Ислам дини » Зекет » Садаганы жашыруун бериш керекпи




Садаганы жашыруун бериш керекпи


Суроо: Кедейди таарынтпоо, элдин көзүнчө аны ыңгайсыз жагдайга түшүрбөө үчүн садаганы башкалардан жашырып берген жакшыбы же башкалар да берсин, көмөктөшсүн деген ой менен элге көрсөтүп ашкере берилгени жакшыбы?

Жооп: Садаганы, көмөктөрдү кээде жагдайга байланыштуу (мисалы, башкаларга үлгү болуу ниети менен) ашкере берүү керек болгону менен көбүнесе жашыруун берсе жакшыраак болот. Курани каримде мындай деп айтылат: "Садаганы ашкере берсеңер жакшы болот, жашыруун берсеңер  өзүңөр үчүн кайырлуурак болот.” (Бакара, 271)

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Кыяматта, башка көлөкө табылбаган күндө Аллаху тааланын көлөкөсүндөгү жети адамдын бири – берген садагасын жашырган, оң колунун бергенинен сол колунун кабары болбогон адам.” (Бухари)

"Жашыруун (садага, жакшылык жана ибадаттар) ашкере кылынгандан жакшыраак. Бирок, жакшы бир үлгү боло турган болсо, ашкере кылуу жашыруундан абзел болот.” (Дайлами)

"Садаганы жашыруун берүү – Бейиш казынасынан.” (Хатиб)

"Түндө окулган намаздын күндүз окулган намаздан үстөмдүгү жашыруун берилген садаганын ашкере берилген садагадан үстөмдүгү сыяктуу.” (Табарани)

"Куранды ашкере окуган ашкере садага бергендей жашыруун окуган жашыруун садага бергендей болот.” (Тирмизи)

"Жашыруун садага Аллахтын ачуусун басат.” (Байхаки, Табарани, Ибн Асакир)

Хадиси шарифте мындай деп айтылат: "Жакшы амал кылган адамдын амал дептерине жашыруун кылган амал катары жазылат жана сообу 70 эсе көбөтүлөт. Ал адам бул амалын жая турган болсо ашкере кылынган амалдын сообу жазылат. Көбөйтүлгөн сооптор өчүрүлөт. Бул амалын бардык адамдарга айтып, атынын аталуусун жана макталууну жактырса ашкере кылынган амалдын сообу да өчүрүлөт, мактанчаак, риякорлук катары жазылат.” (Байхаки)

Кайырчылыкты кесипке айлантып алгандардан тышкары бир кедейге адамдардын көзүнчө жардам көрсөтүү, садага берүү ал кедейдин намысына тийиши мүмкүн. Муктаж адамдардын чын көңүл менен берилген көмөктөрдү да ала алуулары үчүн жакшылыкты жашыруун кылуу керек.

Ислам аалымдары садаганы билдирбей бир сокурдун колуна таштап кетишчү же кедей уктап жатканда чөнтөгүнө салып же кичинекей бала аркылуу берип жиберишчү. Кедейди ыңгайсыз жагдайга түшүрүп койбоо үчүн садагаларын жашыруун беришчү.

Максат – рия менен кадырлуу болуудан сактануу. Кедей садага берген адамды көрсө рия менен кадырлоо аралашуусу мүмкүн. "Элге көрсөтүү үчүн, аброй үчүн кылынган жакшылык кабыл болбойт” - деп айтылган. Парз болгон зекеттин ашкере берилгени абзел. Бул жерде рия боло албайт. Зекетти ашкере берүү башкалардын "зекетин берген жок” деген сөздөрүнүн алдын алат жана башкаларга үлгү болот. Ибн Аббас хазреттери: "Жашыруун берилген напил садаганын сообу ашкере берилгенден 70 эсе көп”, - деген. Зекеттин сообу жашыруун берилгенден 25 эсе артык болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш