Ислам дини » Алышуу-беришүү » Байлык-кедейлик




Байлык-кедейлик


Суроо: Байлык жакшы, кедейлик жаман эмеспи?

ЖООП

Мал-оокат жакшы жолдо колдонулса албетте жакшы. Жаман жолдо колдонулса жаман болот. Имам Газали жана Имам Биргиви хазреттери Курани каримде мал-оокатка «кайырлуу нерсе» деген ат берилгенин билдирүүдө. (Бакара 180, Адият 8) Алтын акчалар Раббинин рахматы катары билдирилген. (Кахф 82)

Мал-оокат - Аллаху таала берген немат. Акыретти табуу мал-оокат менен болот. Дүнүйө жана акырет мал менен, тартип менен болот. Башка бирөөнө муктаж болуудан коргогон нерсе – мал-оокат. Садага берүү, туугандын ахыбалын суроо, кедейлердин жардамына жетишүү мал-оокат менен болот. Мечиттерди, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, суу түтүктөрүн, көпүрөлөрдү жасап, аскер жетилдирип адамдарга кызмат кылуу дагы мал-оокат менен болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Адамдардын эң жакшысы – аларга пайдасы көп болгону», - деп буюрган. (Кудаи)

Адамдарга жардам кылуу үчүн табыш табуу нафил ибадат кылуудан да көп сооптуу. Жаннаттын бийик даражаларына мал-оокат менен жетилет. Ислам аалымдарынын улууларынан Имам Саври хазреттери мал-оокаттын адамдын куралы экендигин, жанын, ден-соолугун, динин жана намысын мал-оокат менен коргой тургандыгын билдирген.

Мал-оокат курал сыяктуу. Курал жакшы. Бирок, бул куралды жаман иште колдонуу жаман. Куралдын ээси жакшы болсо аны жакшы иштерде, жаман болсо жаман иштерде колдонот. Мал-оокатын жакшы иштерде колдонгондор мактылган. Ушундан улам пайгамбарлардан жана олуялардан бай болгондору бар эле. Мисалы, Хазрети Ибрахим, Хазрети Сулайман, Жаннат менен сүйүнчүлөнгөн Абдуррахман бин Авф өтө бай болушкан. Олуянын улууларынан Убайдуллах Ахрар хазреттери дагы өтө бай болуп, 1300дөн көп бакчасы болуп, ар биринде 3000 жумушчу иштечү эле. Мал-оокат баалуу болгондугу үчүн мал-оокатты ысырап кылуу, курутуп жок кылуу харам. Бул тууралуу эки хадиси шариф мааниси мындай:

«Малы-оокаты жолунда өлтүрүлгөн адам шейит.» [Табарани]

«Аллах мал-оокатты курутууну харам кылган.» [Табарани]

Динге туура келбеген ысырап харам. Мурувватка туура келбеген ысырап танзих макрух болуп саналат. Байлыкты мактаган хадиси шарифтерден кээ бирлери мына булар:

«Аллаху таала бирине көп мал-оокат берип, бул болсо мал-оокатын Аллахтын ыраазы болгон, жактырган жерде сарптаса, бул адамга суктануу керек.» [Бухари]

«Аллаху таала бир кулуна мал-оокат жана илим берет. Бул кул болсо харамдардан сактанып, тууганын кубантып, мал-оокатынан акысы болгондорду билип бере турган болсо Жаннаттын бийик даражасына жетет.» [Тирмизи]

«Йа, Рабби, буга [Анас бин Маликке] көп мал-оокат жана көп бала бер жана булар менен өзүн берекелендир!» [Биргиви]

«Акыр заманда момундар үчүн байлык – саадат.» [И.Рафии]

«Мал-оокат салих болгон адам үчүн кандай жакшы.» [Табарани]

«Мал-оокат менен кадыр-барк табылат.» [И.Ахмед]

«Акыр заманда адамдардын акчага муктаждыгы дагы да көп болот. Себеби, адам ал кезде дин жана дүнүйөсүн бир гана акчасы менен коргойт.» [Табарани]

«Момундун кадыры – элден мустагни болуусу.» [Табарани] (Мустагни = муктажсыз)

«Мал-оокат кадырлуу болгондугу үчүн Курани каримде мал-оокат жана жан менен жихад кылгандар макталууда.» (Ниса 95, Тооб 20, 41, 85, Анфал 72, Хужурат 15, Саф 11)

Аллаху таала Сүйүктүүсүнө берген нематтарды түшүндүрүп жатып, мал-оокатсыз кезде ага эч кимге муктаж болбой тургандай мал-оокат бергендигин билдирүүдө. (Духа 8)

Улуулар: «Мал – чет жерде мекен. Кедейлик – мекенде чет жер. Бир адам кедей болсо каерде болсо дагы карып», - деп буюрушкан. Кедейликке сабыр кылуу жеңил болбой тургандыгы жана Аллахка каршы чыга тургандыгы үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп буюрган:

«Кедейлик - эки дүйнөдө тең жүзкарасы.» [Р. Насыхин]

«Кедейлик – дүнүйө жана акырет жокчулдугу.» [Дайлами]

«Кедейлик күфүргө себеп болот.» [Байхаки]

«Йа, Рабби, кедейликтен сага сыйынамын.» [Насаи]

Мал-оокат кылыч сыяктуу. Колдонууну билбеген адам аны менен өзүн өзү кесет. Бул жагынан алып караганда мал-оокат кимдир бирөө үчүн жаман болот. Кимдир бирөөнү байлык, кимдир бирөөнү кедейлик кутуртуп, чектен чыгарат.

Мал-оокатка берилүү, ачкөздүк дагы адамды жамандыкка жетелеши мүмкүн.

Кедейлик адамды күфүргө жетелегендей эле мал-оокатка ачкөздүк дагы адамды балээлерге жетелеши мүмкүн. Хадиси шарифте мындай делген:

«Ар үммөттүн бир фитнасы бар. Үммөтүмдүн фитнасы – мал-оокат.» [Тирмизи]

«Ар нерсенин бир апааты бар. Үммөтүмдүн эң чоң апааты – дүнүйө, алтын жана күмүшкө [акчага] көңүл берүүсү. Жакшы жолдо сарптагандан тышкары мал-оокат топтогон кишилердин көбүндө жакшылык жок.» [Дайлами]

Көбүнчө байлар мал-оокатты жакшы көрүшкөндүгү үчүн каймана түрдө байлар жамандалган. Мисалы «Үммөтүмдүн эң жаманы - байлар» деген хадиси шариф муну көрсөтүүдө. Башкача айтканда, «Үммөтүмдүн эң жамандары акчага табынгандар»дегенди билдирет. Жеке мал-оокаттын өзү жана байлык жамандалган эмес. Мал-оокатка болгон сүйүү, ага берилүү, ачкөздүк жамандалган.

Хазрети Ибрахим: «Йа, Рабби, мени жана балдарымды бутка табынуудан корго», - деп дуба кылган. Пайгамбарлар бутка табынышпагандыгына караганда бул жерде бут делип акчаны сүйүү айтылууда. Акчаны сүйүү бутка табынуу сыяктуу. «Алтын жана күмүштүн [акчанын] кулуна каргыш болсун» жана «Акчага табынган куруду» деген хадиси шарифтер акчаны өтө сүйгөндөрдүн акыбетин кабар берүүдө. (Тирмизи)

Курани каримде: «Мал-оокатты өтө сүйөсүңөр», - деп буюрулууда. (Фажр 20) Алтын жана күмүштү бириктирип, Аллах жолунда сарптабаган адам өтө ачуу бир азапка дуушар боло тургандыгы билдирилүүдө. (Тообо 34) Мал-оокат жана балдар Аллаху тааланы эстөөдөн адамды алып койгон болсо кишинин куруусуну себеп боло тургандыгы билдирилген. (Мунафикун 9)

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын колуна таңерте бир мал-оокат келсе кечке күттүрбөй, кеч колуна бир мал-оокат келсе таңга күттөрбөй кайырлуу жерлерге берчү эле. (Байхаки) Мал-оокат сүйүүсү адамды чегинен ашырышы мүмкүн. Аз адам мунун зыянынан кутулгандыгы үчүн жаман байлар сынга кабылышкан. Курани каримде мындай деп буюрулган:

«Чындык ушундай, адам байлыкты көргөндө кутурат.» [Алак 6-7]

Бай болгон ар ким кутурбайт. Бирок, көп киши кутургандыгы үчүн Курани каримде ушундайча буюрулган. Мал-оокат ар кимди кутуртканда Жанабы Хак Ибрахим алейхиссаламды, Сулайман алейхиссаламды жана канчалаган салих адамдарды бай кылмак эмес. Мал-оокатта сыноо бар. (А.Имран 186, Тагабун 15)

Көбүнчө байлар мал-оокатты жакшы жолдо сарпташпагандыктан мал-оокатты сүйгөн байлар жамандалып, сабыр кылган кедейлер макталган. Хадиси шарифте мындайча билдирилген:

«Байлар куруду. Бир гана мал-оокатын кайырлуу жерлерге сарптагандар кутулду. Мындай байлар өтө аз.» [Ибни Мажа]

«Жаннатты карадым, ал жерде көбүрөөк кедейлерди көрдүм. Жаханнамды карадым, ал жердегилердин көбүнүн байлар экендигин көрдүм.» [И.Ахмед]

Шүгүр кылган бай өтө кадырлуу болсо дагы сабыр кылган кедейдин андан үстөм болгондугу К.Саадатта билдирилүүдө. Кедейликти мактаган хадиси шарифтер:

«Кедейлик - дүнүйөдө момунга белек.» [Табарани]

«Кедейлер – Аллахтын достору.» [Табарани]

«Йа, Айша, мага жетүү үчүн кедей болуп жаша!» [Тирмизи]

«Кедейлерди сүйгүлө, аларга жакын болгула! Силер аларды сүйсөңөр, Аллах дагы силерди сүйөт. Силер аларга жакын болсоңор, Аллах дагы силерге жакын болот.» [Дайлами]

«Йа, Рабби, мени кедей кылып жашат, кедей кылып өлтүр, кедейлер менен хашыр кыл!» [Бухари]

«Астыңарда четин жана коркунучтуу өтмөктөр бар. Булардан бир гана жүгү жеңил [мал-оокаты аз] болгон кутулат.» [Баззар]

«Зикирдин жакшысы акырын, ырыскынын жакшысы жетиштүү болгону.» [Ибни Хиббан]

«Ант кыламын, мени сүйгөнгө балээ төбөдөн келген суудан да тез келет. Йа, Рабби, мени сүйгөнгө уяттуулук насип кыл, ырыскысын жетиштүү кыл. Мени сүйбөгөндүн мал-оокатын да балдарын да көбөйт!» [Ибни Асакир]

«Йа, Рабби, мага ишенгендин мал-оокатын жана балдарын аз бер!» [Байхаки]

Сөздүн корутундусу, мал-оокат бычак сыяктуу. Пайдалуу иштерде колдонулса кызматы көп болот. Зыяндуу иштерде колдонулса зыяны көп болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш