Ислам дини » Зекет » Камери айга карата зекет




Камери айга карата зекет


Суроо: Милади айларга карата зекет берүүгө болбойбу? 

ЖООП

Зекет милади айларга карата эмес камери айларга карата берилет. 

Суроо: Менин зекет берүү күнүм – 10-Август. Бул жылы карыздарыман улам зекет бере ала турчу мал-мүлкүм жок. Бирок, 10-Августтан кийин жолдошум айлыгын алып мага алтын зер буюм алып бермекчи. Ала турчу белеги менен бирге зекетке ээ болсом зекет беришим керекпи?

ЖООП

Зекет берчү күн 10-Август болбойт. Хижри, б.а., камери айларга карата болот. 10-Ражаб, 7-Шабан сыяктуу. 10-Август кайсы айга туура келе турган болсо ошол күндү белгилешиңиз керек. Өткөн жылдын 10-Августу 28-Рабиуль-аввалга туура келген болсо анда бул жылы 28-Рабиуль-аввал 30-Июлга туура келет. 30-Июлда дин боюнча бай деп эсептелбей турган болсоңуз, б.а., 90 грамм алтыныңыз жок болсо кедей болуп эсептелесиз. Мындан кийин бай болууңуздун мааниси жок. Мындача айтканда, жаңы бир күндү белгилешиңиз керек. Мисалы, 20-Августта бай болдуңуз дейли, муну камери айга карата белгилейсиз. Келерки жылы ошол айдын ошол күнү келгенде эгер бай болсоңуз зекет бересиз. Эгер бай болбогон болсоңуз кайрадан бай болгон күндү күтөсүз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш