Ислам дини » Сүннөт-бидат » Динде реформа деген эмне




Динде реформа деген эмне


Суроо: «Европа динде реформа жүргүзүү менен өнүктү. Биз дагы ушундай кылышыбыз керек» - деп айткандар бар. Динде реформа деген эмне?

ЖООП

Реформа деген сөз оңдоо, түздөө, бузулган бир нерсени оңдоп эски туура абалына келтирүү дегенди түшүндүрөт. Христиандык бузулгандыгы үчүн реформа кылынды. Мусулмандык бузулбагандыгы үчүн мындай кыймыл бузуучулук болот. Ошондуктан, рефонма кылууна каалагандардын динибизди ичтен жыгууну каалагандыктары түшүнүлүүдө.

Имам Раббанихазреттери мындай деп буюрууда:

«Бидатчылар кылган өзгөртүүлөрү менен динди оңдой тургандыктарын, кемелге келтире тургандыктарын ойлоп бидат чыгарышууда, бидаттардын зулумдугу менен сүннөттүн нурун жабууга аракет кылышууда. Булар диндин кемчиликтерин толуктагандыктарына айтышууда. А болбосо дин кеччиликтүү эмес камил (толук) экендигин билишкен жок. Динди кемчиликтүү деп ойлоп толуктоого [мезгилге тууралоого, түркүн бидаттарды чыгарууга] аракет кылуу Маида сүрөсүнүн «Бүгүн силер үчүн диниңерди толуктадым. Үстүңөргө болгон ниматымды толуктадым жана силерге дин катары Исламиятты берүү менен ыраазы болдум» деген маанидеги  3-аятына ишенбегендик болот.» (м.260)

Бүгүнкү түшүнүккө карай динде реформа үчкө бөлүнөт:

Ахли сүннөт аалымдары жахилдер жана дин душмандары тарабынан динге киргизилүүсү кааланган куру ишенимдерди оңдошту. Түрдүү баалуу китептерди жазышты. Өз ойлорунан бир нерсе кошушкан жок. Асхахы кирам эмнени айтышкан болсо ошолорду накыл кылышты. Кийин келген аалымдар булардын китептеринен накыл кылуу аркылуу китеп жазышты. Булар реформачы эмес Мужаддид деп аталат. Чындыгында хадиси шарифте: «Менден кийин ар жүз жылда бир аалым чыгат, динимди кубаттандырат», - деп билдирилген. Имам Азам, Имам Шафии, Имам Газали, Имам Раббани жана акыр заманда келе турчу хазрети Махди мына ушул мужаддиддерден. (Рахматуллахи алейхим)

Динде реформанын экинчи бөлүгү – Ислам аалымдарынын билдиргендиктерине ишенбей, Курани каримге жана хадиси шарифтерге өз түшүнүктөрүнө карай маани берген бузукулар карманган жол. Булардын Ислам аалымдарынын билдиргендеринен башка айткан нерселери бидат жана өздөрү болсо бидат ахли же мазхабсыз деп аталат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Үммөтүм 73 фыркага бөлүнөт. Булардын 72си Жаханнамга кетет, бирөө ишеними себеби менен Жаханнамга кирбейт», - деп айткан. Жаханнамга кирбеген фырканын болсо «Ахли сүннөт вал жамаат» экендиги ижма менен билдирилген.

Ибадатта бидат Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жана төрт халифасынын замандарында болбогон, алардан кийин динде ортого чыгарылган, ибадат катары кылынууга аракет кылынган нерселер. Ибадаттарга бир нерсе кошуу же чыгарып салуу деген нерсе болбойт. Мисалы, ТВдагы имамга уюп намаз окуу бидат.

Динде эмес адаттарда өзгөртүү, жаңылануу болсо бидат жана күнөө эмес. Мисалы, айры кашык менен тамак жеш, кофе, чай ичүү сыяктуу нерселер адат болгондугу үчүн бидат эмес.

Динде реформанын үчүнчү бөлүгү – динди жаңыртуудабыз, оңдоодобуз деп Исламиятты ичинен жыгууга болгон кыймыл. Жакын тарыхыбызда мечиттерге музыкалык аспаптарды киргизүү жана катар-катар отургучтарды койуу сыяктуу аракеттер болууда. Буларга дыкат болуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш