Ислам дини » Зекет » Үйү жок киши да зекет берет




Үйү жок киши да зекет берет


Суроо: Бир календарь барагында минтип жазылган: «Зекет бериле турчу малдын карыздан дагы, ээсинин негизги муктаждыктарынан арткан болуусу шарт. Негизги муктаждыктардын башында орто абалдагы турак жай турат. Ошол эле учурда үй-бүлө мүчөлөрүн кароого жүгүмдүү болгон адамдардын бир жылдык нафакасы болуусу керек. Колунда бар алтыны же даяр акчасы нисаб өлчөмүнө жетсе дагы башын калкалай турчу орто абалдагы бир үйү жана бир жылдык нафакасы болбогон бирөөнө зекет парз эмес. Бул эмнеге окшойт? Суусу бар бир жолчу жолдо суусуз калуусу мүмкүн экендигин эсепке алып суусун колдонбостон таяммум алууда. Мындай бир абалда суу жок өкүмүндө болгондугу үчүн таяммум жаиз. Ушул сыяктуу бир адамдын негизги муктаждыктарына сарпталуу үчүн нисаб өлчөмүнүн үстүндө акчасы болсо дагы жок өкүмүндө. Мисалы, бир адамдын кырк койу болгондо бирөөнү зекет кылып берүүсү керек болууда. 39 болсо ортодо бир айырма болуусуна карабай зекет түшпөөдө. Себеби, Аллаху таала аяти каримасында: «Аллах силер үчүн жеңилдик каалайт, кыйындык каалабайт», - деп буюрууда. (Бакара, 185) Аллаху таала эч кимге көтөрө алгыс бир жүктү жүктөгөн жок.» Ошондой байлар бар, акчасын үйгө салбайт, үйг бере турчу акча менен соода кылат же акция үлүш алып үй ижарасынан артык пайда түшүрүүдө. Мындай байларга дагы үйү жок деп зекет түшпөйбү?

ЖООП

Динибизде төрт далил бар. Акыл далил эмес. Төрт далилдин эч биринде үйү болуусу шарты билдирилген эмес. Маселени ачыкча билдирген фыкых китептери турса акыл менен муну ачыктоого тырышуу албетте акыйкатты көмгөндүк болот.

Эч бир фыкых китебинде «Үйү жок байга зекет түшпөйт» деген бир шарт болбогонундай эле «Бир жылдык нафака» шарты дагы жок. Бул толугу менен жеке көзкараш, зекетти таяммумга окшотуу дагы ушундай. «Аллах жеңилдик каалайт, кыйындык каалабайт» деген түшүнүктү үйү жокко далил кылып алуу канчалык жаңылыш.

Жеңилдик болсун деп ичке байпактын үстүнө масх тартуу, 5 убак намазды бир убакта кылуу динди өзгөрткөндүк болот. Багымдат намазына туруу кыйын, Аллах жеңилдик каалап жатат деп багымдат намазын окубоо жеңилдик болгону менен бул динге каршы нерсе. Бир ай Рамазан орозосу көп деп үч күн орозо кармоо жеңил, бирок, Аллахтын буйругу орундалган болбойт. Бир күн орозо кармоо андан да жеңил. Баарынан жеңили эч орозо кармабоо жана эч зекет бербөө. Демек, бул жерде критерий жеңилдик эмес, диндин буйругуна моюн сунуу болуп саналат. Динибиз кырк койдон бирөө зекет кылып берилет деп буюрууда. Андан төмөнүнө зекет түшпөйт деп буюрууда. Дин кандайча бурук кылган болсо ошондой болот.

Хадиси шарифтерде мындай делген:

«20 динар болгонго чейин алтындын зекетин берүү керек эмес. 20 жыл болуп үстүнөн бир жыл өтсө жарым динар зекет берүү керек. Дагы көп болсо эсеби ошого жараша болот.» [Абу Давуд]

«Күмүш 20 дирхамга жеткенде 5 дирхамы зекет кылып берилет.» [Абу Давуд, Тирмизи, Ахмед]

«Нисабга жетип зекети берилген мал канз (жыйылган, сток) эмес.» [Абу Давуд, Хаким, Хатиб]

Төмөндөгү жазуулар Радд-уль-мухтар, Дурар Гурар, Хиндиййа, Саадат-и Абадиййа, Жавхара, Дурр-уль-мунтака, Жамиур-румуз, Уйун-уль-басаир, Тахтави сыяктуу баалуу эмгектерден алынган:

Исламиятка ылайык жана ырахат жашай алуусу үчүн колдонулуусу керек нерселер муктаждык буюмдары деп саналат. Булар тамак-аш, кийим, үй сыяктуу нерселер. Бул муктаждык заттарынын бар болуусу шарт эмес. Эгер бар болсо зекет нисаб эсебине кошулбайт. Муктаждык заттарын алуу үчүн бириктирилген акча нисаб эсебине кошулат. Себеби, зекет үчүн муктаждык затына ээ болуу шарт эмес. Бул зат бар болсо нисабга кошулбайт.

Алтын менен күмүш акча катары же аялдардын кооздук буюму катары колдонулсун, үй, тамак-аш, кепен сатып алуу үчүн сакталсын кылыч сыяктуу муктаждык заты болушса да зекет нисабынын эсебине кошулат.

Соода үчүн болбогон үй, кабат үй, жүк машине, кеме жана өндүрүш машиналарынын зекети берилбейт. Бир жылдык үй муктаждыгы үчүн ажыратылган азык заттарынын дагы зекети берилбейт. Тамак-аш, кийим жана баш калкалай турчу үй сыяктуу зарыл нафакадан болгон муктаждык заттарын сатып алуу үчүн сакталган алтын, күмүш жана кагаз акчанын бардыгы нисаб эсебине кошулат, б.а., зекеттери берилет.

Үйү жок байлар

Суроо: Бир жазуучу мындай дейт: «Бай бир кишинин үйү жок болсо, ижарада жашаса ага зекет түшпөйт. Үй анын муктаждыгы. Нак акчада зекет өлчөмү % 2.5. Үй алуу үчүн чогултулган акча үчүн бул өлчөм чоң сумманы кармайт. Үй алганга чейин бул акча менимче зекеттен бошотулушу керек. Куранда нисабга катыштуу бир аят жок. Жалгыз нисабды ачыктаган хадистер менен Пайгамбардын буга байланыштуу кылгандары жана фыкыхчылардын көзкараштары бар. Хазрети Пайгамбардын тажрыйбасы өз доорунун ортоломо байлык өлчөмүн берген ижтихадына таянат. Пайгамбардын ижтихады сөзсүз эмес жол көрсөтүүчү болуп саналат. Тактап айтканда, өзгөрбөй турчу өлчөм эмес. Нисаб замандын шарттарына карай жаңыдан белгилениши керек».

Куранда нисаб өлчөмү жок деп айтууда. Куранда беш убак намаздын убакыттары да жок. Бирок, Расулуллах муну билдирбедиби? Анын билдирүүсү эмнеликтен сөзсүз болбосун. Анда намаз убакыттары дагы, намаздын парздары дагы сөзсүз болуудан чыгарылып, реформа кылынгысы келип жатабы? Бул жазуучунун пикирлери туурабы?

ЖООП

Төөгө мойнуң ийри дешкен экен, антсе төө каерим түз экен дептир. Жогорудагы көзкараштар толугу менен жаңылыш. Жазуучу кылымдар бою жетип келген фыкых китептеринин эч бирине маани берип жаткан жок, фыкыхчылардын пикирлери деп атап аны жеңилге алууда. Атүгүл, Расулуллах алейхиссаламдын өкүмдөрүн дагы ижтихад деп атоодо, булар сөзсүз боло албайт деп жатат. Булар өзгөрүшү керек деп жатат. Жазуучуга хадиси шарифтерди билдирсек сөзсүз эмес демекчи. Мазхабыбыздын фыкых китептерин далил көрсөтсөк алар дагы көзкараш, менин да жеке көзкарашым бар демекчи. Айтор, ал киши мазхабды кабыл кылып жаткан жок. Бирок, биз мазхабга ишенген, Расулуллах койгон өкүмдү сөзсүз  деп кабылдаган жана фыкых китептерин далил деп кабылдаган окурмандарыбыз үчүн бүткүл абыройлуу фыкых китептеринде жазылган мазхабыбыздын өкүмдөрүн билдирүүдөбүз;

1- Алтын, күмүш жана соода буюмунда зекет нисабы – кыркта бир.

2- Койдо кыркта бир, уйда отузда бир, беш төөдө болсо бир кой.

3- Металда беште бир, топурак түшүмүндө ондо бир.  Акча менен сугарылса жыйырмада бир түшөт.

Бул жерде билдирилген зекетке таандык малдар көп арзандаса да, көп кымбаттаса да баары бир өлчөмү кыяматка чейин өзгөрбөйт. Мазхабсыздар өз көзкараштары менен өзгөртүп алышса да өзгөргөн болуп калбайт.

Ошондой байлар бар, акчасын үйгө салбайт, үйг бере турчу акча менен соода кылат же облигация-акция үлүш алып үй ижарасынан артык пайда түшүрүүдө. Бул жазуучунун пикири боюнча мындай байлар да үйү болбогондугу үчүн зекет бербейт.

Абыройлуу фыкых китептеринде акча эмне үчүн чогултулса чогултулсун, эгер нисабга жетсе зекет берилиши керек экендиги жогорудагы жазууда түшүндүрүлдү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш