Ислам дини » Сүннөт-бидат » Унутулган сүннөттөр жана парздар




Унутулган сүннөттөр жана парздар


Суроо: Бүгүнкү күндө унутулган сүннөттөр жана маани берилбеген парздар кайсылар?

Жооп: Сүннөт эки түрдүү болот:

1 – Суннати худа (Муаккад сүннөттөр).

2 – Заваид сүннөттөр (Каада-салтка, адатка байланыштуу сүннөттөр)

Унутулган бир сүннөттү кайра ортого чыгаруу өтө баалуу. Бир ыйык хадистин мааниси: "Унутулган бир сүннөтүмү кайра ортого чыгарган адамга жүз шейиттин сообу бар". (Хаким)

Унутулган муаккад сүннөттөрдүн айрымдары төмөндөгүчө:

1 – Эки киши болсо да парз намазды жамаат болуп окуу.

2 – Намаздарды селде же такыя (топу) кийип окуу.

3 – Дааратта колду жана буттарды үч жолу жуу.

4 -  Даарат алып жатканда башка алакандар менен масх тартуу (Малики жана Ханбалиде парз).

5 – Мисвак колдонуу.

6 – Күн чыккандан кийин окулчу намазды, Аввабин, Тахажжуд, Таххыятул масжид, Субха намаздарын окуу.

7 – Истишара жана истихара кылуу.

8 – Чүчкүргөндө Алхамдулиллах деп айтуу.

9 – Карыз берип жатканда эки күбөнүн болуусу же кагазга жазып койуу. Муну важип деп айткан аалымдар да бар.

10 – Сүннөткө шайкеш салам берүү.

11 – Жума күнү гусул алуу.

12 – Дуба кылып жатканда колдорду сүннөткө ылайык ачуу.

13 – Пайдалуу бир ишти баштап жатканда Бисмиллах айтуу.

14 – Төшөккө даараттуу жатуу.

15 – Өлүм же кандайдыр бир жаман кабарды укканда "Инна лиллахи ва инна илайхи ражиъун" деп айтуу. 

Заваид сүннөттөрдүн айрымдары төмөндөгүчө:

1 – Сакалды бир ууч өстүрүү.

2 – Мурутту каштардай узартуу.

3 – Тамакты туз менен баштап, туз менен бүтүрүү.

4 – Дасторкондо сирке (уксус) болуусу.

5 – Кайлула кылуу (түштөн мурда кичине уктоо).

6 – Так санга маани берүү (1, 3, 5, 7... сыяктуу).

7 – Мусулмандын үйүнө оң бут менен кирип, сол буту менен чыгуу. (Мечитке да ушундай кирип-чыгылат. Мубах болгон жерлерге оң бут менен кирилет жана сол бут менен чыгылат. Туалетке сол бут менен кирилет жана оң бут менен чыгылат.)

8 – Кесилген тырмак, чач жана тиштерди көмүү.

9 – Жума күндөрү жаңы жана таза кийим кийүү.

10 – Тамактан мурда жана кийин колдорду жуу. (Тамактан мурда жуулган колдорду кургатпоо – сүннөт. Тамактан кийин жуулган колдорду кургатуунун зыяны жок.)

Көпчүлүк адамдар тарабынан маани берилбеген парздардын айрымдары:

1 – Парздарды жана арамдарды үйрөнбөө. (Билбеген адам дайым күнөө кылат.)

2 – Туура акыйда ээси болуу. (Ахли сүннөт акыйдасын үйрөнүү.)

3 – Аллахтын досторун дос, душмандарын душман деп билүү.

4 – Намаз окуу жана үшүр садага берүү.

5 – Аврат жерлерди жабууга маани берүү.

6 – Салам берген адамдын саламына жооп берүү.

7 – Чүчкүрүп "Алхамдулиллах" деген адамга "Ярхамукаллах" деп айтуу.

8 – Адалдан таап, адалдан жеп-ичүү.

9 – Ырыскыга Аллаху тааланын кепил экенине ишенүү.

10 – Тобокел жана канаат кылуу.

11 – Аллаху таалага берген нематтары үчүн шүгүр кылуу, башкача айтканда, аларды динге шайкеш колдонуу.

12 – Аллаху тааладан келген балээ-кыйынчылыктарга сабыр кылуу, башкача айтканда, каршы чыкпоо.

13 – Күнөөлөргө тообо кылуу.

14 – Эне-атага жакшылык кылуу.

15 – Амри маруф кылуу. (Бул парзы кифая)

16 – Күнөөлөрдөн сактанып, ибадат кылуу.

17 – Ааламга сабак алуу менен кароо.

18 – Тилин жаман сөздөрдөн коргоо.

19 – Эч кимди маскаралабоо.

20 – Арамды карабоо.

21 – Кулагын музыкалык аспаптардан коргоо.

Бир сүннөттү ортого чыгарган адамга жүз шейиттин сообу бериле турган болсо бир парзды ихйа (тирилткен, чыгарган) адамга канчалык көп сооп бериле турганын ойлоо керек! Өзгөчө парздарды колдон чыгарбаш керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш