Главная > Аалымдардын сукбаттары > Дүнүйөдөгүлөр бири-бирин жешет
Дүнүйөдөгүлөр бири-бирин жешет |
* Мазардагылар өкүнгөн нерселер үчүн дүнүйөдөгүлөр бири-бирин жешүүдө. * Адамда кыялдардын, идеалдардын ордун эскерүүлөр ээлеп баштаган болсо карылык башталды дегендик. * Көңүл эмнеге толо болсо ооздон ошолор төгүлөт. * Ушундай адамдарды көрдүм, үстүндө кийими жок, ушундай кийимдерди көрдүм, ичинде адамы жок. * Акча баарын кылат деген адам – акча үчүн баарын кылчу адам. * Сиз калааган кээ бир нерселерге жете албооңуз – бакыттын бир бөлүгү. * Майда нерселерге керегинен артык маани бергендер – колунан чоң иш келбегендер. * Көп адам бакытты мурдуна кийген көз айнегин издегендей айланадан издейт. * Адамдар жасаган жасалма акчалардан дагы акча жасаган жасалма адамдар бар. * Адамдар колунда барды төмөн көрүп, колунда жокту эңсейт. * Тал шамалды кечирди, бирок, бир жолу сынды. * Сөз жүрөктөн чыкса жүрөккө чейин барат, тилден чыкса кулактан ашпайт. * Билгенин билгендин артынан ээрчи. Билгенин билбегенди ойготкула. Билбегенин билгенге үйрөткүлө. Билбегенин билбегенден качкыла. * Гүл сунган колдо дайыма гүлдүн жыты калат. * Зарыл болмоюн башкаларга иш аманат кылынбайт. * Адамдар арасында келишпестиктердин чыгуусунун себеби – ар кимдин дүнүйө пайдасын ойлоп, ошого карай аракет кылуулары. * Каршы чыгуудан күфүр жыты келет. Жарайт деп айтуу рухтун, каршы болуу напсинин каалоосу. * Исламият – жайрат дегендик. Напси – жок дегендик. * Итаат акылдан. Ар акылдан жогору бир акыл бар. * Атак-даңктын адамга бере турчу нерсеси – азап. * Бир ата балдарынын ынтымактуу жашоолоруна ыраазы болот. Аллаху таала да кулдарынын ынтымактуу жашоолоруна сүйүнөт. Андай болсо ар ким менен ынтымактуу болгула. * Каргыш кылуудан абайлагыла. * Адам деген сөз алсыз дегенди билдирет. * Канчалык сүйсөң сүй, бир күнү ажырайсың. Канчалык жыйнасаң жыйна, бир күнү калтырып кетесиң. Канчалык жашасаң жаша, бир күнү өлөсүң. Эмне кылсаң кыл, бир күнү эсебин бересиң. Артка |