Ислам дини » Алышуу-беришүү » Баланын мал-оокаты жана алыш-бериши




Баланын мал-оокаты жана алыш-бериши


Суроо: Сүннөт тоюнда же башка себептер менен балдарга берилген белектерди эне-аталары алып колдоно алышабы?

ЖООП

Баланын велиси (камкорчусу) баланын мал-оокатын эч кимге белек кыла албайт. Бирок, акчасы баланыкы болуу шарты менен сата алат. Вели өз акчасы менен баланын колдонуусу үчүн алган нерселерин каалаган бирөөнө белек кыла алат. Бала мал-оокатын эне-атасына белек кыла албайт. Белек кылса бул мал-оокат эне-атанын мүлкү болбойт. Баладан сатып алышса мүлкү болот.

Эне-атасынан же велисинен уруксатсыз акыл-балагатка келбеген бир баланын берген белегин алуу колдонуу жаиз болбойт. Себеби, акыл-балагатка толбогон баланын эне-атасы баш болуп эч кимге белек берүүгө бийлиги жок. (Радд-ул Мухтар)

Балага көп өлчөмдө кагаз акча белек кылынса эне-атасы же велиси бул акчаларды сактап, чоңойгондо өзүнө берүүсү керек. Бирок, кагаз акчалардын куну бирган сайын түшкөндүгү үчүн бул кагаз акчалар менен алтын алып сакташат.

Балага келгендер

Суроо: Кичине балага алып келинген тамак-аштарды кимдер жей алышат.

ЖООП

Балага келген белекти балага зарыл керек болбосо кедей болгон эне-атасы жей алат, бирок, башка кедейге бере алышпайт. Эне-ата бай болсо жана өздөрүндө болбогон бир нерсе болсо кунун балага өтөө шарты менен жей алышат. Эне-атага белек кылуу ниети менен алып келинген нерсе баалуу нерсе эмес экендигин билдирүү үчүн балага белек делип берилсе эне-атага алып келинген болот. Муну бай болгон эне-ата да жей алат жана ар кимге бере алат. (Ашбах, Уйун-ул басаир)

Баланын мал-оокатын сатуу

Суроо: Ата баланын мал-оокатын сата алабы?

ЖООП

Адил болгон ата мукаллаф болбогон (акыл балагатта болбогон) баласынын ар мал-оокатын базар баасына же андан кымбат баага өзүнө жана башкаларга сата алат акчасын балага жана кедей болсо өзүнө дагы нафака кылат. (Дурар-ул хуккам)

Суроо: Бай бир атанын балага келген белектерди жана баланын өз мал-оокатын каалаганындай колдонууга бийлиги барбы? Мисалы, карыз бере алабы алтындарды энеси тагына алабы?

ЖООП

Ата кедей болсо каалаганындай колдоно алат. Бай болсо баланын кыймылдуу мал-оокатын сатып алып сактай алат. Анын акчасы менен пайдасы баланыкы болсун деп соода кыла алат. Башка бирөөнө карызга бере алат. Бала акыл-балагат болгондон кийин баланын өз мал-оокаттарын өзүнө берет. (Дурар)

Суроо: Балага келген белекти бай болгон атасы кантип колдонот?

ЖООП

Баладан сатып алып, башка бир баласына бере алат.

Суроо: Кедей кезде баламдын алтындарын алып колдондум. Азыр бай болдум. Алтындарды кайра беришим керекпи?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Адат болгондугу үчүн жаңы туулган балага белектер келет. Балага келген белектерди колдоно алабызбы?

ЖООП

Кедей болсоңуз колдоно аласыз. Бай болсоңуз карыз алып колдоно аласыз. Же бул акчаны балага пайда үчүн капитал салымдарда колдоно аласыз. Себеби, сиз анын велисисиз.

Суроо: Баламдын туулганда ага тагылган акча жана алтындарды сарптадык. Балабызга карыз болдукпу? Бул карызыбызды качан төлөшүбүз керек?

ЖООП

Акчаларды алтынга которуп, карызыңызды алтын менен эсептеңиз. Мисалы 70 грам 22 проба алтын деп бир жерге жазасыз. Дароо берүүңүз зарыл эмес. Акыл балагатка чыкканда кааласа силерге белек кыла алат. Же ошол кезде да бере аласыз. Демек, өз акчаңыз сыяктуу сактооңуз же баалооңуз керек. Мисалы, Евро менен сактайлы же Доллар менен сактайлы дей аласыз. Башкача айтканда, баланын пайдасы кайсы биринде болсо ошого ылайык аракет кыласыз.

Суроо: Алтынды бөбөккө белек кылса жаизби?

ЖООП

Ооба. Бирок, кайра артка алууга болбойт. Себеби, баланын белек кылуу бийлиги (мүмкүндүгү) жок. Берилген нерсе аныкы болот.

Суроо: Бала алып келген мубаз сууну ичүү эмнеге жаиз эмес. Үйдүн куу кудугунан чыккан сууну алып келсе анда да ичилбейби? Мубах суу деген эмне?

ЖООП

Ар ким колдоно алган көл, булак, өзөн сыяктуу суулар. Бала бул сууну алганда анын мүлкү болот. Бала мүлкүн башка бирине белек кыла албайт. Бирок, үйдүн ичиндеги суу аныкы эмес. Аны алып келсе эне-ата иче алат. Маркеттен алган бөтөлкөдөгү суу анын мүлкү болот. Аны эч кимге белек кыла албайт.

Эне-ата же вели баланын мал-оокатын эч кимге белек кыла албайт. Бирөөнө белек кылгысы келсе алгач мунун баасынчалык акчаны ага белек кылат. Ал болсо бул акча менен баланын мал-оокатын велисинен сатып алат. Бул акча баланыкы болот. Вели өз акчасы менен баланын колдонуусу үчүн алган нерселерди каалаганына белек кыла алат. Бала мал-оокатын эне же атасына берсе алардын мүлкү болбойт. (А.Абадиййа)

Суроо: Бай жесир аялмын. Балама байланган айлыкты өз муктаждыктарыма жумшоом жаизби?

ЖООП

Жок.

Суроо: Бири 5, экинчиси 8 жаштагы эки балам бар. Кээде булар барып тандырчыдан нан алышат. Булардын сатып алуулары сахихпи?

ЖООП

Балагатта болбогон акылдуу баланын сатып алуусу велисинин уруксат берүүчү менен гана сахих болот. Эгер бала акылдуу болбогон болсо велисинин уруксаты болсо да сатып алуусу сахих болбойт.

Жети жаштан чоң бала акылдуу бала деп саналат. Демек, 8 жаштагы балаңыз сиздин уруксат берүүңүз менен сатып алса болот. 5 жаштагысына болбойт. Бирок, айталы 5 жаштагы балаңыз тандырчыдан нан сатып алып келген болсо, сиз дагы буга ыраазы болгон болсоңуз анда сахих болот. Бул 5 жаштагы кичине баланын соода кылуусу, алыш-бериш кылуусу болуп эсептелбейт. Атасы менен дүкөнгө барып, момпосуй, шоколад каалап алса, атасынын ыраазылык көрсөтүп акчасын төлөөсү сыяктуу.

Суроо: Бир малдын бисмиллах сөзү айтылып союлуп-союлбагандыгын бир баладан же ичкилик ичкен бирөөнөн сурасак, ал болсо бисмиллах айтылып союлду десе ал мал этин жесе болобу?

ЖООП

Ооба, желет. Алыш-бериште бир фасык кишинин, атүгүл, мусулман эмес кишинин сөзү да кабыл кылынат. Акылдуу болгон бала дагы эркек сыяктуу. Булардан бири бул этти китептүү капыр сойду десе желүүсү адал болот. (Дурр-ул мухтар)

Суроо: Жыйырма жаштын үстүндө, акыл-балагат болбогон, аял-эркек катнаштарын билбеген, сүйлөй албаган, зыянсыз акылы жок болгон бири эркек, экинчиси кыз болгон эки балам бар. Соода алыш-бериштери, белек берүүлөрү, бирөөнө зыян берүүлөрү сыяктуу укутук абалдары кандай?

ЖООП

Межелленин 979 бөлүмүндө акылсыздын мумаййиз болбогон кичине бала өкүмүндө экендиги билдирилген. Бир бала сатып аланган мал-оокаттын мүлк боло тургандыгын жана сатканда мүлктөн чыга тургандыгын түшүнсө бул мумаййиз, башкача айтканда, акылдуу деп аталат. Мумаййиз бала алым-сатымга акылы жеткен, соодада алданбаган бала. Мумаййиз болбогон балдардын бүлкүл келишимдери батыл. Акылсыздын абалы да ушундай.

Мумаййиз болгон баланын зыяндуу болгон иштердеги келишимдери велиси уруксат берсе дагы сахих эмес. Карыз, белек берүүсү да ушундай. Пайдалуу болгон иштер үчүн келишимдери велиси уруксат бербесе да сахих болот. Белек кабыл кылуусу, эмгек акыга кылган ишинин акысын алуусу ушундай.

Зыяндуу да, пайдалуу да боло алган келишимдеринин сахих болуусу үчүн велисинин уруксат берүүсү керек. Өз мал-оокаты менен алыш-бериш кылуусу ушундай. Алжыган карыя да мумаййиз бала сыяктуу. Алыш-беришин велиси кааласа кабыл кылат, кааласа кылбайт. Бир мал-оокатты же жандыкты курутса төлөйт. Келишимдер жагынан акылсыз кишинин абалы да ушундай.

Суроо: Башталгыч мектептеги бир мугалим окуучусуна тийишттүү калем, өчүргүч сыяктуу буюмдарын сурап колдоно алабы?

ЖООП

Колдонбоо керек.

Балага берилген белек

Суроо: Он жаштагы улуу балама белек кылынган свитер ага туура келбеди. Жети жаштагы кичүү балама туура келди. Кичүү балама берейин дедим, улуусу ыраазы болбоду. Эмне кылышым керек?

ЖООП

Улуусунан свитерди сатып алып, кичүүсүнө кийгизүү керек. Улуусуна дагы бир свитер сатып алсаңыз экөө тең кубантылган болот.

Баланын мал-оокатын ага сарптоо

Суроо: Баланын мал-оокатын сарптоого ким вели (камкор) боло алат?

ЖООП

Атасы же чоң атасы болот. Энеси вели боло албайт. Энеси бир гана өз жанында калган баланын муктаждыгын анын акчасы менен сатып ала алат. (Ашбах)

Суроо: Бала үчүн белек кылып алып келинген азыктарды баланын эне-атасы да жей алабы?

ЖООП

Балага азык катары алып келинген белекти балага зарыл керек болбосо бир гана кедей болгон эне-атасы жей алышат. Башка кедейлерге жедире алышпайт. Эне-ата кедей эмес, бирок, өздөрүндө бар болбогон бир нерсе болсо жей алышат жана кунун балага төлөшөт. Эне-атага белек кылуу ниети менен алып келинген нерсени баасыз болгондугун билдирүү үчүн балага белек делип берилсе эне-атага алып келинген болот. Муну бай болушса да жей алышат жана каалаганына бере алышат.

Суроо: Бир ата эрезеге жетпеген балдарынын акчаларын колдоно алышабы?

ЖООП

Буга байланыштуу Фатава-йы Файзиййада мындай делген: «Бир ата кичине балдарынын акчаларын муктаждыгы жок болуп туруп өзү үчүн колдонсо, балдар балагатка киргенде, эрезеге жеткенде муну калыбына келтирүүсүн, өтөөсүн сурай алат. Ата муктаж болгондо колдонуусу жаиз болмок.»

Суроо: Кичине балдар үчүн берилген белектерди бул балдарды карагандар ала алышабы?

ЖООП

Кичине балага берилген белекти атасы алат. Атасы жок болсо атанын мурасчысы, ал да жок болсо чоң атасы кабыл кылат. Чоң атасы да жок болсо чоң атасы кимди осуят кылган болсо ошол кабыл кылат. Бул төртөөнөн бири бар болуп туруп баланы караган тууганы дагы ала албайт. Бул төртөөнөн бири жок болсо баланы үйүндө караган киши кабыл кылат. Акыл-эске жеткен баланын өзү дагы кабыл кыла алат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш