Ислам дини » Алышуу-беришүү » Компенсация алуу




Компенсация алуу


Суроо: Эки жаштагы уулум тротуарда ойноп жатканда бир машине сүзүп көз жумду. Кан акчасы же компенсация делген акчаны алуум жаизби? Ошондой эле, кан акчасынан сырткары бул машиненин камсыздандыруу кызматы автоматтык түрдө жабырлануучу болгон бизге акча төлөөдө. Бул натыйжага карай камсыздандыруу бизге белгилүү өлчөмдө акча төлөйт. Камсыздандыруу берген бул акчаны алуу жаизби?

ЖООП

Бир гана өлгөн эмес машине сүзүп майып болгон адам дагы компенсация алат. С.Абадиййада мындай делген: «Жаңылыштык менен адам өлтүрүү, мисалы, бийиктен үстүнө түшүп же уктап жаткан адамдын тоголонуп бирөөнү басып өлтүрүп алуусу мына ушундай. Мунун жазасы да кафарат жана дийет. Минген аттын адамды тиштеп өлтүрүүсү [моторлуу машиналардын чайнап кетүүсү] дагы ушундай.»

Бүгүнкү күндө дийет ордуна компенсация сыяктуу аталыштар менен акча беришүүдө. Муну алууда эч зыян жок. Камсыздандыруу берген акчаны да алууда зыян жок.

Суроо: Машинемди сүзгөндөн оңдоо чыгымдарын алдым. Жумушуман калган күндөрдүн дагы акысын бердиртүүм жаизби?

ЖООП

Жок.

Доктурду компенсация алуу үчүн сотко берүү

Суроо: Операция учурунда оорулуунун бир дене мүчөсүнө зыян келтирген, мисалы, көзүн сокур, кулагын дүлөй кылган же артыкча наркоз менен же башка жол менен өлүмүнө себеп болгон доктурду компенсация үчүн сотко берүү жаизби?

ЖООП

Медициналык бир ката же бир шалаакылык жок болсо компенсация үчүн сотко берилбейт.

Эгер кадимки өлчөмдөн артыкча наркоз берилип, операцияда шалаакылык кылган болсо, салих эксперттер берген тыянак менен булар аныкталган болсо, компенсация үчүн сотко берүү жаиз болот.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш