Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана Ислам » Туура акыйданын маанилүүлүгү




Туура акыйданын маанилүүлүгү


Суроо: Акыйда маселесин баса белгилеп жатканыңыздын себеби эмне?

Жооп: Себеби, акыйданы түздөп алмайынча ибадат кылуунун пайдасы болбойт. Туура акыйда – ахли сүннөт акыйдасы. Туура акыйда 1 саны сыяктуу. Ыкылас менен кылынган ибадаттар оң жагына коюлган нөл саны сыяктуу. Бир нөл коюлганда 10, эки нөл коюлганда 100 болот. Оң жагына канчалык көп нөл саны коюлса баасы арта берет. алынып салса баары болот. Ыкылассыз (рия) менен кылынган амалдар дагы солдогу нөл сыяктуу, башкача айтканда, санынын сол жагына коюлган нөл сыяктуу кунсуз. Ахли сүннөт акыйдасы жок болсо ибадаттардын бир да пайдасы болбойт, солдогу нөл сыяктуу кунсуз болот. Мына ушунчалык өтө маанилүү болгондуктан Убайдуллахи Ахрар хазреттери: "Бардык кереметтерди бизге беришсе, бирок, акыйдабыз туура болбосо курудук. Эгер бардык жамандыктарды беришсе, акыйдабыз түз болсо эч качан капа болбойбуз”, - деп айтууда.

Акыйдасы туура болгон

Суроо: Акыйдасы туура болгон мусулмандар Тозокко киришпейт деп айтылууда. Күнөөлөрү эмне болот?

Жооп: Арамдардан сактанган жана ибадаттарын орундаган мусулман Аллахтын досу. Аллах досун Тозокко ыргытпайт. Бир ыйык хадистин мааниси төмөндөгүчө:

"Аллахка ант болсун, Аллах досун отко ыргытпайт”. (Жами-ус-сагир)

Эгер мусулман куфурга түшүп калбаган болсо дүнүйөдө тарткан кыйынчылыктары күнөөлөрүнө кафарат болот, шапаатка да жетет жана Тозокко эч качан кирбейт.

Ахли сүннөт жолунун эки негизи

Суроо: Ахли сүннөт маалыматтарынын бир да бузулбастан күнүбүзгө чейин жетип келүүсүнүн себеби эмне?

Жооп: Ахли сүннөт аалымдарынын кайраты, аракеттеринин натыйжасында бузулбастан жетип келген. Ахли сүннөт аалымдары мына бул эки негизди кылдат сакташкан:

Биринчиси: Кандай болсо ошол калыбында сактап, андан эч бир нерсени чыгарышкан жок.

Экинчиси: Ага бир нерсе кошумча кылышкан жок. Тактап айтканда, сүннөткө амал кылышып, бидатка каршы чыгышкан.

Сүннөткө амал кылуу дегендик – Исламга амал кылуу. Бирок, билдирилгени боюнча, бир да өзгөртпөстөн амал кылуу керек. Ошондуктан, Ахли сүннөт аалымдары Расулуллах алейхиссаламдан келгендерге эч нерсе кошушкан эмес жана эч нерсени да чыгарышкан эмес. Кандай билдирилген болсо ошондой алышкан, ага бир гана шархтарды (түшүндүрмөлөрдү) жазышкан. Мунун натыйжасында Ахли сүннөт маалыматтары күнүбүзгө чейин бир да бузулбастан жетип келген.

Ыйманды коргоо

Суроо: Ыйманды коргоо үчүн эмнелерге көңүл бөлүү керек?

Жооп: Ыйман беш кабаттуу чепке окшош. Булар: жез, темир, коло, күмүш жана алтын кабаттары.

1 – Жез кабаты – адептер.

2 – Темир кабаты – сүннөттөр.

3 – Коло кабаты – парздар.

4 – Күмүш кабаты – ыкылас.

5 – Алтын кабаты – Аллаху тааланын ыраазылыгы.

Адептерди сактабаган адам сүннөткө жол таба албайт. Сүннөткө амал кылбаган адам парзга жол таба албайт. Парзды аткарбаган адам ыкыласка жол таба албайт. Ыкыласы болбогон адам да Аллаху тааланын сүйүүсүнө жетүүгө жол таба албайт. (Эй балам илмихали)

Демек, акыркы (бешинчи) кабатка чыга алуу үчүн кезеги менен биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардан өтүү керек. Башка кабаттардан өтмөйүнчө бешинчи кабатка чыгуу мүмкүн эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш