Ислам дини » Алышуу-беришүү » Соодада куулук берекени кетирет




Соодада куулук берекени кетирет


Суроо: Соода-сатыкта куулук кылуу ырыскыны көбөйтөбү? Соодага кыянаттык аралашуусу эмнени түшүндүрөт?

ЖООП

Куулук менен ырыскы көбөйбөйт. Балким, оокаттын берекесин кетирет. Куулук менен аз-аздан жыйналган нерселер күтпөгөн жерден келген бир балээ менен дароо жок болуп, артында бир гана күнөөлөрү калат. Анысы кандай, бир сүтчү саткан сүтүнө суу кошчу эле. Бир күнү көз-ачып жумгуча бир сел келип саан уйун агызып кетет. Атасы эмне кыларын билбей дабдырап калганда баласы: «Ата, сүткө кошкон сууларыбыз жыйналып отуруп уйубузду агызып кетти», - деген экен. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп буюрган: «Соодага кыянаттык аралашканда береке кетет». Береке – бул аз оокаттын көп пайдалуу болуусу, көп ишке жароосу деген сөз. Аз оокат берекелүү болгондо көп кишинин ырахат табуусуна, көп жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Берекелүү болбогон көп оокат бар, ээсинин дүнүйөдө жана акыретте балээге учуроосуна себепчи болот. Андай болсо оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек. Береке ишенимдүү адамдарда болот. Атүгүл, молдук дагы ишенимдүү соодагерлерде болот. Себеби, ар бир кардар ишенимдүү болгон соодагерге барат. Куулук кылгандарга эч ким барбайт. Ойлоп көрүңүз, бир соодагер болсо, өмүрү жүз жылдан көп эмес. Ал эми акыреттин соңу жок. Бир канча күндүк өмүрүнүн алтын менен күмүшүн көбөйтүш үчүн түбөлүк жашоосун зыянга киргизүүнү ким каалайт. Ушуну ойлогон бир сатуучу кыянаттык кыла албайт. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Ла илаха иллаллах дегендер дүнүйөнү динден жогору кармашпаса Аллаху тааланын ачуусунан, азабынан кутулушат. Динди таштап, дүнүйөгө жармашышса, бул калима-и тавхидди айтканда Аллаху таала аларга «жалган айтып жатасың!» - деп буюрат.» Ар кесипте дагы куулук кылбоо парз. Чирик иш кылуу жана аны жашыруу – харам. Имам Ахмед Ибни Ханбелден «рахметуллахи таала алейх» жашыруун жамаачы тигүүнү сурашат. «Өзүнүн кийүүсү жана кардардын кийүүнү каалоосу менен жаиз болуп, куулук менен кылуу, б.а., жашыруун жамаачыны жаңы деп сатуу күнөө. Алган акча -харам болот», - деп буюрду. (Саадат-и Абадиййа, 841 б,.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш