Зекет


Исламдын беш шартынын үчүнчүсү - мал-мүлкүнүн зекетин берүү. Зекет  деген сөздүн сөздүктөгү мааниси тазалык, мактоо жана жакшы, мыкты абалга келүү дегенди билдирет. Ал эми Ислам дининде зекет, керектөөсүнөн ашык жана нисаб деп аталган белгилүү өлчөмдөн ашык зекет мүлкү бар адамдын оокатынын белгилүү бөлүгүн бөлүп, Курани каримде билдирилген мусулмандарга берүү дегендикке жатат. Зекет жети түрдүү адамга берилет. Төрт мазхабда тең төрт түрдүү зекет мүлкү бар. Алтын жана күмүш зекети, соода мүлкү зекети, бир жылдын жарымынан көбүндө талаада оттогон төрт аяктуу малдын зекети жана жерден алынган түшүмдүн зекети. Төртүнчү зекет «үшүр» деп аталат. Түшүм жыйналаары менен үшүр таратылат. Калган үч зекет нисап өлчөмүнө жеткенден бир жылдан кийин берилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш