Пайыз


Суроо: Динибизде пайыздын өкүмү кандай

ЖООП

Азыркы күндө пайыздын, ичкиликтин, зинанын арам экендигин билбеген мусулман жок. Ара нерсе мезгилдин өтүүсү менен адал болбойт. Бир гана «Зарылдыктар арам болгон бир нерсени мубах кылат», бирок, зарыл абал бүткөндө ал нерсенин арамдыгы уланат. Мисалы, суусуздуктан өлө турчу адамдын шараптан башка иче турчу нерсе таба албаса өлбөй турганчалык шарап ичүүсү жаиз болот. Андан көп ичүүсү жаиз болбойт. Ачалыктан өлө турчу адамдын дагы тарпты жеши дагы мына ушундай.

Ушул жана ушуга окшош абалдардан сырткары пайызды дагы адал дегенге болбойт. Пайыз тууралуу Таргибдеги хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган:

«Курута турчу жети нерседен бири – пайыз алуу.» [Бухари]

«Жети чоң күнөөнүн бири – пайыз жеш.» [Беззар]

«Пайыз алганга дагы, бергенге дагы лаанат болсун!» [Муслим]

«Денесине жазуу жазганга (татуировка), жаздырганга, пайыз алып-бергенге лаанат болсун.» [Бухари]

«Аллаху таала ушул төртөөнү Жаннатка киргизбейт, булар: дайым ичкилик ичкен, пайыз алган, жетимдин оокатын жеген жана эне-атасына каршы болгондор.» [Хаким]

«Пайыз 73 бөлүк. Эң төмөнү адамдын энеси менен зина кылуусу сыяктуу.» [Хаким]

«Бир дирхам пайыз алып-берүү отуз зинадан дагы күнөө.» [Таберани]

«Дайым пайыз жеген акыры кедейликке түшөт.» [Ибни Маже]

«Кыямат жакындаган сайын пайыз, зина жана ичкилик көбөйөт.» [Таберани]

Мусулман эмес жерде

Пайыз тууралуу көптөгөн хадиси шариф бар. Курани каримде Бакара сүрөсү 275-аяти каримасында «Сооданын адал, пайыздын арам» экендиги билдирилүүдө.

Чоочун өлкөлөрдө мусулмандардын мусулман эместерге карызга акча берип, алардан пайыз алууларынын жаиз экендиги Мултека китебинде жазылуу. Мажмаул анхур жана Дурер китептериндеги хадиси шарифте мусулман эмес өлкөлөрдө мусулмандардын мусулман эместерден пайыз алууларынын жаиз экендиги билдирилген. Мындан башка зарылчылыктан сырткары пайыз ар жерде ар качан – арам. (Жавхара)

Пайыз бир гана Ислам дининде эмес самави диндердин бардыгында арам болчу. Фатава-и Хайриййа китебинде мындай делген:

«Зымми [гайри муслим] зыммиге элүү сом карыз берип, пайызы менен бирге элүү сом алса мунун беш сомун кайтарып берүүчү керек. Себеби, пайыз ар динде арам.»

Пайыз карыз берүүдө, залогдо жана соода-сатыкта болот. Фыкх китептеринде пайыздын жетимиштен көп түрүнүн болгондугу билдирилген. Ошондуктан, соода-сатык жана башка келишим кылу турчу адамдардын кандай абалдарда пайыз боло тургандыгын жакшылап үйрөнүүлөрү керек. Бул маалыматтарды үйрөнүү – фарз-ы айн. (Б.а., ар кимге парз, башка бирөөнүн орундоосу менен ал дагы орундаган болбойт.) Билбеген адам байкабай пайыз алып-берип чоң күнөөгө кирген болот. Харам экендигин билбегендиги үчүн тообо да кылбайт.

Имам Раббани хазреттери мындай деген:

Артык кылып төлөп берүү шарты менен карыз берүү – пайыз. Арам келишим менен колго тийген мал-мүлктүн бардыгы арам болот. Мисалы, 12 кг төлөө шарты менен 10 кг буудай карызга берилсе 12 килограммдын баары тең арам болот. Артыкча алынган 2 килограммы кул акысы болгондуктан кайтарып берилүүсү керек. Он килограммы дагы арам болгондугу үчүн кедейлерге садага кылып берилет.

Бир чака сүттүн ичине куюлган бир чыны заара сүттүн баарын тең булгайт. Пайыз менен карызга берилген акчанын пайызын негизги акчадан бөлүү мүмкүн болбойт. Сүттүн булганганы сыяктуу баары тең булганган болот.

Суроо: Германияда кээ бирөөлөр: «Европа мусулман жергеси эмес, дар-ул-харб болуп саналат» деп кээ бир нерселерди кылышууда. Мыйзамдарга баш ийүү, пайыз алуу, камсыздандыруу (страховка кылуу), сакал кесүү, Жума окубоо, крест тагуу, жалган сүйлөө сыяктуу нерселер жаизби?

ЖООП

Дар-ул-харбда (б.а., мусулман эмес жерде) болсо да Ислам маалыматтары жайылган жерде мусулмандардын көбү билген нерселерди билбөө, үйрөнбөө кечирим болбойт, күнөө болот. Ыймансыздыкка себеп болгон бир ишти билип туруп кылуу ыймансыздык болот. Белине зуннар делген поптордун белбоосун байлоо, крест тагуу жана куфурга таандык нерсени кийүү дагы ушундай.

Мусулман эместердин майрам күндөрүндө ошол күнгө таандык нерселерин алар сыяктуу колдонуу дагы куфур болот. Буларды көрсөтүү үчүн, башкаларды күлдүрүү үчүн, азил үчүн колдонуу да куфурга (ыймансыздыкка) себеп болот. Ишениминин туура болуусу пайда бербейт. Бирок, буларды согушта душманга каршы, тынчтыкта заалымга каршы куулук катары колдонуу куфур болбойт. Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам»: «Согуш - куулук»,- деген.

Жалган дагы үч жерде жаиз. Бири согушта. Дин душмандарынан коргонуу же мусулмандарды коргоо үчүн жалган жаиз. (Уйун-ул-басаир, Хадика)

Мусулман эмес өлкөдө мусулмандардын тандай турчу имамдын Жума окутуусу жакшы. (Радд-ул Мухтар)

Ахли китаб болгон киши сойгон мал тескериси болбогон болсо таза деп кабыл кылынат. (Эшбах)

Ибни Абидин хазреттери мындай деген:

«Мусулман эмес өлкөлөрдө алардын мыйзамдарына баш ийүү [каршы чыкпоо] зарылдыгы бар. Мүлктөрүнө, жандарына, намыстарына тийүү эч качан жаиз эмес.» [Радд-ул Мухтар казылык баяны]

Абдулгани Наблуси хазреттери мындай деген:

«Өкмөт мубах бир ишке тыюу салса бул буйрукка баш ийүү – важиб болот. Өзүн коркунучка түртүү жаиз болбойт.» [Хадика 143-бет]

Мухаммед Хадими хазреттери мындай деген:

«Өкмөт буйрук кылган бир мубахты кылуу элге важиб болот.» [Барика 91-бет]

Бул үч эмгекте тең көрүлгөндөй мусулман адам дүйнөнүн кайсы жеринде болсо болсун, мусулман өлкөдө же мусулман эместер жашаган жерлерде алардын мыйзамдарына каршы чыкпоо керек, көркөм мүнөзү менен бардык адамдарга өрнөк болуусу керек.

Мусулмандардын сырткы келбеттери, кийинүүлөрү

Мусулман болбогондорго жана аялдарга окшоо үчүн сакалды кыруу – арам. (Ибни Абидин)

Сакал кыруу – отко сыйынгандардын адаты. Мусулман эместерге окшоо арам. (Бахр, Тахтави)

Сакалды бир тутам узартуу – сүннөт. [Дар-ул-харбда же зулум көрбөө, нафакадан куру калбоо, амри маруф кыла алуу, мусулмандарга жана Исламиятка кызмат кыла алуу, динин, намысын коргой алуу үчүн сакалын кыруу жаиз, жада калса, зарыл болот. Кечиримдүү себепсиз кыскартуу же кыруу – макрух. Сакал сүннөтүнө маани бербегендин ыйманы кетет.] (Барика)

Дур-ул-харбда мусулман эместердин мал-жанына, намысына кол салуу – арам. Мусулман эмес аялдардын баштарын, колдорун, буттарын кароо – арам. Мусулман эмес адамдын мүлкүн алуу, көңүлүн оорутуу мусулмандын мүлкүн алуудан дагы чоң күнөө. Мусулман эместердин акыларына бузбоо, эч кимди алдабоо мусулмандыктын талабы. Мусулман эместерден дагы тартып алуу, уурулук сыяктуу мыйзамсыз жол менен алынган нерсе хабис мүлк (ыплас мүлк) болот, колдонулуусу арам. Эгер ээси табылбаса кедейлерге садага катары берүү керек. Жан-жаныбарлардын акысы адам акысынан, мусулман эмес кишинин акысы жаныбар акысынан да чоң күнөө. Башка бирөөнүн мүлкүн андан уруксатсыз алып колдонуп, зыян келтирбестен ордуна койуу дагы арам. (Хадика)

Мусулман эмес жарандарга да дүнүйөлүк иштери үчүн таарынуу жаиз эмес. Алардын дагы жылуу жүз жана таттуу тил менен көңүлдөрүн алуу, таарынтпоо, акыларын берүү керек.

Мусулман болсун, муслуман эмес болсун, каерде болсо болсун эч бир адамдын малына, жанына жана намысына тийүү жаиз эмес. Мусулман эмес туристтер соода-сатыкта мусулмандардын акыларына жана эркиндиктерине ээ. Өз диндеринин милдеттерин орундоодо, ибадаттарын кылууда эркин. Исламият мусулман эместерге да бул эркиндикти берген.

Мусулман адам чет элдин мыйзамдарына каршы чыкпоосу жана кылмыш кылбоосу керек.

Фитна чыгуусуна себеп болбоосу, эч кимге зулумдук кылбоосу, кыйынчылык тарттырбоосу керек.

Мусулмандыктын көркөм ахлагын, абыройун ар жерде ар кимге көрсөтө билүүсү, ар элдин Ислам динин сүйүүсүнө жана урмат кылуусуна себепчи болуу керек. (Ислам Ахлагы)

Мусулман эмес адамга акыга кызмат кылуу – макрух. Бирок, дар-ул-харбда жаиз. Мусулман эмес мамлекетте алардын мыйзамдарына каршы чыкпоо зарылдыгы бар. Өкмөт мубах нерсени дагы тыюу салса буга моюн сунуу – важиб. Өзүн коркунучка түртүү жаиз болбойт. (Радд-ул Мухтар, Хадика, Барика)

Европада пайыз маселеси

Дар-ул-харбда мусулмандын мусулман эмес кишилерге карыз берип алардан пайыз алуусунун жаиз экендиги бардык китептерде жазылган. Дар-ул-харбда гайримуслимдердин мүлктөрүн пайыз, кумар, «фасид бей» (б.а., Негизи Исламга ылайык болуп, сыпаты болсо ылайык болбогон, мисалы, кылынуусунда эки тараптуу ыраазылык жок болгон жана колдонулуусу мүмкүн жана мубах болбогон сатыш) менен алуу адал. Бул жолдор менен мусулмандын зыян тартуусу болсо адал эмес. (Радд-ул Мухтар)

Имам Азам жана Имам Мухаммед: « Дар-ул-харбда мусулман менен мусулман эмес арасында пайыз болбойт», - деген. (Мултека)

Дар-ул-харбда бир мусулмандын акча табуу шарты менен кумар, пайыз жана страховка жолу менен акча табуусунун жаиз экендиги «Кудури, Жавхара, Викая, Хиндиййа, Мабсут, Дурр-ул Мухтар, Радд-ул Мухтар» сыяктуу абыройлуу эмгектерде жазылуу. Ушул эле нерсе Мажмаул-анхур жана Дурер китебинде «Ла риба байнал муслими вал харбиййи фи дарил харби = Дар-ул-харбда мусулман менен муслуман эмес арасында пайыз жок» деген хадиси шариф менен билдирилген. Себеби, алардын мүлктөрүн ыраазылыктары аркылуу алуу – мубах. Бирок, мал-мүлкүнө кол салуу, кыйнап алуу жаиз эмес. Түркия Диянат Энциклопедиясынын пайыз маселесинде дагы ушундайча жазылган.

Дар-ул-харбда бир гана мусулман эместерден пайыз алган бир банкка акча салган муслумандын бул акчанын пайызын алуусу адал болот. Бул банктан карыз акча алып-бергендердин баары мусулман болсо банкка салынган акчанын пайызын алуу – арам.

Банктан акча алып пайыз бергендер мусулман жана харби мусулман эмес аралаш болсо ал банктан алынган пайыз жана кызмат каршылыгында алынган акы төлөм макрух болот. Мусулман кардары көп болсо арамга жакын, харби мусулман эмес кардары көп болсо адалга жакын макрух болот. Машихат-и Исламиййа чыгарган Жарида-и илмийа китебинин 55-санынын 1744-бетинде жазылган фатвада дагы: «Дар-ул-харбда мусулман эмес банкына акча салып, банктан пайыз алуу шарият жагынан адал болот», - делген.

Камсыздандыруучу менен Дар-ул-харбда келишим түзүү жана бере турчу акчаларын алуу адал болот. (Ибни Абидин)

Түркия Диянат Энциклопедиясында болсо мындай делген:

Абу Ханифа жана Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча дар-ул-харбда мусулман менен мусулман эмес арасында пайыз мамилеси жаиз. Ошондой эле Ханафи мазхабына карата фасид деп кабыл кылынган алышуу-беришүү жана соода мамилелер, ставка койуу жана кумар ойноо дагы жаиз. Бирок, мусулмандын бул иштерден табыштуу чыгуусу шарт. (Пайыз тууралуу 121-бет.)

Бул маалыматтардан дагы түшүнүлгөндөй пайыз алуу жаиз болгон жерлерде банк рекламасын кылуу дагы жаиз. Айрыкча банктан бир гана пайыздуу операция кылбайт, фабрикаларга, фирмаларга акционер болуу, имарат куруп сатуу, аласалардын төлөм тилкаттарын чогултуу, акча амманат кылуу сыяктуу бир нече пайызсыз операция дагы кылат. Мындай табышы адар-адал аралаш бир адамдын берген белегин алуу, аны менен алышуу-беришүү жана ижара иштерин кылуу жаиз болот. (Хадика)

Дар-ул-харбда табуу шарты менен акцияга кирүү, б.а., бир түрдөгү кумар ойноо жаиз. Рум сүрөсүндө: «Румдар эң жакын бир жерде жеңилүүгө дуушар болушту. Бирок, алар бул жеңилүүлөрдөн кийин бир канча жыл ичинде жеңишке жетишет», - деп буюрулган.

Мушриктердин пикирлери боюнча бул ишениле турчу нерсе эмес эле. Бирок, Аллаху тааланын убадасы сөзсүз орундалмак. Хазрети Абу Бакр бул сүрөнүн түшүрүлүүсүнөн кийин мушриктерге: «Бул жеңиш силерди кубантпасын. Бир канча жылдан кийин Рим Парсты сөзсүз жеңет», - деген эле. Мушриктер: «Бул бир канча жыл деген канча убакытты билдирет?» - деп сурашты. Үч жыл деп жооп берди. Убейй ибни Халеф «Жалган» деп он төөгө Хазрети Абу Бакр менен мелдешти. Хазрети Абу Бакр абалды Расулуллахка кабар бергенде Пайгамбарыбыз «алейхиссалам»: «Бир канча жыл деген 3-9 жыл арасы дегенди билдирет. Төөнүн санын көбөйт жана мөөнөтүн дагы узарт», - деп буюрду.

Хазрети Абу Бакр Убеййди издеп тапты. Убейй: «Эмне болду, өкүнүп калдыңбы?» - деди. Хазрети Абу Бакр: «Жок, өкүнгөн жокмун. Сени менен мелдешти көбөйтөлү. Жүз төө кылалы. Мөөнөттү болсо тогуз жылга чыгаралы», - деди. Убейй бул абалына абдан ишнимдүү эле. Римдиктердин эч качан жаңыдан согуша тургандыктарына ыктымал бербегендиги үчүн: «Макул, жүз төө, тогуз жыл болсун», - деди.

Тогуз жылдан кийин Бадирде мусулмандар мушриктерге Аллаху тааланын жардамы менен жеңишке жетишкенде Римдиктер дагы Парстар менен кайрадан баштаган согушта жеңиш менен чыгышкан эле. Хазрети Абу Бакр мелдешти алган эле. Бирок, төөлөрүн жеке Убеййден сурай албады. Убейй Ухудда жарадар болуп, Меккеге кайтып келатканда өлгөн болчу. Төөлөрдү Убеййдин мурасчыларынан алды. Бул абал мушриктерди катуу ойго салды. Араларынан бир нечеси мусулмандыкты кабылдашты. Ушундайча Курани каримдин бир мужизасы дагы ортого чыкты. (Медарик, Тибйан)

Мекке шаары ал кезде Ислам мамлекети болбогондугу жана Хазрети Абу Бакрдын мелдештен табыштуу чыгуусу кепилдүү болгондуктан бул мелдеш иши жаиз деп көрүлгөн эле. Ошондуктан, Имам Азам менен Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча риба (б.а., карыз берүүдө, ипотекада жана соодада алуучудан же сатуучудан биринин экинчисине каршылык катары берүүсү шарт кылынган артык мал-мүлк) жана кумар сыяктуу нерселерге тийиштүү фасид келишимдер дар-ул харбда мусулмандар менен мусулман эместер арасында жаиз болот, кылынса болот. (Мултека)

Дар-ул харбда акча табуу шарты менен мелдешке кирүүнүн жаиз болгондугун көрсөткөн дагы бир мисал берели:

Атактуу балбан болгон Рукане койлорунун үчтө бирин мелдешке сайып, Пайгамбарыбызга күрөшүүнү сунуштады. Расулуллах алейхиссалам бир канча жолу Руканени жеңип койлорунун баарын алды. Кийин ага ихсан кылып койлорунун баарын кайтарып берди. Рукане мусулман болду. (Мабсут, Мавахиб-и ледуниййа, Шевахид-ун-нубувва)

Суроо: Ювелирдик дүкөнүм бар. Алтын алып-сатабыз. Эмнеге көңүл бөлүшүм керек?

ЖООП

Зергерлердин жана булардан соода кылгандардын билүүлөрү керек болгон жагдайлардын кээ бирлери мына булар:

1-Алтын алтын менен алмаштырылып жатканда бирөөнүн салмагы бираз көп болсо арам болот. Мисалы, 7.2 гр салмактагы Решат алтынды берип мунун ордуна 7 же 8 гр билерик алуу пайыз болуп арам болот. Салмактарынын тең болуусу керек.

2-Алтынды алтынга сатып жатканда салмактары тең болсо дагы бирөө бөлүп төлөгө (рассрочкага) сатылса дагы арам болот. Мисалы, зергерчиге бир Хамит лира берилип ордуна бир даана Элгази суралса зергер «Азыр Элгази жок, эртең берейин» десе арам болот.

3-Алтында проба айырмасы жагынан этибарга алынбайт. Мисалы, он грамм 24 проба алтын менен он грамм 14 пробалык алтынды алмашса, эки тараптан бири кошумча бир нерсе алса арам болот.
4-Алтын сыныгы, иштетилген алтын, антикалык алтын бири-бири менен алмаштырылып жатканда тең салмакта болуулары керек. Мисалы, Хамит берип ордуна Решаталып жатканда кошумча бир нерсе алуу арам.

 

Жогоруда билдирилген арамдарга түшпөө үчүн мына буларды кылуу керек:

А-Алтын сыныгын алып келип ордуна иштетилген алтын алгысы келген адам алгач алтын сыныгын кагаз акчага сатат. Иштетилген алтындарды болсо кагаз акчасына сатып ала турган болсо эч зыяны болбойт.

Б-Алтынды алтынга эмес кагаз акчага же башка бир оокатка бөлүп төлөөгө сатуунун дагы зыяны жок. Мисалы, зергерчиден бир Решат алтын бөлүп төлөөгө бир тонна отунга сатылса болот. АЛтын жана күмүш болбогон метал же кагаз акчалар менен дагы бөлүп төлөөгө сатуу жаиз.

В-Алтынды же кандайдыр бир буюмду бөлүп төлөөгө кымбат сатуу жаиз. (Дурер, Хиндиййа, Эрбаин-и Салмани)

Пайыздуу соода –сатык

1-5 гр 14 проба менен 5 гр 24 проба алтынды алмашуу жаиз. Бири ашыкча болсо же бөлүп төлөөгө болсо пайыз болот. Хадиси шарифте: «Алтын алтынга, күмүш күмүшкө, хурма хурмага, буудай буудайга, туз тузга, арпа арпага тең теңине сатылып жатканда бири ашыкча болсо пайыз болот. Экөө тең накталай болуу шарты менен алтынды күмүш менен [же башка нерсе мененартык же кем баа менен алынып-сатылса болот.» (Тирмизи)

2-Алтын сыныгы өтө баалуу антикалык бир алтын менен болсо да алмаштырылып жатканда тең салмакта болуусу керек. Антикалык, баасы кымбат деп артыкча алтын алуу пайыз болот. Пайыз болбоосу үчүн антикалык алтындын жанына маселен бир калем кошулса, бул калем менен бирге антикалык алтынга өтө кымбат баа суралса болот. Мисалы, 7 гр антикалык алтын үчүн жанында башка буюм дагы болгондуктан улам 1 кг иштетилген алтын суроо жаиз болот.

3-Алтын сыныгынын ордуна иштетилген алтын алгысы келген алтын сыныктары менен иштетилген алтындардын баасы эсептелет. Мисалы, алтын сыныгы 800, иштетилген алтын 1000 сом болгон болсо 200 сом айырмасын сурайт. Же алтын сыныгы көп болуп 1000, иштетилген алтын 800 сом болгон болсо 200 сом айырмасы берилет.

4-Алтынды кагаз акча же башка мүлккө бөлүп төлөөгө өтө кымбат сатуу жаиз.

5-Бир чака сапаттуу буудайды бир чака сапатсыз буудайды алмашуу жаиз. Эгер бири артык болсо пайыз болот. 5 чака сапатсыз буудай берип 4 чака сапаттуу буудай алуу пайыз болот. 4 чака буудайдын жанына башка түр мүлк берип, мисалы, бир калем же бир китеп кошулуп муну менен бирге сатылса жаиз болот.

6-Бир нерсе өз түрү менен [мисалы, арпа арпага, алтын алтынга] бөлүп төлөөгө сатылса пайыз болот.

7-Орток бир мүлктү тартпастан же өлчөбөстөн бөлүшүү пайыз болот. [Мисалы, курмандык этин тартпастан бөлүшүү пайыз болот. 4 пайга бирден бут, бир пайга баш, башкасына тери кошулса пайыз болбойт.]

8-Бир мүлктү мисалы 2 айдан кийин тапшыруу үчүн саткандан кийин кемчиликтүү кылып мурда берүү пайыз болот. [Чек, төлөм тил катын арзан алуу дагы пайыз болот. Мөөнөтү келе элек карызды бир канча ай мурда төлөп жатканда кем төлөө пайыз болот. Пайыз болбоосу үчүн баары төлөнөт. Кийин алуучу ашыкчасын береселүүгө хадия кылат.]

9-Эки киши бир мүшөктөн буудайды тартпастан аралаштырып ун кылгандан кийин экиге бөлүшүп алышса пайыз болот.

10-Эки кишинин орток бир уюу болсо сүтүн бир күнү бири, дагы бир күнү экинчиси алса пайыз болот. Ар күнкү сүттү тең бөлүшүүлөрү керек. [Ушул сыяктуу эки кишинин арендада бир үйү болсо аренда акчасын бир ай биринчиси, бир ай экинчиси алса жаиз болбойт. Ар ай алынган акчаны экиге бөлүш керек. Алтын күнү, доллар күнү, сом күнү же башка бир мүлк күнү кылып, ар жолкусунда бирөөнө алтын, доллар, сом же башка мүлк берүү жаиз болбойт.]

11-Эки киши машинелерин экөө тең колдонуу үчүн белгилүү бир убак үчүн алмашышса пайыз болот.

12-Бир нерсени арзан сатып алуу же ага кымбат сатуу шарты менен карыз берүү пайыз болот.

13-Бир нерсени алдоо менен кымбат сатуу же арзан алуу дагы пайыз болот. Алдабастан кымбат сатуу же арзанга алуу жаиз. [Булар «Арбаин-и Салмани» китебинен алынган.]

Пайыз чоң күнөө. Бирок, пайыз тууралуу сөз кылган көп адам пайыздын эмне экендигин билбейт. Болгону пайыздын бир-эки түрүн билет. Бирок, пайыз түрү көп. Хадиси шарифтерде буюрулду:

«Пайыз жетимиш үч түрдө болот.» [Хаким]

«Пайыз жалпысынан алганда бөлүп төлөөдө болот.» [Муслим]

«Бир заман келет, адамдар арамды-адалды ойлонушпайт, бир гана акчанын келүүсүн ойлонушат.» [Р.Насыхин]

Карызда дагы пайыз боло тургандыгын көп адам билбейт. Мисалы, эки айдан кийин берем деп бир сом алуу пайыз болот. Хамза Эфендинин Бей жана Шира рисаласынын шархында: «Карыз берип жатканда убакытты белгилөө пайыз болот», - деген.

Пайыздан кутулуу үчүн алышуу-беришүү, соода-сатык маалыматтарын үйрөнүш керек. Соода-сатык маалыматтары толук түрдө Там Илмихал Сеадет-и Эбедиййе китебинде бар.

Суроо: Үйүмдү бир досума бердим. Мага карызга 5000 сом берди. Мен ага: «Үйүмөн ижара акча албайм, сен дагы акчаңан пайыз алба. Акчаң менде канча жыл турса ошончо жыл үйдө ижара акысыз жаша», - дедим. Б.а., акча пайызсыз, үй ижара акысыз болууда. Динибизде мунун зыяны барбы?

ЖООП

Ооба. Ачыктан ачык пайыз. Үйдө акчанын пайызына жараша турууда. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Пайда алып келген карыз - пайыз», - деп айткан. Сизге берген карыз үчүн үйдө жашоодо. Досуңуз сизге карыз бербегенде ижара акысыз жаша деп айтмак белеңиз? Айтсаңыз деле бул формада келишим – пайыз. Пайыз болсо – чоң күнөө.

Суроо: Пайыз адал, риба арам деп жатышат, туурасы кандай?

ЖООП

Пайыз менен риба экөө бир нерсе. Пайыз – жети чоң күнөөнүн бири. (Бухари)

Курани каримде дагы пайыздын арам экендиги билдирилген. (Бакара 275-279)

Пайыздын арам болгондугун билдирген бир канча хадиси шарифтерден бири мындай:

«Мираж түнү курсактары үйдөй, ичтери жылан толгон адамдарды көрдүм. Булардын ким экендиктерин Жабраил алейхиссаламдан сурадым. Пайыз жегендер экендиктерин билдирди.» [Ибни Маже]

Ар муктаждык зарылдык эмес

Межелле китебинде мындай деп жазылган:

Зарылдыктар мамну болгонду мубах кылат, б.а., тыюу болгон нерселердин зарылдык уланып жаткан мезгилчелик тыюуусу алынат. (21 бөлүк)

Кээ бир адамдар Межелленин бул жерин негиз кылып көрсөтүп «Ар муктаждык зарылдык болуп саналат. Зарылдык болгондо арамдар мубах болот» деп арамды мубаз сыяктуу кылып жатышат. Эмне зарылдык жана эмне зарылдык эмес?

Зарылдык: Өзүнүн жана нафакасын берүүсү керек болгондордун ачка, суусуз, жылаңач калып же көчөдө калып ооруп калуусу деген сөз. (Эшбах)

Зарылдык кыйынчылык менен башка нерсе кылууга мүмкүнчүлүк болбогон абалда болот. (Камус котормосу)

Көрүнүп тургандай адамды бир нерсе кылууга кыйнаган, адамдын колунда болбогон самавий себеп зарылдык деп аталат. Кыскасы динибиө буйрук кылган бир иште башка бир нерсе кыла албоо – бул зарылдык.

Зарылдыкты бир канча мисал менен ачыктайлы:

Бир күндүк азыгы бар адамдын тиленүүсү – арам. Иштегенге күчү жетпей ачкалыктан өлө турчу адам карыз издейт. Карыз бере турчу киши жок болсо кайырчылык кылат. Кайыр сураганда да эч ким бир нерсе бербесе тарп жей алат.

24 саат тамак жебеген киши ачка киши. Бул ачкалыгы зарылдык болот. Себеби, өлө турчу бир абал жок. Мындай адамдын тарп жегени арам болот. Бул жерде көрүнүп тургандай зарылдык – бул бүт эшиктер жабылган жагдайда кылына турчу акыркы чара.

Колдонулбай турган болсо курууга себеп боло турчу тыюу салынган нерсени колдонуу зарылдык болот. Колдонулбоосу кыйынчылыкка, машакатка себеп болсо муктаждык деп аталат. Мисалы бир нече күндөп ачка калып жей турчу бир нерсе таба албаган адам өлбөй тургандай өлчөмдө тарп жеши – зарылдык. (Уйун-ул-Бесаир 119-бет)

Өлбөй тургандай жеш – зарылдык. Бирок, тойгончо жеш зарылдык эмес. Имам Раббани хазреттери: «Муктаждык башка, зарылдык башка. Зарылдык абалда жаиз болгон бир нерсе муктаждык болгондо жаиз болбойт. «Муктаждыгы болгон адамга пайыз арам болбойт» дегендик Курани каримдин буйругун өзгөртүү болот. Маида сүрөсүнүн 3-аяти каримасында «феменитдтурра фи махмасатин» делген.»

[Махмаса – ачкалыктан өлүү абалы. Музтар – кысылган, зарыл абалда болгон чарасыздык.]

Аяти кариманын мааниси «Өлүмө себеп болгон кысылган абалга түшкөн» дегенди билдирүүдө.

Бул аяти карима зарылдык абалда арамдан кечириле турчу үзүрдү баяндоодо. Пайыз менен карыз алуу үчүн ар муктаждык үзүр болгондопайыздын арам кылынуусунун себеби калмак эмес. Себеби, пайыз төлөөнү бир гана муктаждыгы болгон адам кабыл кылат. Муктаждыгы болбогон адам ачык пара берүүнү каалабайт.Аллаху тааланын бул тыюу салган буйругу орунсуз, керексиз болмок. Аллаху тааланын китебине мындай жалаа жабууга болбойт. Адамды арам, арамды адал деген адам ыйманын жоготот. Ар муктаждык зарылдык деп эсептеле берсе пайыздын арам боло турчу жери калбайт. Пайыздын арам кылынуусу бош, керексиз буйрук болуп калмак. Жада калса, орозо каффаратын ант каффаратын төлөө ниети менен кедейлерди тойгузуу үчүн пайыз алуу дагы жаиз эмес. [Мүждежи мектублар 202]

Өлтүрүү үчүн курал тагаган адамга карата өзүн коргоо – мешру (динге ылайык) коргонуу болот. (Межелле шархы)

Кол салууга дуушар болгон адам өзүн когоо үчүн мешру коргонууга өтүп, кол салганды зыянсыз абалга келтирүүсү жаиз. Бирок, бир адам бир гана коркутуу үчүн (сени өлтүрөмүн) десе дароо аны өлтүрүүгө белсенүүсү жаиз болбойт.

Адамга жана жерге карата түрдүү өкүмдөр

Суроо: Фыкх китептеринен кабары жок бирөө: «Диндин өкүмдөрү, ибадаттар жана арам адал нерселер адамга жана аймакка жараша өзгөрбөйт. Бир нерсе арам болсо ар жерде ар кимге арам, адал болсо ар кимге жана ар жерде адал», - дейт. Булардан айырмасы барлар болбойбу, баарын бир калыпка салуу туурабы?

ЖООП

Албетте, ар өкүмдүн айырмалуулары болот. Бир канча мисал берели:

1-Исламдын парзы бай адамга беш, кедейге болсо төрт же үч. Зекет берүү кедейге парз эмес. Күчү жетпесе ажыга барууга парз эмес. Даараттын парзы дени сак адамга төрт, буттары жок адамга болсо үч.

2-Намаз жана орозонун өкүмдөрү экватордогулар жана түндүк-түштүк уюлдагылар үчүн бирдей эмес. Экватордо күндүз орозо кармалат, түнү жеп-ичилет. Бирок, уюлдарда күндүз кээде 6 ай дагы күндүз болот. Алты ай бою адам ачка бойдон тура албайт. Намаз убакыттары дагы күнгө карай белгиленбейт.

3-Дени сак адамдын окуган намазы менен оорукча, жарадар болгондун окуган намазы бирдей болбойт. Өйдө туруп окуу парз болгону менен өйдө тура албаган отуруп окуйт, отуруп окуй албаган адам болсо жатып окуйт.

4-Жуунса ооруп кала турчу адам гусул алуунун ордуна таяммум кылат.

5-Жолчуга, аялга, оорулууга, туткунга, түрмөдө болгонго Жума намазы парз болбойт.

6-Оозуна, мурдуна ундун чаңы киргендин орозосу бузулат. Бирок, ун ишинде иштеген кишинин мындан сактануусу кыйын болгондугу үчүн орозосу бузулбайт.

7-Согушта мекенин жана динин коргоо үчүн душман аскерин өлтүрүү жаиз болгону менен тынч мезгилде муслуман эмес кишинин көңүлүн оорутуунун өзү – чоң күнөө.

8-Мелдешүү, кумар ойноо арам болгону менен мусулман эмес жерде %100табуу шарты менен ойноо – жаиз. Мекке али мусулман өлкөсү боло электе Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын «алейхиссалам» буйругуна моюн сунуп Убейй ибни Халеф менен мелдешкен жана мелдешке коюлган жүз төөнү алган.

9-Чочко менен соода кылуу катуу арам болсо дагы мусулман эмес туристтерге өлтүрүлгөн бир канча жапайы чочкону сатуу жаиз.

Пайыз алып-берүү – чоң күнөө. Бирок, пайыз алуунун мусулман эмес өлкөлөрдө жаиз болгондугу Дурр-ул Мухтар, Радд-ул Мухтар, Мултека, Межмаул-анхур, Дурер ва Гурер, Кудури, Жавхара, Викайа, Фатавайи Хиндиййа, Фатхул-кадир, Жарида-и Илмиййа сыяктуу бир нече фыкх китебинде жазылган. Межмаул-анхур, жана Дурер китебиндеги «Ра риба бейнел муслими вал харбиййи фи дарил харби = Дар-ул-харбда мусулман менен мусулман эмес киши арасында пайыз жок» деген хадиси шарифин билбегендерге эмне далил көрсөтүлсө да пайдасыз.

Үлүштөш банктары

Суроо: Үлүштөш банктары менен калган банктардын иштөө принциптери бирдей. Кымындай дагы айырма жок. Үлүштөш банктары дивиденд ортоктугу деген ат менен дивиденд беришүүдө. Башка банктар болсо муну дивидент дешпейт, пайыз дешет. Болгону ысым айырмасы менен бири жаиз, бири арам болобу?

ЖООП

Маанилүү болгон нерсе келишим, иштөө принциптеринин окшош болуусу эч нерсени өзгөртпөйт. Мисалы, бир эркектин чоочун аял менен акчалуу же акчасыз бирге болуусу зина болот, бирок, эки күбөнүн жанында нике кыйып бирге болуусу адал болот. Кылынган иш бир болгону менен келишим башкача.

Бир банк миң сом үчүн бир сом пайыз алса арам болот. Бирок, алган артык акчаны келишим чыгашасы десе жаиз болот, пайыз десе арам болот. Бул жерде кылынган иш бир болгону менен келишим, сөз башка. Үлүштөш банктар да пайда-зыян ортоктугу десе зыяны жок. Бир гана пайдага орток делсе башка банктардан айырмасы болбойт.

Алтын күнүн кылуу

Суроо: 10-15 дос сактоо үчүн алтын күнү кылып, жыйналган алтындарды кара көтөн (жребий) кылып ар апта же ар ай бирине беришсе жаизби? Жаиз эмес болсо анда чыгуу жолу кандай?

ЖООП

Китептерде мунун жаиз эмес экендиги, пайыз экендиги билдирилүүдө. Ошол эле фыкх китептеринде мына бул мисалдар берилүүдө:

Эки кишинин орток бир уйу болсо сүтүн бир күнү бири, экинчи күнү башка бири алса пайыз болот. Ар күнкү сүттү тең бөлүшүүлөрү керек. Ушундай эле эки кишинин бир үйү болсо ижара акчасын бир ай бири, бир ай экинчиси алса жаиз болбойт. Ар ай алынган акчаны экиге бөлүшүүлөрү керек.

Алтын күнүнүн жаиз түрү мындай болсо болот:

Сукбат кылуу үчүн алгач кайсы үйлөргө барыша тургандыгы, жребий менен же келишүү аркылуу белгиленет. Кийин ар барган үйдүн ээсине мисалы бир чейрек алтын белек кылынат. Ушундай белек беришүү усулу менен кылынса жаиз болот. Биздин ниетибиз белек беришүү эмес сактоо кылуу делиши да мүмкүн. Ооба, ниет сактоо болсо дагы белекте, соода-сатыкта, никеде сөзгө маани берилет, ниет өтпөйт. Ниети эмне болсо болсун муну сага белек кылдым десе, тиги киши да кабыл кылдым десе белек сахих болот.

Пайыз жана соода

Суроо: «Исламиятта пайыз тыюу салынгандыктан соодабыз аксап калды, артта калдык» дегендерге эмне деш керек?

ЖООП

«Пайыз көптөгөн жылдардан бери эркин. Буга карабастан эмне үчүн өнүгө албадык?» деп айтуу жетиштүү болот.

Илгери мусулман соодагер байлардан карыз алып, ушундайча сүткордон (өсүмгө акча берген кишиден) кутулчу. Карыз ала албаган соодагер акцияларын чыгарып мусулмандарды өзүнө орток кылчу. Пайдага орток болуу үчүн байлар соодагерге көп акча беришчү. Акчаларын банкка эмес соодага салышчу. Ушундайча соода, өндүрүш менен өлкө өнүкчү. Сүткорлор эч кимдин чөнтөгүн кага албай, эл ырахаттыкка жетишчү.

Операция чыгымы

Суроо: Банк кардарларына карыз акча да берүүдө, бирок, белгилүү бир операция чыгашасын дагы алууда. Ушундайча карыз алуу жаизби?

ЖООП

Операция чыгымы деп жаткан болсо зыяны жок. Пайыз деп жаткан болсо жаиз болбойт, себеби, динде мындай иштерде сөзгө каралат, ниетке каралбайт. Ниетке каралган жерлерде дагы сөзгө каралбайт. Сөз жана ниеттин жерлери башкача.

Товардын баасын жашыруу

Суроо: С.Эбедиййе китебинде: «Сатылган нерсенин кемчилигин жана сатып алынган нерсенин баасын жашыруу пайыз болот», - деп жазылган. Бир адам саткан товарды канчага алгандыгын айтууга мажбурбу?

ЖООП

Сураган адамга товардын алуу баасын эмес базар баасын айтуу керек. Базар баасы деген сөз - бул товарды билгендер, эксперттер берген баа, алуу баасы эмес. Бир адам бир товарды өтө арзанга алса да базар баасында сата алат. Мисалы, 50 сомго алынган бир товар базарга 100 сом болсо «Бул товардын наркы 100 сом» деп сатуу жаиз болот. «Бул товардын наркы 200 сом, бирок, сага 100 сомго сатам» деп айтуу, кардарды алдоо жаиз эмес.

Германияда пайыз

Суроо: Бул жердеги бир дин устаз «Пайыздын арам кылынуусунун хикматы - каршыда турган кишинин акчасын жеш. Мисалы, 100 сом сураган кишиге «10 сом пайыз кошуп алам» деп аны кыйын абалга салуу. Банкка акча салынганда банк кыйын абалга түшпөйт. Банк тапкан акчасынын бир бөлүгүн бизге берүүдө. Мисалы, 10 сом пайда таап жатса «5 сому сеники, 5 сому меники болот» дейт. Биз банктын акчасын жеп жаткан жокпуз. Ошондуктан, Германия сыяктуу мусулман эмес өлкөлөрдө банктан акчанын пайызын алуу жаиз, күнөө эмес», - деп айтууда. Бул устаз айткан негиз орундуубу?

ЖООП

Германия сыяктуу мусулман эмес өлкөдө андай негиз болсо же болбосо да акчанын пайызын алуу жаиз.«Кудури, Жавхара, Викайа, Радд-ул-мухтар, Хиндиййа, Мабсут, Межмаул анхур, Дурер»

Пайызчы түбөлүк Тозокто калабы?

Суроо: Мен окуган меал (башка тилде жазылган, Куран мааниси делген) ар китепте Бакара сүрөсүнүн 275-аятында: «Пайыз жегендер махшарда бир гана шайтан урган бирөөнүн турганындай турушат. Бул алардын «Ансыз деле соода-сатык пайыз» деп айтууларынан. Болбосо Аллах соода-сатыкты адал, пайызды арам кылды. Кимге Раббинен бир үгүт келип пайызчылыктан бери турса өтмүшү өзүнө, анын иши Аллахка тийиштүү. Ким пайызчылыкка кайтса мына ошолор тозоктук, алар ал жерде түпкүлүктүү калышат»,- делүүдө. Башка меал китептерде түбөлүк калат, чексиз калат делүүдө. Күнөө кылган киши эмне үчүн Жаханнамда түбөлүк калат?

ЖООП

Тафсирден, меал китептен дин үйрөнүлбөйт. Пайыз арам, арам иш кылган бирөө түбөлүк Жаханнамда калбайт. Хадиси шарифтерди дагы окугандар ушундай жаңылыш өкүмгө барышат. Мисалы: «Зина кылгандан ыйман чыгат», «Ичкилик ичкендин ыйманы кетет», «Намаз окубаган – мусулман эмес» деген хадиси шарифтерди окуган адам дагы бул күнөөлөрдү кылган кишини ыйманыж жок дейт.

Пайыз дагы чоң күнөө. Пайыз алып-бергенди ыймансыз дегенге болбойт. Пайыздын арам экендигине ишенбеген адам ыймансыз болуп жана түбөлүк Тозокто калат. Пайыз алып-бергендиги үчүн эмес пайызды адал деп эсептегендиги үчүн түбөлүк Жаханнамда калууда. Али Фикри Явуздун меал китебинде: «Ким дагы харам болгон бул рибаны адал деп жегенге бурулса мына ошолор жаханнамдык, ал отто түбөлүк калышат», - делүүдө. Ушундай түшүндүрмөлүү жазылганда жаңылыштыкка түшүүгө мүмкүнчүлүк берилбеген болот. Бир нерсенин өкүмү меалден эмес фыкх китептеринен үйрөнүлөт. Бул жагынан алып караганда фыкх илимин билбестен аят жана хадис окуу өтө жаңылыштык болот.

Банкта иштөө

Суроо: Банкта иштеген адамдын алган жумуш акысы адалбы?

ЖООП

Ооба, арам-адал аралаш иштерди кылган кишинин берген жумуш акысын, белегин алуу – адал.

Пайыздуу соода—сатыкта дыкат болуу

Суроо: Пайыз боло турчу соода-сатыктарга бир нече мисал бере аласызбы?

ЖООП

Соода-сатыкта пайыз көбүнчө салмак жана көлөм менен өлчөнгөн бир түрдөн болгон малдын бири-бири менен алмаштырылуусунда болот. Пайыз болгон жана болбогон соода-сатыктан бир нече мисал берели:

Пайыз болот: Бир чака буудайды бир чака буудайга бөлүп төлөөгө сатуу пайыз болот. Буудайлардан биринин сапаттуу, ал эми экинчисинин сапатсыз болуусу маанилүү эмес. Бири бир чакадан аз же көп болсо накталай сатуу дагы пайыз болот.

Пайыз болбойт: Эки шарттан бири болуп, бири болбосо түрдүү өлчөмдө накталай сатуу жаиз болуп, тең өлчөмдө болсо дагы бөлүп төлөөгө сатуу дагы эле пайыз болот. Бир чака буудайды эки чака буудайга накталай сатуу жаиз болот. Беш жумуртканы алты жумурткага накталай сатуу жаиз болот. Акча майдалатуу, мисалы, 100 сом берип эки 50 сом алуу жаиз болот.

Пайыз болот: Беш метр кездемени беш метр кездемеге бөлүп төлөөгө сатуу пайыз болот. Үч жумуртканы бөлүп төлөөгө үч жумурткага сатуу дагы пайыз болот. Майдалатуу үчүн 100 сом берилсе майдалаган киши 50 сомун азыр берсе, калган 50 лирасын бөлүп берсе пайыз болот.

Пайыз болбойт: Жарым алтын берип, жарым алтын салмагында эки чейрек берилсе сатыш жаиз болот. Алтын жана күмүш салмак менен өлчөнөт. Басылган алтындын салмагы белгилүү болгондугу үчүн булардын сан менен колдонуу дагы жаиз болот. Бирок, колдонуп жатканда салмактарын ойлонуу керек.

Пайыз болот: 5 грамм 18 пробалык алтынды 4 грамм 22 проба алтынга сатуу пайыз болот.

Пайыз болбойт: Кагаз акча менен алтынды накталай да, бөлүп төлөөгө да сатып алуу пайыз болбойт.

Пайыз болот: Алтын жана күмүштү айрылуудан мурда алуу жана берүү шарт. Б.а., бири-биринин колуна берүү керек. Айрылгандан кийин эки мүнөттөн кийин берсе сатыш сахих болбойт.

Пайыз болбойт: «Бул бир чака буудайды бир чака үрөндүк буудайга саттым. Бул бир чака буудайды бир чака таза арпага саттым» деп келишүү жаиз болот. Бирок, келишим ордунан кете электе үрөндүк буудайды же таза арпаны өткөрүп алуу керек.

Пайыз болот: Алтын жана күмүштөн башка металдарда кол өнөрчүлүк, ишчилик айырмасы болуусу мүмкүн. Бир жез самоорду андан да оор жез самоорго сатуу жаиз болот. Себеби, алтындан жана күмүштөн башка металдар үстүнө иштетилгендиктен кол өнөрчүлүк жагы менен оорлук өлчөмүнөн чыгып чекене жана дүң түрдө сатылса болот. Бирок, буларды салмагы менен сатуу адат болгон жерлерде салмак айырмасы пайыз болот.

Пайыз болбойт: Эски жезди жаңы жез менен бир салмакта жана накталай алмашуу жаиз болот. Жаңы жез жеңил болсо мунун менен аз өлчөмдө башка товар же акча да накталай берилгенде жаиз болот, пайыз болбойт.

Пайыз болот: Буудайды будайга накталай сатып жатканда биринин көлөмү көп болсо пайыз болот. Көлөмдөрү тең, бирок, бири бөлүп берүүгө берилсе анда дагы пайыз болот.

Пайыз болбойт: Арпаны буудайга сатып жатканда көлөмдөрү тең болсо да бөлүп төлөөгө сатуу пайыз болуп, көлөмдөрү ар кандай болсо экөө тең накталай жаиз.

Пайыз болот: Салмактары тең, бирок, бири бөлүп төлөөгө болсо пайыз болот. Салмак же көлөмдөрү тең болбогон накталай сатышта пайыздан кутулуу үчүн салмак же көлөмү аз болгон товардын жанына ошол эле түрдөн болбогон башка аз бир нерсени кошуп, экөө чоогу турганда соодалашып алынуусу керек. Ушундайча пайыз болбосо да кошулган нерсенин баасы аз болсо тахриман макрух болот.

Пайыз болбойт: Бир нече адам арасына кошулган адам өлчөм же салмак менен өлчөнгөн бир товарды өлчөбөстөн бөлүшүү пайыз болот. Бирок, ар бири башкаларына бир дептер, экинчиси бир жүзаарчы, калем сыяктуу нерселерди дагы берип адалдаша турган болсо жаиз болот. Бербей туруп адалдашуу менен жаиз болбойт. Мисалы, үч кишинин он килодой орток буудайлары болсо болжол менен үчкө бөлүшсө пайыз болот. Көз божомолу менен бөлгөндөн кийин биринчи орток экинчи ортокко бир калем берсе, экинчи орток үчүнчүгө бир жүзаарчы берсе жаиз болот.

Пайыз болот: Салмак менен жана киле менен өлчөнгөн жана өлчөнбөгөн ар нерсе өз түрүнө бөлүп төлөөгө сатылса өлчөмү бирдей болсо да пайыз болот.

Пайыз болбойт: Материалы же колдонулуу жерлери окшош болбогон же адамдар тарабынан сыпаттары өзгөртүлгөн нерселер бир түрдөн эмес. Мисалы, алма сиркеси менен жүзүм сиркеси, кой эти менен уй эти, буудай менен нан бир түрдөн эмес.

Пайыз болот: Өлчөмү бирдей болсо да көлөм менен же алмак менен өлчөнгөн бир нерсени өз түрүнө өлчөбөстөн дүң сатуу пайыз болот. Себеби, мындай нерселердин сатышында сөз кесилип жатканда өлчөө менен өлчөмдөрүнүн бирдей экендигин билүү соода-сатыктын сахих болуусу үчүн шарт.

Пайыз болбойт: Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча нанды чекене жана салмак менен карызга берүү пайыз болбойт.

Пайыз болот: Буудайды буудай унуна бирдей көлөмдө дагы сатуу пайыз болот. Себеби, буудайдан бирдей көлөмдө ун чыкпайт.

Пайыз болбойт: Унду жана буудайды нанга сатуу пайыз болбойт. Себеби, нан башка түрдөн болууда жана сан менен өлчөнөт.

Пайыз болот: Көлөм менен же салмак менен өлчөнгөн бир товарды өлчөбөстөн карызга берүү же алуу пайыз болот. Карыз берилген нерсе белек катары берилсе мындай коркунуч болбойт.

Пайыз болбойт: Сусам, зейтун сыяктуу май чыгарылган нерселер өз майларына сатылганда май ошол нерседеги майдын өлчөмүнөн көп болсо жаиз болот жана майдын бирдей өлчөмү май каршылыгында болуп, артыгы тунма каршылыгында болот. Көп эмес болсо, аз же тең болсо же белгисиз болсо пайыз болот.

Пайыз болот: Бир товарды он сомго сатып кардарга тапшырып бергенден кийин акчаны өткөрүп албай туруп товарды кардардан тогуз сомго кайра сатып алуу пайыз болот. Акчаны толук алганда сатып алса болот. Бир товарды саткандан кийин акчасынын бардыгын толук албастан ал товар менен бирге башка бир нерсени ошол эле баада кайра сатып алуу пайыз болот.

Пайыз болбойт: Эки кишинин ижарага берген орток бир үйү болсо ижара акчасын ар ай тең бөлүшүп алышса пайыз болбойт. Бирок, бир ай бири, экинчи ай бири алса пайыз болот.

Пайыз болот: Эки кишинин орток бир уюу болсо сүтүн бир күнү бири, бир күнү экинчиси саап алса пайыз болот. Ар күнү саалган сүттү бөлүшүүлөрү керек. Эки киши, мисалы, бир машинаны ар күн айдоо үчүн белгилүү бир убакка алмашышса пайыз болот.

Пайыздан келген акча

Суроо: Германияда жашаймын. Бул жердеги кээ бир дин устаздар: «Банктар берген пайызды тамак ашта колдонбоо керек, башка муктаждыктарга бериш керек», - дешет. Кээ бир устаздар: «Эгер банктар берген пайыз арам болсо каерге сарпталса сарпталсын арам болот, эгер адал болсо бардык нерсеге жумшоого болот», - дешет. Кайсынысы туура:

ЖООП

Биринчи устаздар айткан жаңылыш, экинчи устаздардын айтканы туура. Б.а., арамдан келген акча каерге сарпталса сарпталсын баары бир арам. Бирок, Исламият менен башкарылбаган Германия сыяктуу жерлердеги банктар берген пайыздын арам болбогондугу «Кудури, Жавхара, Викайа, Хиндиййа, Мабсут, Дурр-ул Мухтар, Радд-ул Мухтар» сыяктуу абыройлуу эмгектерде жазылган.



Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш