Ислам дини » Алышуу-беришүү » Соодалашуу сүннөт




Соодалашуу сүннөт


Суроо: Алышуу-беришүүдө соодалашуу шартпы?

Жооп: Шарт эмес. Муктаждык бар болсо соодалашат. Соодалашуу – сүннөт. Алышуу-беришүүдө мусулмандын алданып калуусу жаиз эместиги сыяктуу алдоосу да жаиз эмес. Үч хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө:

"Мусулманды алдаган бизден эмес”. (И. Рафии)

"Бизди алдаган бизден эмес”. (Табарани)

"Алдаган адам Бейишке кирбейт”. (Тирмизи)

Жакырлардын товарын көбүрөөк акча менен сатып алуу керек, аларды кубантуу керек. Бирок, байдан товар алып жатканда алданып калуу сооп эмес, жаман. Малды зыянга учураткан болуп саналат. Мүмкүн болсо соодалашып, арзан алууга аракет кылуу керек. Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейн алган ар бир нерсесинде соодалашып, арызаныраак алууга аракет кылышчу. Алардан: "Бир күндө бир канча садага берип жатасыңар. Ал эми, бир нерсе сатып алып жатканда эмнеге көп соодалашып, өзүңөрдү чарчатып жатасыңар?” – деп сурашат. Ошондо алар: "Бергендерибизди Аллах ыраазычылыгы үчүн берип жатабыз. Канча көп берсек ошончо аз. Бирок, алышуу-беришүүдө алданып калуу акылдын жана малдын кем болуусунан”, - деп жооп беришти. (Кимйа-и саадат)

Соодалашуу

Суроо: Соодалашуу сүннөт болгондуктан, биз ушул баага бересиңби десек, сатуучу макул болбосо эмне кылабыз?

Жооп: Соодалашуу сөзсүз арзан алуу дегендик эмес. Ушул баага бересиңби деп айтуу аркылуу соодалашкан болот, сүннөт орундалган болот.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш