жана руханий көмөк берүүнү өзүнө маанилүү бир милдет деп билчү.

"Эң чоң керемет - туура жолдо болуу”, - деп айтчу. Намазды жана башка ибадаттарды биринчи милдет деп билип, "Намазга тоскоолдук кылган иште жакшылык жок”, - деп баса белгилеп айтчу.

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) динге зыяны жок нерселерге таарынчу эмес. Балдарынын шоктуктарын табигый деп көрчү. Бирок, аларга диндерин үйрөтүүдө кайдыгер мамиле жасалуусун жактырчу эмес. Жеке мүлкү, байлыгы жок эле. Өтө эмгекчил эле. Эмнеси бар болсо китептерге жана китептердин дүнүйөгө жайылуусуна сарптады.

Нагыз кичи пейил инсан эле. Өзүн башкалардан эч качан жогору көрчү эмес. Сүйгөндөрүнө: "Менин күнөөм силердикине караганда көбүрөөк. Анткени, менин жашым баарыңардан улуураак”, - деп айтчу. Үйүнө келген конокторго ылайыктуу түрдө кызмат кылчу. Үйүнө керектүү нерселерди өзү алчу. Көмүрүн өзү алчу, эсеп жана салыктарын өзү төлөчү. Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) мырза үй-бүлөсүнөн Османлы тарбия-адебин, Абдулхаким Арваси хазреттеринен болсо тасаввуф адебин алган болчу.     Улуу жаштагылардын жанында унчукпай туруп, эч ким менен талашып-тартышчу эмес, адепти бекем сактачу, көбүнчө тизе бүгүп отурчу. Бурса шаары эски мугалимдеринен Али Хайдар мырзаны зыярат кылып барган кезде сааттар бою тизелеп отурганда Али Хайдар мырза шакирттерине: "Хилми бейден адеп үйрөнгүлө, адеп!” деген эле.

Көркөм ахлагы

Хусейин Хилми Ышык өтө сыпайы жана сылык эле. Мамак маска фабрикасында иштеп жатканда ал жерде Жамал аттуу бир жигит дагы иштечү. Атасы Диянатта консультациялык кеңешменин мүчөсү Кониялык Аййуб Нажати Перхиз эле. Ал жигит үйүндө да "мырзам” деп сылык түрдө сүйлөп, ибадаттарын да орундай баштаганда, атасы бул өзгөрүүсүнүн себебин сурайт. "Биздин бир командирибиз бар. Өтө сыпайы жана сылык киши. "Мырзам”сыз сүйлөөгө көнүп калып, анын жанында да ушундай сүйлөп коём деп коркуп жатамын”, - деп жооп берет. Атасы таң калат. Баласы менен Хусейин Хилми мырзаны зыярат кылып, ага ыраазычылыгын билдирүү максатында кабар жиберди. Хилми мырза: "Атаңыздын жашы улуу. Бул жерге келүүсү ылайыктуу болбойт. Биз өзүбүз ага баралы”, - деп зыярат кылууга барды.

"Саадат-и Абадиййа” китебин алгачкы жолу чыгарган күндөрдө офицерлерге жылда бир нече ирет айлыктары эки эсе кылып берилчү. Эки эсе кылып берилген айлыгынын жартысын жыйнап, ушул китепти чыгаруу үчүн колдончу.

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) өтө сабырдуу жана чыдамкай эле. Адамдардан бир кыйынчылык, жапаа келип калса чыдачу, жооп кайтарчу эмес. Керек болгондо пахтадан да жумшак, бирок, күфүргө, бидаттарга жана күнөөгө карата болоттой катуу эле. Динибизде талап кылынгандай да эр жүрөк эле. Китептеринде туураны жазуудан каччу эмес. "Коркула турчу  – жалгыз Аллаху таала”, - деп, бирок, фитна чыкпоосуна да аябай маани берчү. Мамлекеттин мыйзамдарын да бекем сактачу, "Мусулман динге моюн сунат, күнөө кылбайт жана мыйзамдарды сактайт, кылмыш жасабайт”, - деп айтчу. Улам-улам "Мекенди сүйүү ыймандан” деген ыйык хадисти окучу.

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) материалдык жана руханий, дүнүйөлүк жана акыреттик жана өзгөчө табият таануу, медицина жана фармацевтика илимдеринде доорунун эң алдыңкыларынан болгондуктан чыныгы аалым эле. Ар бир сөзү илим-билимге жана тажрыйбага таянган жана бул илимдерин жана тажрыйбаларын дининин негизги жана асыл өлчөмдөрү менен салыштырып, тартып сүйлөгөндүктөн даанышман, башкача айтканда, ар бир сөзүндө дүнүйөлүк жана акыреттик пайдалар болгон, балким, дагы окшошун табуу өтө кыйын болгон бир зат эле.

Эң баалуу, көрүнүктүү китептерден которгон котормолору жана жыйнактарынын негизинде жаңы автордук китептерди чыгарды. Акыйда маселесинде, өзгөчө ахли сүннөт вал жамаат акыйдасын жөнөкөй бир тилде баян кылып, ушул куттуу акыйданын жайылышына өзүнүн чоң салымын кошту. Ханафи, Шафии, Малики жана Ханбали мазхабдарынын биринде болуунун ахли сүннөттүн эң негизги белгиси экендигин, ар бир адамдын өзүнүн мазхабына ылайык амал кылышы керектигин, зарылдык жана муктаждык болгон кезде хак болгон төрт мазхабдын бирин таклид кыла алуусун ахли сүннөт китептеринен алып, чечмелеп берди. "Саадат-и Абадиййа” жана башка китептеринде миңдеген маселелерди түшүндүрүп берди. Унутулган көптөгөн маселелерди ачыкка чыгарып, ихйа кылды (жандантты). "Үммөтүм бузулган кездерде сүннөтүмдү ихйа кылган (жанданткан) адамга жүз шейит сообу берилет” деген хадиси шарифине дайым моюн сунуп, парздарды, важиптерди, сүннөттөрдү, жада калса, мустахабдарды дагы толугу менен түшүндүрүп жазчу.

Дүнүйөнүн түрдүү аймактарында жашап жаткан элдерге туура Исламиятты таанытты. Ахли сүннөт аалымдары тарабынан макталган жана сунушталган жүздөгөн арапча жана фарсча эмгектерди "Hakikat Kitabevi” басмаканасы аркылуу дүнүйөнүн бүткүл өлкөлөрүнө жайды. Ваххаби, Хуруфи, Кадияни сыяктуу бир канча адашкан топтордун туура жолдон айрылган жактарын бүткүл дүйнөгө далилдери менен түшүндүрүп берди. Ахли сүннөт акыйдасы бүткүл дүйнөдө кайра жанданып, жашара баштады. Бул жагынан алып караганда кылган эмгектерин жана кызматтарын динди таждид деп баяндагандар болду. (Таждид – динди жаңылоо, кубаттандыруу дегенди билдирет.)

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) жогоруда аталгандардан башка өтө күчтүү акын жана тарыхчы эле. Жазган түрдүү везин жана түрдөгү ырлары китептеринде бар.

Абдулхаким Мырза ага сабак берген учурда: "Миң саны кемалдык саны. Бир нерсе миң жолу окула турган болсо жатталат. Бирок, сен акылдуусуң. Беш жүз жолу окусаң жаттап аласың”, - деп айтчу. Токсон жылдык өмүрүнүн соңуна чейин акылынан жана эс тутумунан бир да нерсени жоготподу. Үйрөнмөкчү болгон нерсени толук үйрөнчү. Ошондуктан, жетимиш беш жашынан кийин намаз убакыттары тууралуу жазылган бир канча китепти майда-чүйдөсүнө чейин окуп чыгып жана түшүнүп, Саадат-и Абадиййа менен башка китептерине кошумча кылган. Ал жердеги татаал тригонометрикалык эсептерди өтө оңой чечкенине күбө болгондор ал заттын чыныгы илимпоз экенин моюндашчу.

Хусейин Хилми Ышык (рахматуллахи алейх) үнөмдүүлүккө жана тыкандыкка катуу маани берчү. Ысырапкерчиликти жактырчу эмес.

Кандайдыр бир муктаждыгы болбосо үйүнөн сыртка чыкчу эмес. Илим үйрөнүү жана китеп окуу менен алек болчу. Сүйгөндөрүн көп окууга жана баалуу китептерди адамдардын бардыгына жеткирүүгө аракет кылууга чакырчу. "Ислам дини ар баскычы менен, ахлагы менен, итикады менен, амалы менен жашалчу бир дин. Бардыгы болсо толук болот. Болбосо адамдын дини кем болот”, - дечү. Жазган китептеринин ар бири доорубузда маанилүү бир боштукту толтурду жана муктаждыктарды кетирди.

Ден-соолукту сактоого аябай маани берчү жана жыл мезгилине жараша кийинчү. "Электр жараяны өлтүрөт, шамалдын жараяны болсо сүйрөлтөт”, "Карылар сууктан жана жыгылуудан аябай сактанууга тийиш”, "Ден-соолукту сактоо мусулмандар үчүн важип. Ибадаттарды орундоо ушу менен гана мүмкүн болот”, - дечү. "Ден-соолук үчүн акча аялбайт”, - деп айтчу.

Убактысын өз ордунда жана мыкты түрдө колдончу. Ар ишин белгилүү бир убакытта кылчу. Убакыт маселесинде берилген сөздөрдү сактап, башкалардын да сактоосун талап кылчу. Мисалы, Йешилкөйдөгү дарыканасына баруу үчүн үйдөн чыгып кетүүсү дайыма бир убакытта эле. Ошол убакыттан бир мүнөт кийин чыккандыгы көрүлгөн эмес.

Бир жерге барып келип жатканда чайканаларда отурган адамдарды көргөндө өкүнүп: "Эгер акчага убакытты сатып алуу мүмкүн болгондо ушул адамдардын убакыттарын сатып алып, эмгектенмекмин”, - деп айтчу. Окуудан, жазуудан жана эмгектенүүдөн оолак болуу анын ою боюнча жаратылыштын сырына тескери нерсе болчу.

Ийгиликтеринин себебин сурагандарга "Халакал мусаввифун”, башкача айтканда, "Эртең кыламын дегендер куруду” деген хадиси шарифке ылайык бүгүнкү ишин эртеңкиге калтырган жокмун жана өзүмдүн ишимди өзүм кылдым. Кыла албай турган ишимди башкасына тапшырган кезимде да анын натыйжасын көзөмөл кылдым деген жоопту берген. "Бул доордо Исламга кызмат кылууда ийгиликтүү болуу үчүн угуучулар түшүнө ала турган деңгээлде ачык сүйлөө жана баары менен таттуу тил жана жакшы мамиледе болуу керек”, - дечү.

Бардык иштеринде орто жолду сактачу, эч бир нерседе чектен ашууну жактырчу эмес. Эң мыкты устаз, эң мыкты уул, эң мыкты дос, эң мыкты күйөө, эң мыкты ата, эң мыкты чоң ата, эң мыкты кошуна жана эң мыкты илимпоз болууга аракет кылчу.

Бул бөлүм Стамбул олуялары китебинин 1-томунан алынган. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш