Адам алейхиссалам


Жер бетинде жаратылган биринчи адам жана биринчи пайгамбар, бардык адамдардын атасы.

Аллаху тааланын буйругу менен периштелер ар кайсы жактан топурак алып келишет. Бул топурактан периштелер суу менен ылай жасап адам келбетине келтиришет. Мына ушундайча Мекке менен Таиф арасында кырк жыл жатып «салсал» болот, б.а., бышкандай болуп кургайт. Алгач Мухаммед алейхиссаламдын нуру маңдайына конот. Кийин Мухаррем айынын онунчу Жума күнү рух берилет. Бүткүл нерсенин аты жана пайдасы ага билдирилет. Бою менен жашы так билдирилген эмес.

Аллаху тааланын буйругу менен бардык периштелер Адам алейхиссаламга карата сажда кылышат. Узак убакыттар бою периштелерге устаздык кылган Иблис текеберленип бул буйрукка каршы чыгып, Адам алейхиссаламга карап сажда кылбайт. «Ал ылайдан жаратылды, мен болсо оттон жаратылдым. Андан жогорумун», - деп айтат. Иблис (шайтан) өзүн жогору көрүп текеберленип Аллаху тааланын буйругуна баш ийбегендиктен Аллаху тааланын каарына учурап, Жаннаттан куулат.

Адам алейхиссалам кырк жашка келгенде Фирдаус деп аталган Жаннатка алып барылат. Жаннатта жүргөн кезинде же андан мурда Меккенин сыртында уктап жатканда сол кабырга сөөгүнөн Хазрети Хавва жаратылган. Аллаху таала аларды бири-бирине никелейт. Жаннатка жайгашууларын жана Жаннаттын жемиштеринен каалаганын жей ала тургандыктарын билдирет. Бирок, Жаннаттагы бир бактын жемиши тууралуу: «Бул бакка жолобогула, бул бактан жебегиле», - деп буюрат.

Адам алейхиссалам менен Хавва энебиз Жаннатта миң жылдай жашап Иблистин жалган сөзүнө ишенип тыюу салынган бактын жемишинен унутуп алгач Хазрети Хавва, кийин Адам алейхиссалам жегендиги үчүн Жаннаттан чыгарылышат. Адам алейхиссалам Индиядагы Цейлон (Серендиб) аралына, Хавва энебиз болсо Жиддага түшүрүлөт. Бири-биринен эки жүз жылчалык узак калган Адам алейхиссалам жана Хавва энебиз бул убакыт ичинде ыйлап жалбаргандан кийин тообо кылышат жана дубалары кабыл болот. Ажыга келүүлөрү буйрук кылынат.

Арафатта Хазрети Хавва менен көрүшөт. Каабаны курушат. Ар жылы ажылык кылышат. Арафат Майданында же башка майданда кыяматка чейин келе турчу балдары белинен зерре абалында чыгарылат. «Мен силердин Раббиңер эмесминби?» - деп суралат. Бардыгы: «Бела= Ооба», - дешет. Кийин бардыгы зерре абалында келишип Адам алейхиссаламдын белине киришет. Бул окуя «Ахд-у-Мисак»жана «Калу Бела» деп аталат. Адам алейхиссалам менен хазрети Хавва кийин Шамга келишет. Бул жерде жыйырма жолу эгиз балалуу болушат. Бир жолкусунда болсо жалгаз гана Шит алейхиссалам төрөлөт. Тукумунан кырк миң кишини көргөн.

Уулдарына жана неберелерине пайгамбар кылып жиберилди. Жабраил алейхиссалам ага он эки жолу келген. Адам алейхиссаламга он сухуф (форма) китеп түшүрүлгөн. Бул китепте ыйман келтире турчу нерселер, түрдүү тилдер, ар күнү бир убакыт намаз окуу, гусул даарат алуу, орозо кармоо, тарп, кан, чочко этин жебөө, медицина, дарылар, эсеп, геометрия сыяктуу нерселер билдирилген. Ибрани, Суряни жана арап тилдеринде кирпич үстүнө көп жазуу жазылган.

Алгачкы адамдар кээ бир тарыхчылар ойлогондой илимсиз, этикасыз, жылаңач жапайы адамдар эмес эле. Азыркы тапта Азия, Африка чөлдөрүндө жана Америка токойлорунда таш доору деген сыяктуу мезгилдеги адамдарга окшогон жапайы адамдар жашап жаткандыгы сыяктуу алгачкы адамдардын арасында да билимсиз өтө төмөн жашаган адамдар да болушкан. Ошондуктан, азыркы адамдардын жана ошол убактагы адамдардын бардыгын жапайы болушкан деп айтууга болбойт. Хазрети Адам жана ага ишенгендер шаарларда жашашкан. Окуу-жазууну билишкен. Темирчилик, токумачылык, дыйканчылык, нан бышыруу сыяктуу өнөрлөрү, кесиптери болгон. Алтындан акча дагы басылган, кен иштетилип ар түркүн курал-аспаптар жасалган.

Адам алейхиссаламдын эч сакалы болгон эмес. Алгачкы сакал чыккан адам Шит алейхиссалам. Хазрети Адам өтө сулуу болгон. Кара чачтуу, буудай түстүү болгон. Он бир күн бою ооруп жатып, Жума күнү көз жумган. Адам алейхиссалам кайтыш болгондо Жабраил алейхиссалам көйнөк кийгизет. Шит алейхиссаламга жууганды үйрөтөт. Жууп кепендешет.

Хадиси шарифте айтылган:

"Адам алейхиссалам кайтыш болгондо периштелер суу менен үч жолу жуушкан. Аны көмүшкөн. Кийин балдарына: "Эй, Адам уулдары! Өлгөндөрүңөргө мына ушундай кылгыла”, - дешкен.”

Шит алейхиссалам имам болуп жаназа намазын окутат. Адам алейхиссаламдын кабыры Кудуста, Минада, Масжиди Хифте же болбосо Арафатта. Өмүр баяны тууралуу жазылган китептер бири-биринен айырмаланат.

Хазрети Адам Аллахка биринчи хамд жана тообо кылган адам. Тандалган адамдардын биринчиси жана жер бетиндеги Аллаху тааланын биринчи халифасы.

Бир нече мужизалары болгон. Булардан кээ бирлери булар:

Жырткыч, жапайы айбандар менен сүйлөшчү. Суусуз тоо жана таштарга колун урган кезде булактан атырылып таза суулар ага турган. Колуна алган майда таштар бийик үн менен Аллаху тааланы зикир кылышчу.

Адам алейхиссаламдын жаратылуусу, Жаннатта болуусу, Жаннаттан чыгарылып жер бетине түшүрүлүүсү Курани каримде түрдүү аяти карималар менен билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш