Ислам дини » Зекет » Мал-жандыктын зекети




Мал-жандыктын зекети


Суроо: Саима мал-жандык бул ургаачы мал-жандыкпы? Эркек мал-жандыктын дагы зекети берилеби?

ЖООП

Жылдын жартысынан көбүн талаада, шиберде бекер оттогон, эт же сүт алуу үчүн багылган эркек же ургаачы мал-жандык саима мал-жандык болуп саналат. Бир гана жүнү үчүн, жүк ташуу үчүн же минүү үчүн болсо саима тобуна кирбейт, зекети берилбейт.

Демек, акчасыз шиберде оттобой, үйдө багылса, тукум алуу же эти-сүтү үчүн деп багылса анда да зекети берилбейт. Сокого чегип, жүк ташуу, минүү үчүн багылган малдардын да зекети болбойт.

Уйдун зекети

Суроо: Уйдун зекети кандай болот, канча уйдун канчасын бериш керек.

ЖООП

30дан аз уйу болгон киши булардын зекетин бербейт. 30 уй үчүн бир жаштан өткөн эркек же ургаачы бир музоо берилет. 39га чейин ушундай. 40тан 59га чейин уйу бар киши  эки жаштан өткөн эркек же ургаачы уй берет. 60тан 69га чейинки сандагы уй үчүн 2 музоо берилет. 70 уйга бир уй жана бир музоо берилет. 70тен кийин ар 10 уйга мына ушинтип эсеп кылат. Ар 30 уйга 1 музоо, ар 40 уй үчүн бир уй артууда. 80 болгондо эки уй артууда. Буйволдун зекети да ушундай. (С.Абадиййа)

Төөнүн зекети

Суроо: Төөлөрдүн зекети ургаачы төө менен берилеби?

ЖООП

Беш төөсү бар киши бир кой берет. 24кө чейин төрт кой берет. 25тен кийин 35ке чейин эки жашка кирген бир ургаачы бото берилет. 36дан 45ке чейин үч жашка кирген ургаачы бото берилет. 46дан 60ка чейин жүк артууга жарактуу төрт жашка кирген ургаачы төө берилет. Мындан көп болсо анда да белгилүү сандарда ургаачы төө берилет. (С.Абадиййа)

Кой жана эчки зекети

Суроо: Кой менен эчкинин зекети канча берилет?

Койдун нисабы 40. 40тан аз кою бар киши булардын зекетин бербейт. 40тан 120га чейин кою бар киши 1 кой берет. 121ден 200гө кийин эки кой берет. 201ден 400гө чейин 3 кой берет. 400 койго 4 кой, кийин ар 100 койго 1 кой көбөйөт.

Кой, эчкинин эркеги да, ургаачысы да ушундай. Бир жашка толбогон козулардын зекети берилбейт. Бирок, кой дагы бар болсо анда козулары да эсепке кошулат. Төөнүн жана уйдун балдары да ушундай. Козу эч качан зекет катары берилбейт. (С.Абадиййа)

Жылкы менен эшектин зекети

Суроо: Жылкынын жана эшектин зекети кантип берилет?

ЖООП

Эркек жана ургаачы жылкылар үйүрү менен шиберде оттоп, көбөйтүү үчүн багылса зекетин берүү керек болот. Минүү үчүн же жүк ташытуу үчүн болсо зекеттери берилбейт. Бир гана эркек аты (айгыры) бар болгон кишинин зекети болбойт, себеби, булар көбөйбөйт. Соода ниети менен багылса соода малынын зекети берилет. Соода үчүн болбогон качыр жана эшек көп болсо дагы зекеттери берилбейт. (С.Абадиййа)

Жылкынын нисабы жок. Ар жылкыга бир мискал (4,80 грам) алтын берилет. Кааласа жылкылардын баасын эсептейт. Эгер баасы алтын нисабын толтурган болсо кыркта биринчелик алтын берет. 

Музоо жана козунун зекети

Суроо: Бир адамдын  баш козусу же баш музоосу бар болсо булардын зекетин береби?

ЖООП

Бир жашын толтурбаган козулардын жана эки жашын толтурбаган торпоктордун зекети берилбейт, бирок, чоң кой жана уйлар да бар болсо балдары дагы эсепке кошулат. Мисалы, 30 койу жана 10 козусу бар болгон адам зекет берет. Козу менен зекет берилбейт. Койдон берилет. 20 уй менен 5 музоо жана 5 торпогу бар болгон адам зекет берет. 30 уй үчүн бир баш бир жаштан ашкан эркек же ургаачы музоо берилет. 39га чейин ушундай. 40тан 59га чейин уйу бар адам бир баш эки жашын бүтүргөн эркек же ургаачы торпок берет.

Тери үчүн багылган мал-жандыктын зекети

Суроо: Тери үчүн багылган мал-жандыктын зекети кантип берилет?

ЖООП

Мал-жандыктын баасы нисабына жете турганчалык көп болсо бааларына карай берилет.

Суроо: Мал-жакдыктын зекетин берүүдө карыздар чыгарылабы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: 274 уйу бар адам канча зекет бериши керек?

ЖООП

Бул мал-жакдыкты багып сатып жаткан болсо соода малынын зекети берилет. Жылдын жартыдан көбүндө акчасыз оттогон мал-жандыктар болсо (саима мал) мал-жандык зекети берилет.

Саима мал-жандык зекетинде 30 менен 39 арасы уй үчүн бир баш, бир жаштан ашкан эркек же ургаачы музоо берилет.

Ар отуз баш үчүн бир музоо, ар кырк баш үчүн бир торпок артууда. Сексен болгондо эки торпок артууда.

Бул эсеп боюнча 274 уйдун зекети мындайча эсептелет:

80 уй үчүн 2 баш торпок, 160 үчүн 4 торпок, 240 үчүн 6 торпок зекет болуп берилет. Калган 34 уй үчүн бир музоо кошулат.

Жалпы 274 уй үчүн 1 музоо (бир жаштан өткөн) жана 6 торпок (эки жаштан өткөн) зекет кылып берилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш