Сырат көпүрөсү


Сырат көпүрөсү - бул акыйкат. Аллаху тааланын буйругу менен Тозоктун үстүнө курулат. Адамдардын бардыгына ошол көпүрөдөн өтүү буюрулат. Ошол күндө бардык пайгамбарлар: "Эй, Раббим, амандык бер!” - деп жалбарышат. Бейишке бара тургандар көпүрөдөн оңой өтүшөт. Алардын кээ бири чагылгандай, кээ бири желдей ылдам жана кээ бири чапкан аттай тез өтөт. Сырат көпүрөсү кылдан ичке, кылычтан өткүр. Бул дүйнөдө Исламды кармануу да ушуга окшош. Исламды толук карманууга аракет кылуу – Сырат көпүрөсүнөн өтүү сыяктуу. Бул жерде напси менен күрөшүп, анын азгыруусуна берилбей, ошол кыйынчылыктарга сабыр кылгандар сыраттан оңой жана жеңил өтүшөт. Ислам динин туура карманбай, напсине баш ийгендер Сыраттан кыйынчылыктар менен өтүшөт. Ошондуктан, Аллаху таала Исламдын билдирген туура жолун "сырати мустаким” деп атаган. Аталыштардын бири-бирине окшоштугу Ислам жолун кармануу Сырат көпүрөсүнөн өтүү сыяктуу экендигин көрсөтөт. Тозокко бара тургандар Сыраттан өтө албай, Тозокко түшүшөт.

Сырат көпүрөсү дегенде дүйнөдөгү көпүрөлөрдү ойлобоо керек. Мисалы: "Класстан класска өтүү үчүн сынак көпүрөсүнөн өтүү керек”, - деп айтылат. Ар бир окуучу сынак көпүрөсүнөн өтүүгө милдеттүү болгондугу үчүн биз муну көпүрө дейбиз. Ал эми сынактын көпүрөгө окшоштук жагы албетте, жок. Сынак көпүрөсүнөн өткөндөр боло тургандыгы сыяктуу өтө албай кулай тургандар да болот. Бирок, бул кулоо көпүрөдөн сууга кулоого таптакыр окшобойт. Сынак көпүрөсүнүн кандай экендигин ал жерден өткөндөр билет. Сырат көпүрөсүнөн да адамдардын бардыгы өтөт. Кээ бирөөлөрү болсо өтө албай Тозокко кулайт. Демек, бул көпүрө, ал жерден өтүү, Тозокко кулоо дүйнө көпүрөлөрүн менен сынак көпүрөлөрүнө окшобойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш