Пайгамбарлардын саны


Пайгамбарлардын анык саны белгилүү эмес. Алардын 124 миңден көп экендиги айтылат. Алардын ичинен 313 же 315и Расул. Алардын баарынын жогору болгон алтоо Улул-азм пайгамбарлар деп аталышат.

Улул-азм пайгамбарлар: Адам, Нух, Ибрахим, Муса, Иса жана Мухаммед (алейхимуссалату вассалам). Отуз үч атактуу пайгамбар бар: Адам, Идрис, Шит, Нух, Худ, Салих, Ибрахим, Лут, Исмаил, Исхак, Якуб, Юсуф, Аййуб, Шуайб, Муса, Харун, Хызыр, Юша бин Нун, Ильяс, Альяса, Зулкифл, Шемун, Ишмоил, Юнус бин Мета, Давуд, Сулайман, Локман, Закария, Яхйа, Узайир, Иса, Зулкарнайн жана Мухаммед (алейхимуссалату вассалам).

Булардын ичинен жыйырма сегизинин ысымы Курани каримде берилген. Шит, Хызыр, Юша, Шемун жана Ишмоил Куранда көрсөтүлгөн эмес. Зулкарнайн, Локман, Узайрдын пайгамбар экендиги анык эмес.

Ибрахим алейхиссалам-халилуллах, б.а., Аллахтын адал досу. Анын жүрөгүндө Аллаху таалага болгон махабаттан башка эч нерсе жок эле. Муса алейхиссалам - калимуллах, анткени, ал Аллаху таала менен сүйлөшкөн. Иса алейхиссалам - калиматуллах, анткени, анын атасы болгон эмес. Бир гана "бол” деген буйрук менен энеси аны дүйнөгө алып келген. Адам алейхиссаламды ата-энесиз жараткан Аллаху таала Иса пайгамбарды да атасыз жаратты. Иса алейхиссалам Аллаху тааланын даанышмандыкка толгон сөздөрүн адамдарга жеткирди. Мухаммед алейхиссалам – хабибуллах, б.а., Аллаху тааланын сүйүктүү жана эң кадырлуу кулу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш