Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана Ислам » Жамандыктардын эң чоңу




Жамандыктардын эң чоңу


Суроо: Эң чоң жамандык эмне?

Жооп:  Эң чоң жамандык – ыймансыз өлүү. Ыймансыз, башкача айтканда, капыр болуп өлбөш үчүн илим ээси болуу, ыкылас менен амал кылуу, арамдардан сактанып, ибадаттарды кылуу шарт. Адам кандай жашай турган болсо ошондой өлөт. Андай болсо, ыймандуу болуп жашоо керек. Ыймандуу болуп жашоо үчүн арамдардан сактануу жана ибадаттарды орундоо керек.

Экинчи чоң жамандык – бир адам бир сөзү же иши менен куфурга түшүп, башкача айтканда, ыйманын жоготот. Бирок, өзүн мусулман деп эсептеп жүрө берет. Кылган ишинин куфур экенинен бейкабар болгондуктан тообо да кылбайт, ыймансыз өлүшү да мүмкүн. Күнөөнү билбегендиктен да өткөн жаман нерсе – күнөөнү ибадат катары орундап жүрүү. Бидат ишеними жана башка бидаттар мына ушундай. Бул жамандыктардан кутулуу үчүн Имам Раббани хазреттери: "Илим, амал жана ыкылас шарт”, - деп буюрууда. Тактап айтканда, динибизди туура үйрөнүп, ыкылас менен амал кылабыз. Билбей кылуу өтө жаман болгону сыяктуу, билгендерин ыкылассыз кылуу да өтө жаман.

Ыймандын негизги шарты

Суроо: Ыймандын алты шартына ишенген адам сөзсүз момун болобу?

Жооп: Коомчулукка каралса, ар бир адамдын сөзсүз момун экенин айтууга болбойт. Бир канча мисал келтирели:

1 – Бир адам Амантудагы алты шарттын бири болгон китептерге ыйман келтиргенин айтса, бирок, Куран тарыхый китеп десе, кээ бир өкүмдөрү Кыяматка чейин өтпөйт десе момун боло албайт. Куранга ишендим деп айтуусунун пайдасы жок.

2 – Бир адам Амантудагы алты шарттын бири болгон периштелерге ыйман келтирген болсо, бирок, периштелер дагы күнөө кылышат десе жана христиандар сыяктуу аларды кыздар деп билсе момун боло албайт.

3 – Бир адам Амантудагы алты шарттын бири болгон Аллаха ыйман келтиргенин айтса, бирок, Аллахтын досторун сүйбөсө, аларга душман болсо же Аллахтын душмандарын сүйсө, алар менен дос болсо, өлгөндөрүнө дуба кылса анда момун боло албайт. Ыймандын негизги шарты, белгиси  - хубби филлах, бугди филлах. Аллаху тааланын жакшы көргөндөрүн жана буйрук кылган нерселерин сүйүү, душмандарынан жана тыюу салган нерселеринден сактануу. Бир адамдын ыймандуу же ыймансыз экендиги ушул жерден белгилүү болот. Ахли сүннөт жолунда болгондорду, Аллахтын динине кызмат кылгандарды сүйүү - хубби филлах. Капырларды, Аллаху тааланын душмандарын, 72 адашкан топто болгодорду сүйбөө - бугди филлах. Бул нерселер бир гана жүрөктө болот. Жакшы көрүлбөгөн адам менен тартышууга жана урушууга болбойт. Достор менен да, душмандар менен да тартышуу зыяндуу. Талашып-тартышуудан достордун достугу азаят, калбашы да мүмкүн, душмандардын душмандыгы көбөйөт.

Ыймандуу болгон адам амри маруф жана нахйи мункар кылат. Тактап айтканда, Аллахтын буйруктарын үйрөтүүгө аракет кылат. Бул да ыймандын шарттарынан. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш