Ислам дини » Алышуу-беришүү » Динибизде пайда чеги




Динибизде пайда чеги


Суроо: Динибизде пайда чеги барбы?

ЖООП

Динибизде пайда чеги жок.  Бирок, спекуляция жана ашыкча баа тыюу салынган. Мединада кымбатчылык болду. Баалар көтөрүлгөндүгү үчүн пайда чегин коюу суралганда Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Бааларды койгон - Аллаху таала. Ырыскыны кеңейткен, тарайткан, жиберген - жалгыз Ал. Мен Аллаху тааладан береке тилейм», - деп буюрду. Башка бир хадиси шарифте болсо: «Пайда чегин койбогула, баа койгон - Аллаху таала», - деп буюрулду.

Спекулянттар тарабынан [соода малы (товар) сакталып] баалар көтөрүлтүп, элге зыян жана зулумдук абалга келгенде башкармалык тийиштүү тараптар менен кеңешип ылайык бир нарк, пайда чегин коюусу жаиз болот. (Радд-ул)

Пайгамбарыбыз «Мусулмандардын шаарга соода малын алып келген айылдыктарды тосуп алып, базар баасын алардан жашырып арзан сатып алууларын» тыюу салды. Айылдык адам мындай сатыштан баш тарта алат. Базар наркын билбегендерге жогору баада соода малын сатуу да арам. Атүгүл, базар иштеринде тажрыйбасыз болуп, арзан сатып жаткан же кымбат алып жаткан адам менен соода алышып-беришпөө керек. Булар менен алышып-беришип жатканда бааны жашыруу күнөө.

Сатылган товардын айыбын, кемчилигин жашырып алдоо арам болгондой эле, алынган товардын баасын жашырып алдоо дагы пайыз болот. Мисалы, бир адам саткан товарынын баасын билбейт. Жүз сомдун товарын элүү сомго сатууда. Ага: «Бул товар ар жерде 40 сом турат», - деп алдоо арам. Адамдар мусулмандык ахлагына баш ийишсе алдаган да болбойт, алданган да болбойт. Соода товарына нарк коюу зарыл болбойт. Талапка жараша товар кымбаттайт же арзандайт.

Басрада чоң соодагер бар эле. Ирандагы адамдарынан бири буга кат жазып, бул жылы шекер камышы түшүмдүү болбой калгандыгын, эч ким уга электе көп шекер алып коюуну кабарлады. Соодагер болсо көп шекер сатып алып, базарда шекер калбаганда өзүнүкүн кымбатка сатып, отуз миң дирхам пайда көрдү. Кийин ойлонуп: «Шекер камышына апаат келгендигин мусулмандардан жашыруу менен аларга кыянатчылык кылдым, бул кандай мусулмандык?» - деп отуз миң дирхамды шекерлерин алган адамдарга алып барып берди. Кылган жаңылыш ишин аларга айтты. Катасына өкүнүп, чынчылдык көрсөткөндүгү үчүн алардын эч бири берген акчаларын албастан: «Сага бергенибиз адал болсун», - дешти. Кеч үйүндө отуруп балким уялып алышкан жок деп ойлоду. Дин боордошторума кыянаттык кылдым деп эртеси күнү кайра алып барды. Ар бирине жалбарып отуруп отуз миң дирхамды таратып берди.

Кардарга чын, туураны сүйлөө керек, куулук кылбоо керек. Товарда кандайдыр бир кемчилик болгон болсо кабар берүү керек. Арзан сатып алган бир товарынын баасы көтөрүлүп кымбат сатып жаткан болсо, алган баасын айтуусу керек. Алдап сатуу кыянаттык жана көз боёмочулук болот. Мындай кыянаттыкты билбестен кылгандар болот. Кыянаттык кылуудан кутулуу үчүн ар ким өзүнө кылынуусун каалабаган нерсени башкаларга да кылбоосу керек.

Бир товарды пешин арзанга сатуу, бересеге же мөөнөткө бөлүп кымбат сатуу жаиз. Мөөнөт айырмасын суроо болсо жаиз эмес. Мөөнөткө сатуу менен мөөнөт айырмасы экөө эки башка нерселер. (Радд-ул Мухтар)

Суроо: Зекет берүү үчүн бир досума бардым. 1000 сом зекет бермекмин. Ал досума «Колуңдагы бир алтында мага 1000 сомго сатсаң бул алтынды зекет кылып берем», - дедим. Ал болсо: «Саадат-и Абадиййа китебинде окудум, арзанга сатуу габан-и фахишке кирет, 1200 сомго төмөн сатылуусу жаиз болбойт», - деди. 1000 сомго сатса зыяны жокпу?

ЖООП

Эч зыяны болмок эмес. Киши товарын каалаган баага сата алат. 1000 сомго да, атүгүл 1 сомго да сата алат. Кала берсе, бекер да бере алат. Мунун дин жагынан зыяны жок. Эгер сиз «алтындар 1000 сомго түштү, бул алтынды мага 1000 сомго сат» дегениңизде, ал болсо муну билбегендиги үчүн сатканында көп алдануу болгондугу үчүн алыш-беришти бузуу акысына ээ болмок. Бирок, бузбаса да эч нерсе керек эмес. Зекет үчүн келген акчаны артка кайтаруусу жаңылыш болгон.

Там Илмихал Саадат-и Абадиййа китебинде мындай делген:

Зергерликте базардагы баалардын эң жогорусунан % 2,5 жана андан артыгы үчүн жогору баада сатып алып алдануу Габан-и фахиш = көп алдануу деп аталат. Бул өлчөм айбандан башка кыймылдуу мүлктөр үчүн % 5, айбан үчүн % 10, там үчүн % 20. Бул өлчөмдөн аз болгон алдануу Габан-и ясир = аз алдануу деп аталат. Сатуучу бул соода товарын баланча сом бергендер болду деп сатса, базардагы эң жогору баасынан көп алдануучалык көп болгондугу жана башкалар ошончо сом бербегендиги билинсе кардар соода алыш-беришин буза алат.

[Дыкат кылына турган болсо, буза алат делүүдө, бузуусу керек делген жок. Анын үстүнө өз ыраазылыгы менен өтө арзанга сатуунун эч бир зыяны жок.]

Сатуучу жалган айтпастан фахиш баага сатса, алданган кардар сооданы буза албайт. Себеби, ар ким товарын каалаган баага сата алат. Исламиятты пайда чеги деген нерсе жок. Жалган айтылып, аз алдатылган адам сооданы буза албайт.

Бир адам 20 сомго алган бир товары үчүн «4 сомго алдым, 1 сом пайда менен сага 5 сомго сатам» десе жаиз. Себеби, адамды алдоо максаты жок. Балким ал кедей, аны кубантуу үчүн ушундай кылган. Ар ким товарын өтө арзанга сата алат.

Кысталган абалда болгондорго азык, кийим жана жашай турчу жерлер үчүн фахиш баа менен товар сатуу арам. Нафакасын камсыздоо үчүн кандайдыр бир нерсе сатуусу зарыл болгон кедейдин сатканын габан-и фахиш менен арзан алуу дагы арам. (Бей жана шира рисаласы)

Суроо: Там Илмихалда:«Бересеге кымбат, пешин арзан деп айтуу, башкача айтканда, мисалы пешин он лирага бересеге он беш лирага берүү түрүндө эки шарттуу сатыштын фасид болгондугу Мавкуфат, Жавхара жана Тухфат-уль-фукаха китебинде жазылган. Себеби, семен мечхул», - делүүдө. Буга карата пешин 10 лирага сатылган товарды бересеге 15 лирага сатуу фасидби?

ЖООП

Жок, эч бир зыяны жок. Сатуучу жалган айтпастан фахиш баага да сата алат. Себеби, ар ким товарын каалаган баа менен сата алат. Исламиятта пайда чеги [пайда лимити] деген бир нерсе жок. Бул назик жагдайды билбегендер бересеге кымбат сатууга болбойт деп ойлошууда. Түшүнүктүн акыркы сүйлөмүндө «Себеби, семен мечхул»  делүүдө. Семен – сатышта белгиленген баа дегенди билдирет. Сатуучу пешин болсо 10 лира, мөөнөткө бөлүп болсо 15 лира десе, кардар болсо бул эки баадан бирин, башкача айтканда, же пешин 10 сомго же бересеге 15 лирага болгон сатыш баасын кабыл кылса соода алыш-бериши сахих ишке ашкан болот. Пешин же бересеге белгиленбестен кардар заманды жана бааны белгилебестен кабыл кылдым десе, бул сатыш фасид болот. Себеби, семен жана заман белгилүү эмес.  10 лирага алдыбы же 15 лирага алдыбы? Кардар кайсынысын кабыл кылгандыгын айтпаган. Заман жана баа белгиленбегендиги үчүн сатыш фасид. Кардар пешин он лирага алдым десе же бересеге 15 лирага алдым десе сатыш сахих.

Динибизде пайда койууда чек жок. Ибни Абидин хазреттери буюрууда: «Анас бин Малик билдирди; Мединада кымбатчылык болду. «Йа, Расулаллах, баалар көтөрүлүүдө. Бир пайда чегин коюңуз», - делгенде: «Бааларды койгон - Аллаху таала. Ырыскыны кеңейткен, тарайткан, жиберген - жалгыз Ал. Мен Аллаху тааладан береке тилейм»,- деп буюрду.» (Тирмизи, Ибни Хиббан)

Баалар фахиш болуп [өз наркы болгон баасынын эки эсесине] артып, элге зыян жана зулум абалына келгенде өкмөттүн соодагерлер менен кеңешип, ылайык болгон бир нарк, пайда чегин коюусу жаиз болот. (Радд-уль-мухтар)

Кымбат сатуу жана алдануу

Суроо: 3000 сомго бересеге алган бир товардын 2000 сомун бердим. 1000 сому турат. Кийин бул товарды башка бир жерде 2000 сомго сатылгандыгын билдим. Мусулмандыкта алдануу да, алдоо да болбогондугу үчүн жана тиги адамдан жазуу келишимсиз алгандыгыма караганда 1000 сомду бербесем болобу?

ЖООП

Нормалдуу баада сатып жаткан болсо, башка жерлерде дагы 3000 сомго саткандар бар болсо, калган 1000 сомду бербөө күнөө болот. Ар ким товарын каалаган баада сата алат. Бир тыйын кем берилсе кул акысы болот. Эгер ал товар ар жерде 2000 сомго сатылып жаткан болсо бир гана ал киши 3000 сомго сатып жаткан болсо жана ал дагы баанын үстүндө болсо ошондо гана соода келишимин арка кайтаруу акыбыз болот. 3000 сомго саткан башка жерлер дагы бар болсо, башка бирөөлөр дагы 2000 сомго сатып жаткан болсо буга бул нерсе өлчөм (критерий) боло албайт.

Бир нерсе сатууда бул өзүнө окшоштордон башкача деп жалган айтуу же товардын бир кемчилигин жашыруу алдоо болуп саналат. Жана дагы, базардагы нормалдуу баалардын эң жогорусунан, зергерликте % 2.5, жаныбардан башка кыймылдуу мүлктөр үчүн % 5, жаныбар үчүн % 10, там үчүн % 20 жана андан көбүнчөлүк жогору баага сатып алуу дагы алдануу болуп саналат. Мындай алдануу болсо кардар соода келишимди жокко чыгара алат.

Кымбат сатуу

Суроо: Соода кылабыз. Колубузда бар болгон кээ бир товарлардын баалары көтөрүлүүдө. Мисалы 10 сомго алган товардын баасы 20 сом боло алууда. Ошол эле товарды 20 сомго алабыз. Колубузда 10 сомго алгандарыбыз дагы бар. Биз 10 сомго алган товарларды мурда 15 сомго сатып жаткан болсок, азыр 25 сомго сата алабызбы?

ЖООП

Динибизде пайда чеги жок. 10 сомго алынган бир товарды кардарга жалган айтпастан, аны көндүрбөстөн 100 сомго да сатуу жаиз болот. Мисалы, 10 сомго алган бир товары үчүн кардар сураганда: «Биз муну 20 сомго алдык, 5 сом үстүнө пайда коюп сатуудабыз», - десе жаиз болбойт, бирок, «Бул товарды биз 10 сомго алдык, бирок, азыр дүң сатуучуда бул 20 сом. 5 сом пайда менен 25 сомго сатуудабыз», - делсе зыяны жок. Дин китептеринде жазылган: «Арзан алган бир товардын баасы көтөрүлүп кымбат сатып жаткан болсо алган бааны айтуусу керек.» (С. Абадиййа)

Спекуляция, кара базар кылуу

Суроо: Адамдарга жана жаныбарларга керек болгон азык заттарын көп-көп алып сактап, кийин баалар көтөрүлгөндө кымбат сатуунун динибизде өкүмү кандай?

ЖООП

Бул темага байланыштуу Кимия-и саадат китебинде мындай деп жазылган;

Спекуляция адам жана жаныбардын азык заттарын базардан топтоп, жыйып, кымбаттаган кезде сатуу болуп саналып, бул азыр кара базар деп аталууда. Пайгамбарыбыз алейхиссалам түрдүү хадиси шарифтерде мындай деп буюрган:

«Бир адам азык заттарын алып, кымбат болгондо сатуу үчүн кырк күн сактаса, баарын тең кедейлерге акчасыз таратса күнөөсүн өтөй албайт.»

«Бир адам тышкарыдан азык затын сатып алып, шаарга алып келип базар баасына карата сатса садага бергендей сооп табат жана кул азат кылгандай сооп табат.»

Хазрети Али мындай деп буюрган:

«Азык заттарын кырк күн сактаган адамдын көңүлү караят.»

Аалымдардан бирөө соодагер эле. Васыт калаасынан Басрага азык зат жөнөтүп, сатылуусун өкүлүнө буюрду. Басрада арзан болгондугу үчүн анын өкүлү бир апта күтүп, кымбат сатты жана аалымга сүйүнчү жазды. Аалым жообунда мындай деди:

«Биз аз пайда менен дагы көп сооп табууну артыкча жакшы көрөбүз. Көп пайда табуу үчүн динибизди курман кылбооң керек эле. Өтө чоң кылмыш кылыпсың. Муну кечиртүү үчүн сермаяны жана пайданы дароо садага кылып тарат!»

Спекуляциянын, кара базардын харам болуусу мусулмандарга зыяны болгондугу үчүн. Себеби, азык заттары адамдардын жана айбандардын жашай алуусу үчүн керек. Сатылганда ар кимдин алуусу мубах. Бир киши алып сактай турган болсо, башкалар ала албайт. Кудуктун суусун жашырып, элдин баарын суусуз калтырууга окшойт. Азык заттарын бул ниет менен алуу күнөө. Имам азам Абу Ханифа хазреттери мындай деп буюрган: «Айылдык же дыйканчылык менен алек болгон жер ээлери эгин талааларынан тапкан азык заттарын каалаган убакта сата алышат. Шашылыш сатуулары важиб эмес. Бирок, шашылуулары сооп. Кымбат болгондо сатууну ойлонуу жаман. Дарыларда жана азык заты болбогон жана ар кимге керек болбогон нерселерде ихтикар кылуу харам эмес. Нан жана буга окшогон нерселерде өтө арам болуп, эт, май сыяктууларга аз харам.»

Имамейндин өкүмү боюнча болсо булардын баары ихтикар, спекуляция. Адамдарга керек болгон бардык нерседе спекуляция харам. Мамлекет спекуляция кылган кишини кабар алганда үйүнө жете турганчалык калтырып, артыгын элге сатуусун буюрат.

Пайда чегин коюу

Суроо: Динибизде белгилүү бир пайда чеги барбы, сатылган мал-мүлккө чек коюуга болобу?

ЖООП

Негизи базарга нарк, баа коюулуусу жаиз эмес. Себеби, эч бир нерсенин сатышында пайда чеги жок. Ар ким каалаган пайда менен сата алат. Исламиятта пайда чеги жок. Бир гана кысталган абалда болгондорго азык, кийим жана башка калкалай турчу зарыл оокатты жогору баада сатуу харам. Бул темага байланыштуу Ибни Абидин хазреттери буюрууда: «Анас бин Малик билдирди; Мединада кымбатчылык болду. «Йа, Расулаллах, баалар көтөрүлүүдө. Бир пайда чегин коюңуз», - делгенде: «Бааларды койгон - Аллаху таала. Ырыскыны кеңейткен, тарайткан, жиберген - жалгыз Ал. Мен Аллаху тааладан береке тилейм», - деп буюрду.» (Тирмизи, Ибни Хиббан) Дурр-уль-мухтардагы хадиси шарифте: «Пайда чегин койбогула! Бааны койгон – Аллаху таала», - деп буюрду. Соодагерлердин бардыгы бааларды фахиш кылып [өз наркы болгон баасынын эки эсесине] көтөрүп, элге зыян жана зулум абалына келгенде өкмөттүн соодагерлер менен кеңешип, ылайык болгон бир нарк, пайда чегин коюусу жаиз болот. (Радд-уль-мухтар)

Өкмөт койгон бул баага баш ийүү важиб. Бул сыяктуу эле адилеттикти, элдин акыларын, эркиндиктерин коргогон мыйзамдарга баш ийүү керек. Буларды коргоо үчүн өкмөткө жардамчы болуу керек, аткезчилик, салык жашыруучулук кылбоо керек. Мусулман болбогон элдердин, өкмөттөрдүн мыйзамдарына дагы кайчы иш кылбоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш