Ислам дини » Динибиз » Акырет күнүнө ишенүү » Мусулмандар Тозокко киреби?




Мусулмандар Тозокко киреби?


Суроо: Муминун сүрөсүнүн "Сооп таразасы жеңил келгендер - өздөрүнө зыян кылгандар жана алар тозок отунда түбөлү калышат” маанисиндеги 103-аяты Тозокко кирген мусулмандардын деле түбөлүк Тозокто кала тургандыктарын көрсөтүп жатпайбы?

Жооп: Жок, Тозокто түбөлүк кала тургандар ыйман келтирбегендер. Күнөөсү көп болгон мусулмандар кечиримге жана шапаатка жетпей турган болушса, жазасына жараша Тозокто калышат. Бул жаңылыш пикир - мэъал (Курандын котормосун) окуунун, Курани каримден жеке көз карашы менен маани чыгаруунун натыйжасы.

Ар бир адам Тозокко кирет. Кээ бирөө эч кандай азап тартпастан чыгат, кээ бирөө аз, кээ бирөө көп, бишка бирөө да түбөлүк калат. Бир ыйык аяттын мааниси: "Араңарда Тозокко кирбей турган эч ким жок. Бул Раббинин анык өкүмү. Аллахтан корккондорду ал жерден куткарат, заалымдарды (капырларды) да чөгөлөгөн абалда ал жерде калтырабыз”. (Мариям 71, 72)

"Ыйман келтирип, ыймандарына ширк аралаштырбаган адамдар Тозокто түбөлүк калышпайт. Алар үчүн бул коркуу жок”. (Анъам 82)

Тозокко кирип, ал жерден чыккан адам түбөлүк бейиштик. Бир ыйык аяттын да мааниси төмөндөгүчө:

"Ар бир инсан өлүмдүн даамын татат. Кыямат күнү сооп-сыйлыгыңар силерге толук-түгөл берилет. Ал эми, Тозоктун отунан четтетилип, Бейишке киргизилген адам чындыгында кутулган болот”. (Али Имран 185)

Ыйык аяттарды түшүндүрүп берген Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат:

"Аллаху таала ыйман ээлерине Тозокто күнөөлөрүнө жараша азап берет. Анан ыймандары себептүү түбөлүк Бейишке киргизет”. (Абу Нуайм)

"Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар болгон адам Тозокто түбөлүк калбайт жана Тозоктон чыгарылат”. (Бухари, Муслим)

"Тозокко киргендердин бир бөлүгү же өлүп кутулбайт, же азаптан кутулбайт, же тирилбейт. Бир бөлүгү да өлүп, көмүргө айланып калат. Ошол кезде шапаатка уруксат берилет. Алар Бейиштин жээктерине чейин алып келинет. Бейиш элине: "Буларды өмүр өзөндөрүндө жуунткула”, - деп айтылат. Жуундурулгандан кийин жаңы өнүп чыккан өсүмдүк сыяктуу тирилишет”. (Муслим, Ибни Мажа, Дарими)

"Тавхид элинен кээ бирлери күнөөлөрүнөн улам Тозокко киришкенде бутка сыйынгандар аларга: "Аллахка ишенгениңердин силерге пайдасы болгон жок” деп айтышканда, Аллаху таала каарданат. Ыйман элин Тозоктон чыгарып, өмүр өзөнүндө жуунтат. Таптаза болуп Бейишке киришет”. (Абу Нуайм)

"Жакшы-жаман ар бир адам Тозокко кирет. Жалгыз момунга гана салкын жана саламаттык болот, Ибрахимге оттун салкын болгондугу сыяктуу. Аллах такыбаа кишилерди куткарат, заалымдарды болсо ал жерде түбөлүк калтырат”. (Ибни Мажа)

"Шапаат кылганды улантамын жана шапаатым кабыл да болот. "Йа, Рабби! Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деп айткан ар бир адамга шапаатымды кабыл кыла көр”, - деп айтамын. Ушинтип кымындай ыманы бар болгон бир адам Тозокто калбайт”. (Дайлами)

"Сансыз көп адам Тозокко кирет. Мага болсо шапаат кылууга уруксат берилет. Саждага жыгылып шапаат тилеймин. Ошол кезде: "Башыңды көтөр, шапаатың кабыл болду”, - деп айтылат”. (Табарани)

"Аллахка ант берип айтамын, Тозокко кирген момун ал жерде 80 жылдай калмайынча чыкпайт”. (Дайлами)

Имам Раббани хазреттери да айтат: "Ыйман эли күнөөлөрү себептүү Тозокко киргенде беттери кара болбойт жана чынжырга байланбайт. Жазаларын өтөп бүткөн соң Тозоктон чыгарылат”. (2/67)

  

Тозок күйгүзбөйбү?

Суроо: "Акыйдасы туура болгон момун Тозокко кирсе дагы азап көрбөйт”, - деп айтылууда. Бул туурабы?

Жооп: Ооба, туура. Имам Раббани хазреттери акыйдасы туура, башкача айтканда, Ахли сүннөт акыйдасында болгон жана куфурга түшүп калбаган момундардын күнөөлөрү көп болсо да, Тозокко такыр кирбей тургандыктарын билдирүүдө.

"Такыр кирбейт” дегени "Кирсе дагы азап көрбөйт” дегендик. Үч хадиси шариф:

"Жакшы-жаман бардык адамдар (Тозоктун үстүнө курулган Сыраттан) өтүшөт. Ибрахим алейхиссаламга оттун салкын болгондугу сыяктуу, бир гана момунга салкын жана саламаттык болот. Тозок "Момундун нуру отумду өчүрүп жатат” деп кыйкырат. Андан кийин Аллаху таала такыбаа адамдарды куткарат, заалымдарды болсо ал жерде түбөлүк калтырат”. (Ибни Мажа)

"Кыяматта Тозок момунга "Тезирээк өткүн эй момун! Нуруң отумду өчүрүп коёт” деп кыйкырат”. (Табарани)

"Момундарга Тозоктун ысыгы мончонун ысыгы сыяктуу болот”. (Абу Нуайм)

Ишенген жана моюн сунган адамга эмне үчүн азап кылынат?

Суроо: Ыйман келтирип, буйруктарды орундап, тыюулардан сактангандарга акыретте азап болобу?

Жооп: Жакшылык кылганга рахмат айтыла турганын ар бир адам билет. Бул адамгерчиликтен. Жакшылык кылгандарга сый-урмат көрсөтүлөт, немат ээлери улуу деп билинет. Ошондуктан да, ар бир нематтын чыныгы ээси болгон Аллаху таалага шүгүр кылуу адамгерчиликтен. Наса сүрөсүнүн 147-аятынын маанисинде:

"Аллахтын нематтарына шүгүр кылып жана ыйман келтирсеңер Аллах силерге эмнеге азап кылсын?” – деп билдирилүүдө.

Аллаху таала карим жана рахим болгондой, азабы да катуу. Бул дүнүйөдө көп адамдарды жакырчылык жана кыйынчылыктарда жашатып жаткандыгы көрүлүүдө. Канча-канча кулдарын такыр тартынбастан азаптарда жашатууда. Өтө карим жана раззак экендигине карабастан, дыйканчылыктагы кыйынчылыктар тартылбай турган болсо бир бөлүк да нан бербөөдө. Ар бир адамды жашаткан Ал болгонуна карабастан жебеген, ичпеген адамды жашатпоодо, дары колдонбогон оорулууга шыпаа бербөөдө. Жашоо, ооруп калбоо жана мал-мүлк ээси боло алуу сыяктуу дүнүйө нематтарынын бардыгы үчүн себептерди жараткан. Себептерине жармашпагандарга ырайым кылбастан, дүнүйө нематтарынан куру калтырган. Акырет нематтарына жетүү дагы ушундай. Четке кагып ишенбөөнү жүрөктү жана рухту өлтүрүүчү уу кылган. Жалкоолук да рухту оору кылат. Буларга дары колдонулбай турган болсо рух ооруга чалдыгат, өлөт. Четке кагып ишенбөөнүн жана жахилдиктин жалгыз дарысы – бул илим. Жалкоолуктун дарысы да – бул ар ибадатты орундоо. Бир адам дүнүйөдө уу ичсе жана Аллах рахим, уунун зыянынан мени коргойт десе, ооруп калат жана өлөт. Диабет менен ооруган киши да таттуу жана камырдан жасалган тамактарды жесе оорусу күчөйт. Маъун сүрөсүнүн маанисинде айтылат:

"Эй, Расулум! Кыямат күнүн четке каккан, жетимдерге оройлук көрсөтүп жана кыйнап акыларын тартып алган, жакырларды тойгузбаган жана башкаларды да жакырларга жакшылык кылууга үгүттөбөгөн ошол адамды көрдүң беле? Намаздарын гафилдик менен окугандарга жана рия кылгандарга, мактангандарга жана зекетин бербегендерге катуу азап бар”.    

 Аллаху тааланын билдиргендерине ыйман келтиргендер, буйруктарын орундап, тыюуларынан сактангандар дүнүйөдө да, акыретте да рахатта бөлөнүшөт. Четке кагып ишенбегендер, каршы чыккандар болсо азап тартышат. Нахл сүрөсүнүн 33-аятынын маанисинде айтылат: "Аллаху таала кулдарына зулумдук кылбайт. Алар өздөрүн азапка, жапаага сүйрөгөн бузук пикирлери, жаман амалдары менен өздөрүнө зулумдук жана жапаа кылышууда”.

Акыйдасы жаңылыш болгондордун жагдайы

Суроо: Акыйдасында, ыйманында жаңылыштык бар болгондор четке кагып ишенбегендер сыяктуу Тозокто түбөлүк калышабы?

Жооп: Бул маселеге байланыштуу Имам Раббани хазреттери Мактубат китебинде айтат:

"Хадиси шарифте бул үммөттүн 73 топко бөлүнө турганы, алардын 72 тобунун Тозокко кете тургандыктары билдирилди. Бул хадиси шариф 72 топтун Тозок отунда азап көрө турганын билдирүүдө. Тозокто түбөлүк калат деп билдирген эмес. Тозок отунда түбөлүк азапта калуу ыймансыздар (капырлар) үчүн. 72 топ акыйдасы бузук болгондугу үчүн Тозоккоо кирет  жана акыйдасындагы бузуктукка жараша калат. 73-болгон бир топтун акыйдасы туура болгондуктан Тозок отунан кутулат. Бул топто болгон адамдардын арасында жаман иш кылгандар бар болсо жана ал жаман иштерине тообо жана истигфар кылбаган болсо же шапаат менен кечирилбеген болсо, алардын да күнөөлөрүнө жараша Тозокто калуулары жаиз. 72 топтон болгондордун бардыгы Тозокко кирет. Бирок, эч бири түбөлүк калбайт. Бир топто болгондордун бардыгы Тозокко кирбейт. Булардан жалгыз жаман иш кылгандар гана Тозокко кирет. Тозокко кире тургандыгы билдирилген 72 бидат топтору Ахли кыбыла болгондугу үчүн алардын баарына ыймансыз деп айтпаш керек. Деген менен булардын динде ишенүү зарыл болгон нерселерге ишенбегендери жана Ислам өкүмдөрүнөн бардык мусулмандар уккан, билген нерселердин тавилин билбестен четке каккандары ыймансыз болот. Ахли сүннөт аалымдары билдиришет: "Бир мусулмандын бир сөзүнөн же бир ишинен жүз нерсе түшүнүлсө, булардын токсон тогузу ыймансыздыкка себеп болсо жана бирөөсү гана мусулман экенин көрсөтсө, бул бир нерсени түшүнүү, аны ыймансыздыктан куткаруу керек”. Бардык нерсенин туурасын Аллаху таала билет. Эң бекем сөз - Анын сөзү”.     


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш