Ислам дини » Алышуу-беришүү » Алышып-беришүүдө иштерибизди жакшы жана туура эсептөөбүз керек




Алышып-беришүүдө иштерибизди жакшы жана туура эсептөөбүз керек


Суроо: Кимдер менен алышып-беришкен болсок алар менен болгон сөздөрүбүздүн, кыймыл-аракеттерибиздин, алганыбыздын, бергенибиздин бардыгынын эсебин кантип өтөйбүз?

ЖООП

«Кимйа-и саадат» китебинин бешинчи бабында мындай деп буюрулган:

«Бир нерсе алышып-беришкен адам менен сүйлөшкөн сөздөрүн, кыймыл-аракеттерин, алганын, бергенин жакшы жана туура эсептөөсү керек. Кыяматта булардын бардыгынын эсебин бере тургандыгын билүүсү керек. Бир даанышман зат кайтыш болгон бир соодагерди түшүндө көрүп, андан: «Аллаху таала сага эмне кылды», - деп сурады. «Алдыма элүү миң барак коюшту. Йа, Рабби! Бул барактар кимдердики?» - деп сурадым. «Элүү миң киши менен алышып-беришкен экенсиң. Ар баракта мына ошолордун ар бири менен болгон мамилеңди көрсөтүүдө», - дешти. Карасам ар бир барагында ар бири менен болгон мамиленин ийне-жибине чейин жазылып турганын көрдүм», - деди. Бир тыйын куулук кылган адам, бир тыйын бирөөнүн акысын жеген адам жазасын сөзсүз тартат жана эч бир нерсенин ага жардамы болбойт.

Мына ушул жерге чейин дин улууларыбыздын абалдарын жана динибиздин жолун көрсөтүүдөбүз. Бүгүн болсо бул жол унутулган, муну билген адам да калбаган. Бүгүн булардан бирөөнү орундаганга көп сооп берилет. Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам» мындай деп буюрду: «Бир заман келет, ал замандын мусулмандары бүгүн силер кылган ибадаттардын ондо бирин орундашса акыретте азаптан кутулушат.» Себебин сурашканда: «Себеби, силер жакшылык кылууга көп жардамчы таба алуудасыңар. Алар жардамчы таба алышпагандыктары менен бирге түрдүү тоскоолдуктарга да кезигишет. Гафилдердин, жахилдердин (Аллаху тааланы унуткандардын, дин сабатсыздардын) арасында карып болуп калышат», - деп буюрду. Бул хадиси шарифти билдирүүдөгү максатыбыз Мусулмандардын мезгилдин абалын көрүп үмүтсүздүккө түшүп калбоолору үчүн. Андай болсо бул заманда жазылган бул нерселердин бардыгын ким орундай алмак эле деп үмүтсүздүккө түшүү туура эмес. Канчалык кыла алса ошончолук пайдасы болот. Акыреттин дүнүйөдөн да жакшы экендигине ишенген адам булардын бардыгын тең орундай алат. Булардын бардыгын сактоо кишини ары барса кедей кылат. Түбөлүк акыры жок бакытка, түбөлүк ырахаттыкка себеп боло турчу бир нече жылдык кедейликке албетте чыдайт. Чындыгында, көптөгөн адамдар бир канча нерсе табуу үчүн бороондуу, кардуу күндөрдө машакаттуу жолчулуктарга, бир мартабага, даражага көтөрүлүү үчүн канчалаган жоготууларга чыдоодо. Бирок, өлүм келгенде бүткүл тапкан нерселер колдон чыгууда, бекерге тытынып эмгектенген болууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш