Ислам дини » Ыйман маалыматтары » Ыймандуу болуп туруп, кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер




Ыймандуу болуп туруп, кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер


1. Бидат ээси болуу, б.а., туура эмес акыйдада болуу. (Ахли сүннөт аалымдары билдирген акыйдадан кенедей айрылган адам бидатчы же капыр болот.)

2. Күчсүз б.а., амалсыз ыйман.

3. Тогуз мүчөсүн туура жолдон чыгаруу.

4. Чоң күнөө кылууну улантуу.

5. Нимат-ы Исламга шүгүр кылбоо.

6. Акыретке ыймансыз кетүүдөн коркпоо.

7. Зулумдук кылуу.

8. Сүннөткө ылайык окулган азанды тыңдабоо.

9. Ата-энеге каршы келүү, аларды укпоо.

10. Туура болсо да көп ант ичүү.

11. Намазда «тадили эрканды» сактабоо. (Түш.: Тадили эркан – бул намазда руку, сажда, кавма (рукудан кийин тик туруу) жана желседе (эки сажданын ортосунда отуруу) бардык дене мүчө кыймылсыз абалда белгилүү бир убакыт күтүү.)

12. Намазды үйрөнүүгө жана бала-чакасына үйрөтүүгө маани бербөө, намаз окугандарга тоскоол болуу.

13. Алкоголдук ичкилик ичүү.

14. Момундарды кыйноо.

15. Жалган жерге Олуялык жана дин маалыматын сатуу.

16. Күнөөсүн унутуп, маани бербей кичине көрүү.

17. Бой көтөрүү, өзүн ашыкча жакшы көрүү.

18. Ужуб, б.а., билимим жана кылып жаткан амалым жетиштүү деп айтуу.

19. Мунафыктык, б.а., эки жүздүү болуу.

20. Ичи тардык, дин бир тууганына келген жакшылыктарды көрө албастык.

21. Өкүмөтүнүн же устазынын Исламга каршы келбеген өкүмүн аткарбоо.

22. Кимдир бирөөнү байкап, билбей туруп жакшы деп айтуу.

23. Калп сүйлөөнү улантуу.

24. Ислам аалымдарынан качуу.

25. Мурутун сүннөт ченеминен узун узатуу.

26. Эркектердин жибектен кийим кийүүсү.

27. Ушак айтууну улантуу.

28. Капыр да болсо, кошунасына кыйынчылык тарттыруу.

29. Мал, дүйнө үчүн жинденип, ачуулануу.

30. Пайыз алып берүү.

31. Мактануу максатында көйнөгүнүн колдорун жана этегин көп узатуу.

32. Сыйкыр кылуу, төлгө салуу.

33. Мусулман жана салих махрам (б.а дин боюнча үйлөнүп нике кыйылуусу харам болгон, тыюу салынган адам.) болуп эсептелген тууганды зыярат кылбоо.

34. Аллаху таала сүйгөн адамды жактырбоо. Исламды бузууну каалагандарды жакшы көрүү. (ХУББ-И ФИЛЛАХ, БУГД-И ФИЛЛАХ ыймандын шарты.)

35. Момун дин бир тууганына үч күндөн ашык кек сактоо.

36. Зина кылууну улантуу.

37. Ливата кылып, тообо кылбоо.

38. Азанды фикх китептеринде билдирилген маалда жана сүннөткө ылайык окубоо, сүннөт боюнча азан айтылганда урмат кылып аны тыңдабоо.

39. Харам иш кылганды көрүп, колунан келип турса да таттуу тил менен туура жолго үндөбөө.

40. Аялынын, кызынын жана насыят берүүгө укугу бар аялдардын башы, колдору, буттары ачык, кооздонуп, жыпар жыт сүрүнүп көчөгө чыгуусуна жана жаман адамдар менен жолугуусуна ыраазы болуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш