Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дүнүйөдөгүлөр бири-бирин жешет




Дүнүйөдөгүлөр бири-бирин жешет


* Мазардагылар өкүнгөн нерселер үчүн дүнүйөдөгүлөр бири-бирин жешүүдө.

* Адамда кыялдардын, идеалдардын ордун эскерүүлөр ээлеп баштаган болсо карылык башталды дегендик.

* Көңүл эмнеге толо болсо ооздон ошолор төгүлөт.

* Ушундай адамдарды көрдүм, үстүндө кийими жок, ушундай кийимдерди көрдүм, ичинде адамы жок.

* Акча баарын кылат деген адам – акча үчүн баарын кылчу адам.

* Сиз калааган кээ бир нерселерге жете албооңуз – бакыттын бир бөлүгү.

* Майда нерселерге керегинен артык маани бергендер – колунан чоң иш келбегендер.

* Көп адам бакытты мурдуна кийген көз айнегин издегендей айланадан издейт.

* Адамдар жасаган жасалма акчалардан дагы акча жасаган жасалма адамдар бар.

* Адамдар колунда барды төмөн көрүп, колунда жокту эңсейт.

* Тал шамалды кечирди, бирок, бир жолу сынды.

* Сөз жүрөктөн чыкса жүрөккө чейин барат, тилден чыкса кулактан ашпайт.

* Билгенин билгендин артынан ээрчи. Билгенин билбегенди ойготкула. Билбегенин билгенге үйрөткүлө. Билбегенин билбегенден качкыла.

* Гүл сунган колдо дайыма гүлдүн жыты калат.

* Зарыл болмоюн башкаларга иш аманат кылынбайт.

* Адамдар арасында келишпестиктердин чыгуусунун себеби – ар кимдин дүнүйө пайдасын ойлоп, ошого карай аракет кылуулары.

* Каршы чыгуудан күфүр жыты келет. Жарайт деп айтуу рухтун, каршы болуу напсинин каалоосу.

* Исламият – жайрат дегендик. Напси – жок дегендик.

* Итаат акылдан. Ар акылдан жогору бир акыл бар.

* Атак-даңктын адамга бере турчу нерсеси – азап.

* Бир ата балдарынын ынтымактуу жашоолоруна ыраазы болот. Аллаху таала да кулдарынын ынтымактуу жашоолоруна сүйүнөт. Андай болсо ар ким менен ынтымактуу болгула.

* Каргыш кылуудан абайлагыла.

* Адам деген сөз алсыз дегенди билдирет.

* Канчалык сүйсөң сүй, бир күнү ажырайсың. Канчалык жыйнасаң жыйна, бир күнү калтырып кетесиң. Канчалык жашасаң жаша, бир күнү өлөсүң. Эмне кылсаң кыл, бир күнү эсебин бересиң.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш