Ислам дини » Ыйык түндөр » Тарвия жана Арафа күндөрү




Тарвия жана Арафа күндөрү


Тарвия – Арапа күнүнөн бир күн мурдагы күн.Тарвия күнү орозо кармоо өтө пайдалуу. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Аллаху таала Тарвия күнү орозо кармаган жана күнөө сүйлөбөгөн мусулманды, албетте, Бейишке киргизет.” [Рамуз]

"Тарвия күнү орозо кармоо миң кулду азат кылууга, эки миң төө курмандык чалууга жана жихад үчүн жиберилген миң атка барабар.” [Абулбаракат]

Тарвия күнүнөн кийин Арапа күнү келет.

Арапа күнүнүн маанилүүлүгү

Арапа күнү багымдат намазынан баштап Айт майрамынын төртүнчү күнү аср намазына чейин 23 фарз намазын окуп бүтүп, салам бергенден кийин ташрик тикбиринокуу важиб. Бир жолу "Аллаху акбар, Аллаху Акбар, Ла илаха иллаллаху, Валлаху акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил-хамд” деп окулат. Мечиттен чыккандан кийин же башка нерсе сүйлөгөндөн кийин окуу керек эмес. Имам такбирди унута турган болсо жамаат окуйт. Эркектер үнүн бийик кылып окуса болот. Бул такбир окулган күндөр Арапа, Айт майрамы жана аййам-ы ташрик деп аталган үч күн болуп эсептелип, бардыгы беш күн болот. Алгачкы күн Арапа, экинчи күн Айт майрамы, Зилхижжа айынын 11, 12 жана 13-күндөрү болгон башка үч күн тең аййам-ы ташрик [ташрик күндөрү] деп аталат.

Зилхижжа айынын алгачкы 9 күнү орозо кармоо өтө сооп, бирок, Арапа күнү орозо кармоо андан да сооп. Бир канча хадиси шарифтин маанилери төмөндөгүдөй:

"Арапа күнү орозо кармаган адамга Адам алейхиссаламдан Сур’а үйлөгөн күнгө чейин жашаган бардык адамдардын эсеби канча болсо андан эки эсе көп сооп жазылат.” [Р. Насыхин]

"Арапа күнү кармалган орозо миң күн [нафилорозого барабар.” [Табарани]

"Арапа күнү кармалган орозо эки миң кулду азат кылууга, эки миң төөнү курмандыкка чалууга жана Аллахтын жолунда жихад үчүн берилген эки миң атка барабар.” [Т. Гафилин]

"Арапа күнү кармалган орозо өткөн жана келерки жылдын күнөөлөрүнө кафарат болот.” [Муслим] [Б.а., Арапа күнү кармалган орозо өткөн жана келерки бир жыл ичинде кылынган тооболордун кабыл болуусуна себеп болот.]

"Арапа күнү [Бисмиллах менен] миң Ихлас окуган адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубасы кабыл болот.” [Абу-ш-шайх]

"Арапа күнүнөн артык бир күн жок. Ал күнү Аллаху таала жер бетиндеги кулдары менен сыймыктанып, көктөгүлөргө: "Эй, көк эли! Кулдарымды карагыла, ырайымыма жетүү жана азабыман качуу үчүн алыс жерлерден келишти...”, – деп айтат. Арапа күнү Тозоктон ушунчалык көп кул азат болот; башка күндөрдө анчалык азат болбойт.” [Гунйа]

"Шайтан Арапа күнүнөн башка заманда андан да жаман, маскара, пас жана кектүү көрүнбөйт.” [И. Малик]

"Аллаху таала Арапа күнү кымындай ыйманы бар адамды кечирет.” [Гунйа]

"Арапа түнү ибадат кылган адам Тозоктон азат болот.” [С. Абадиййа] (Ибадат катары илим үйрөнүү эң пайдалуусу. Илмихал окуу аркылуу эң ылайыктуу илим үйрөнгөн болобуз.)

"Дубанын пайдалуусу - Арапа күнү кылынган дуба.” [Байхаки]

"Арапа күнүн урматтагыла! Арапа Аллах тарабынан баркталган күн.” [Дайлами] (Урмат кылуу күнөө кылбоо менен жүзөгө ашат.)

"Арапа түнү ибадат кылган адам Тозоктон азат болот.” [С. Абадиййа] (Ибадат катары илим үйрөнүү эң пайдалуусу. Илмихал окуу аркылуу эң ылайыктуу илим үйрөнгөн болобуз.)

"Арапа күнү кандай сонун күн! Ал күнү ырайым эшиктери ачылат.” [Дайлами]

"Арапа күнү кулагына, көзүнө жана тилине ээ болгон адам кечирилет.” [Табарани]

Кулагына ээ болуу – ушак, музыка сыяктуу харам болгон нерселерди тыңдабоо. Өзү каалабай кулагына угулуп калса күнөө болбойт. Көзүнө ээ болуу – харам болгон нерселерди карабоо жана караган мубах нерселерден сабак алуу. Тилине ээ болуу болсо – жалган сүйлөбөө, ушак айтпоо, сөз ташыбоо, жаман сөз айтпоо, жада калса, пайдасыз нерселерди сүйлөбөө, эч кимди таарынтпоо. Буларды сактаган адам Арапа күнүн орундаган болот.

Арапа түнү Арапа күнү менен Курман айттын биринчи күнүнүн арасындагы түн болуп эсептелет. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Ырайым эшиктери төрт түндө ачылат. Ал түндөрү кылынган дуба кайтарылбайт. Рамазан жана Курман айттын биринчи түнү, Барат жана Арапа түнү.” [Исфахани]

"Төрт түндүн күндүзү да түнү сыяктуу фазилаттуу. Аллаху таала ал күндөрдө дуба кылган адамдын тилегин артка кайтарбайт, аларды кечирет жана алар бул күндөрдө мол ихсанга ээ болушат. Алар: Кадыр түнү, Арапа түнү, Барат түнү, Жума түнү.” [Дайлами]

"Арапа түнү ибадат кылган адам Тозоктон азат болот.” [С. Абадиййа]

Арапа күнү орозо

Суроо: "Арапа күнү дагы мусулмандардын майрамы болгондуктан орозо кармалбайт, себеби, Арапа күнү орозо кармоого тыюу салынган хадис бар”, - деп айтылууда. Мындай хадис барбы?

ЖООП: Хазрети Абу Хурайра: "Расулуллах Арафатта Арапа күнү орозо кармоого тыюу салды”, - деп билдирүүдө. Ибни Абидин хазреттери бул хадиси шарифтин түшүндүрмөсүндө мындай дейт:

"Арапа күнү ажынын орозо кармоосу Арапатта вакфага турууга жана дубаларга тоскоол болбоо шарты менен мандуб болот [мустахаб, б.а., жакшы болот]. Орозо кармоо алын кетире турган болсо, ошондо гана макрух болот.” (Радд-ул-мухтар)

Белгилүү болгондой, Арапатта болуп, орозо кармай албагандар үчүн Арапа күнү орозо кармоонун макрух болушу бардык адамдар үчүн эмес. Арапа күнү орозо кармоо абдан сооптуу.

Арапа күнү

Суроо: Арапа күнү окулушу керек болгон миң Ихласты убагында окуй албаган адам кечинде дагы окуса болобу?

ЖООП: Ооба, окуса болот. Арапа жана Курман айт күндөрүнүн түндөрү башка ыйык түндөр сыяктуу эмес. Ошол эле күндүн түндөрү болуп саналат. Түн жана күндүзү менен бирге болгон 24 саат күн деп аталат. Миң Ихлас окууга жетише албаган адам ошол күнү кечинде да улантса болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш